ИИМдин коомдук кооп-суздук кызматынын балдар иштерин координациялоо жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Нуржан АДЫЛОВА Кыргызстанда жаш өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштуулук боюнча төмөндөгүлөргө токтолду.
– ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы бүгүнкү күндө жер-жерлерде балдар арасында кылмыштуулуктуу алдын алуу иштерин жүргүзүп келет. Учурда штаттык бирдиктин жетишпегенине байланыштуу бардык мектептерди камтыш үчүн Бишкектен башка жерде милициянын участоктук инспекторлору балдар менен иштөө милдетин да аткарат. Мурда алар администрациялык участоктор боюнча иштеп келсе, азыр шайлоо тилкелери боюнча бөлүнгөн аймактарда эмгектенишет. Бирок, бардык жерде балдарга басым жасап, өзгөчө иш жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндөгү балдар арасында жасалган кылмыштарга токтолуп кетсем, эки ай ичинде республиканын аймагында жалпысынан 183 кылмыш катталган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 24 пайызга аз. Анын ичинен денеге атайын оор залал келтирүү боюнча 3 факт, уурдоо -113, каракчылык – 2, тоноо боюнча 20 кылмыш катталган. Көбү мүлккө каракчылык кылгандар, өзгөчө телефон тартып алгандар, анан дүкөндөрдөн азык-түлүк уурдоо.
Ал эми балдарга карата жасалган кылмыштар, тилекке каршы, 2024-жылдын 2 ай ичинде былтыркыга салыштырмалуу 32, 8 пайызга өскөн. Былтыр эки айда 210 кылмыш катталса, быйыл ошол эле убакытта 279 болду. Атайылап ден-соолукка залал келтирүү – 3, зордуктоо – 22, уурулук – 115, тоноо – 32, каракчылык – 1.
2022-жылы балдар арасында жалпысынан 1698 кылмыш катталган болсо, 2023-жылы 1552 факт катталган. Ал эми балдарга карата жасалган кылмыштар 2022-жылы 1790 болсо, 2023-жылы 1832 болуп, 42 кылмышка өскөн.
Жалпысынан талдасак, балдарга карата жыныстык мүнөздө жасалган кылмыштар 2024-жылдын 2 айында эле 48 фактыга жеткени өтө өкүнүчтүү. Анын ичинен зордуктоо – 22, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер боюнча – 4, 16 жашка толо элек өспүрүм менен жыныстык катынашка баруу – 16, ыпылас аракеттер боюнча 6 факт катталган.
– Сиздин оюңузча, балдарга карата зомбулук, анын ичинде сексуалдык зомбулуктун күч алуусу эмнеден улам болуп жатат?
– Биз буга чейин балдарды үйдөн алыс чыгарбагыла деп коргоп жүрсөк, азыр үй кооптуу жай болуп калды. Себеп дегенде сексуалдык аракеттер көбүнчө үйдө, өзү жашаган жайда болуп жатат. Мурда өгөй атадан чочуласак, азыр бир тууганы, таятасы, чоң атасы, атасы ж.б жакындары зордуктоодо. Мындай ыпылас ишти көп учурда жакын адамы жасаганы акылга сыйбай келет.
Менимче, бул эркектин алсыздыгы, арсыздыгы, намысы жоктугунан болууда. Себеби, өз канынан жаралган чүрпөгө же жакын тууганы – жээни, небереси, келинине кол салуу бул башка өзү курдуу аялдар менен сүйлөшө албаганын, алсыздыгын көрсөтөт. Мээсинде “ата” деген сезимдин жоктугу, макоолугу. Балким, телефон таасир берип жатабы деп да ойлойм. Кыргыз аталардын улуттук баалуулукту жоготуп маңкурт болуп баратканына ичиң ачышат. Абдан өкүнүчтүү, акылга сыйгыс иш.
Кээде өспүрүмдөргө эле эмес, аял кишиге карата сексуалдык кылмыш жасалганда да, ал маалымат коомчулукка жайылып кетет деп коркуп, арыз жазбаган учурлар жок эмес. Бирок, бизде маалыматты купуя сактоо деген бар. Аларды арыз менен ар кайда жибербей, бир жерден көмөк көрсөтүп, басмырлоого жол бербөө принциби менен иштейбиз. Телефондон 102 номурун терип, жалпы милиция кызматына кайрылса, 111 номуру аркылуу балдарга жардам беребиз. Телефон чалынса, ыкчам келүү аракетин көрөбүз. Азыр Бишкек шаарында кайгуул милициясында да кабыл алуу болуп жатат, алар да иштешет. Мындан сырткары, ар бир адам кайдигер болбой, айлана-чөйрөгө сергек мамиле жасаса, канчалаган тагдырларды сактап калат элек. Бир жерде кыйкырык чыгып жатса да, камырабай кетип калгандар болот. Антпей, 102ге кабарлап коюшса жакшы болор эле. Ар бир адам “Бир күнү менин жакын адамым ошондой мамилеге туш болсо, кандай болот?” – деп ойлонушу кажет.
– Мындай кылмыштардын алдын алуу үчүн кандай аракеттер болуп жатат?
– Ички иштер министрлиги милдеттүү түрдө укук-ченемдик актылардын негизинде жеринде алдын алуу иштерин жүргүзөбүз, ал биздин негизги ишибиз. Бул багытта өтө чоң жумуштар жасалууда. Жер-жерлердеги кызматкерлерге биз атайын усулдук китептерди таратабыз. Жеринде жумушту кантип жакшы алып барса болот, кайсы нукта аракет жасоо керектигин түшүндүрөбүз. 2021-жылы көлөмдүү колдонмо жарык көрдү. Мында зомбулукка кабылган балдар үчүн укук тартибин жана сот адилеттигин сактоо боюнча эл аралык документтер камтылган. Эң башкысы, участоктук милициялар балдар менен кандай жумуш алып баруусу керек, алдын алуу, балага мамиле жасоо, кандай жүрүм-турумда, кандай тилде баарлашуу жүргүзүү керектиги жана башка маалыматтар көп. Ошол эле учурда аялдарды, кыздарды кантип зомбулуктан коргойбуз деген сыяктуу маселелерди камтыган колдонмолорду жөнөтөбүз. Жаңы келген кызматкерлерге ушул багытта түшүндүрүү иштери болот. Жеринде тегерек столдорду өткөрөбүз. Өспүрүм балдар сабактан тышкары убакта бош жүрбөсүн деп, ар түрдүү конкурстарды да уюштурабыз. Айыл өкмөт, жергиликтүү бийлик менен биргеликте кооптуу жайларга плакаттарды илебиз. Өзгөчө жайында сууга чөгүп кетүүлөр көп болот. Антип жатсак, короосунда, өз үйүндө кырсыктар болуп кетет.
2023-2024-окуу жылдарына мектеп арасында кылмыштуулук же укук бузууларды болтурбоо үчүн план түзүлгөн. Демилгечи биз болуп, ага 5 мекеме — билим берүү мекемеси, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, саламаттык сактоо органдары, ӨКМ болуп министрликтердин деңгээлинде кол койдуруп алып, ошонун негизинде жумуш алып барабыз. Ар жерде жолугушуулар болот, мектептерге атайын пландын, графиктин негизинде ар бир класска лекцияларды окуйбуз, биргеликте жумуштар жүргүзүлөт.
Укук бузууларды алдын алуу негиздери жөнүндө мыйзамдын негизинде Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” улуттук план кабыл алынган. Мына ошонун алкагында ИИМ демилгелеп бардык жерлерде форумдар өткөрүлүп жатат. Мурда бул маселеге милиция эле жооп берсе, азыр социалдык кызмат, прокуратура, УКМК, саламаттык сактоо, билим берүү органдары сыяктуу 9 субъект жооп берет. Бул да болсо жоопкерчиликти күчөтүү, балдардын көйгөйлөрүн кайдигер калтырбоо.
– Жаш өспүрүмдөрдүн кылмыш жолуна баруусунун негизги себеби эмнеде болууда?
– Негизи көпчүлүк кылмышты жашоо-шарты начар, жетишпеген үй-бүлөнүн балдары жасайт деп ойлошот. Жок, бул социалдык абалга көз каранды эмес. Эне-атасы бар, толук үй-бүлөнүн балдары да мындай иштерге аралашып келүүдө. Мунун эң эле негизги себеби – эне-ата менен баланын баарлашуусунун жоктугу. Албетте, ар бир ата-эне баласы үчүн колунан келгендин баарын жасайт. Бирок, аларды камсыздайм деп, күн-түн иштешип, уул-кыздарына убакыт бөлбөй калышат. Өспүрүмдөр болсо башка чөйрөдөн жакшы мамилени издеп кетет. Ошентип, алар дос таап, анын дос-тору менен таанышып, айтор, ар кандай туура эмес топторго киришет, жаман жолго басышат. Албетте, материалдык себептен улам да кылмыштар болот. Маселен, “мунун “айфону” бар, менде эмнеге жок” деген ойдон да кылмыштар жасалат. Кыскасы, биз тойго жана башка иштерге убакыт табабыз, бала менен сырдашууга убакыт таба албай жатабыз.
– Кылмыш кылган балдардын укугу кандай корголот?
– Албетте, балдардын укугун коргоо эң башкы милдеттерибиздин бири. Жашы жете электер кандай кылмыш кылбасын, аларга карата басым жасалбайт. Бул Конституция-да каралган. Балага аярлуу мамиле кылабыз, баланын психикасына терс таасирин тийгизбесин деп кайра-кайра сурак жасалбайт. Себеби, ал толук кандуу калыптанып бүтө элек адам. Аны оң жолго салуу аракетин көргөнүбүз туура.
– Канчасы оңолуп, жакшы жолго түшүп кетет?
– Алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштерге карабай, тартип бузган, кылмыш иштерине барган өспүрүмдөр бар. Эгерде ал соттолуп, шарттуу түрдө чыгарылса, алар менен пробация кызматы иштейт. Ал эми соттолбой, атайын каттоодо турган балдар менен биз жеке профилактикалык иштерди жүргүзөбүз. Эне-атасынын көзүнчө сүйлөшүп, 3 айдан 6 айга чейин көзөмөлгө алабыз. Баланы түз жолго алып баруу боюнча бардык күч-аракетибизди көрөбүз. Атайын профилактиканын негизинде бүгүнкү күндө каттоодо 2000ден ашык бала турат. Булар токтомдун негизинде комиссиянын корутундусу менен каттоого алынгандар.
Жакында эле бизге бир ардагер кайрылган. Анын кесиптешинин баласы үйүнө келбей, көчөлөп калыптыр. Биз аны жашы жете электер абагына, оор абалда жашаган балдардын үйлөрүнө алып барып көргөзгөндөн кийин бала өзгөрдү. Ата-энесинен кечирим сурап, жакшы жолго түштү. Мындай иштер жакшы сезимдерди жаратат. Муну мен жакшы билем, өзүм инспектор болуп иштегем. Бул биздин түздөн-түз милдетибиз.
Ушул сыяктуу балдарга социалдык роликтерди көрсөтүп, сценаларды аткартып, жакшы балдардын ролун беребиз. Мектептин мугалимдери жардам беришет. Ар бир инспектордун өзүнчө методикасы бар. Маселен, кээ бирөөлөр 10 балага китеп таратып, ким аны окуп, жакшы айтып берсе, белек берем деп коет. Көп учурда билим күнү, жаңы жыл сыяктуу майрамдарда инспекторлор өздөрү иштешкен балдарга эже, эне катары өз ыктыяры менен өз каражатынан буюм же азык-түлүк алып берген учурлар көп. Бул эми адамдык фактор.
– Балдардын оор тагдыры ар бир адамдын жүрөгүн ойготчу көрүнүш да, алар эстен чыкпай калса керек ?
– 1996-жылы «Вечерний Бишкек» гезити менен бирге рейдке чыкканбыз. Озерное деген айылда бир жалгыз бой аял 3 баласы менен жашачу. Барсак, 3 бала өздөрү калыптыр. Бир баласы 6, бири 10, кичүүсү эки жарым жашта. Энеси ичкиликке жакын эле, өзү жок, үй ачык, чачык. Кичине баласы жерде жаткан нандын күкүмдөрүн терип жеп жүрүптүр. Бала биздин көзүбүзчө күкүм менен кошо өлүп жаткан куртту жеп сала жаздады. Ошол аялды акыры энелик укуктан ажыратууга туура келди.
Дагы бир жолу Маевка айыл өкмөтүндө иштеп жүргөндө бир үй-бүлөгө барып, зээним кейиген. Өспүрүм бала чийки кабырганы мүлжүп олтурганы эмдигиче эсимде. Ушундай окуялар жүрөгүңдө калат.
Бир жолу үйгө сантехник чакырып калдым. Формам деле көрүнүктүү жерде эмес болчу. Эки сантехник келиптир. Бири: «Командир, кутман күн», – деп калды. «Кайдагы командирди айтасың?» деп коём. Көрсө, мен Аламүдүн районунда иштеп жүргөндө тартип бузуп, каттоого алынган көп балдарды атайын мектепке киргизгем, ал жерден кесип алып чыгышчу. Ошолордун бири экен. «Билесизби, сиз мени окууга жиберип, ошол жерден кесип алгам. Эми анын пайдасы тийип, балдарымды багып жатам. Сиз болбосоңуз, мен уурулук менен жүрүп, түрмөгө түшмөкмүн», – дейт. Апасы аябай ичимдикке жакын, атасы жок бала эле. Беш бир тууган болчу, ошондон кийин эстедим.
Балдар менен иштеген абдан жакшы. Алар менен тазарып, бала болосуң. Канча баланын тагдырынын өзгөрүшүнө салым кошосуң. Мурдагы убакта бала көчөдө калса, боорубуз ооруп үйгө жаткызып койчубуз. Канча цыган балдарды жуунтуп, бут кийим алып бердик. Азыр анте албайбыз, мыйзам боюнча 3 саатка чейин ата-энесин таба албай калсаң, жаш өспүрүмдөрдү убактылуу кармоочу борборго алып барабыз. Анан жакындарына 24 сааттын ичинде тапшырабыз. Түнкү саат 2де баламды кармап, камап салыптыр дегендер бар. Телефон чалсак, албайт, көчөгө таштап кое албайбыз. Ал жер эл аралык стандарт менен салынган жай. 3 маал тамагын берип, ата-энесине тапшырабыз.
Жумагүл БАРКТАБАСОВА, «Кыргыз Туусу»