Кыргызстанда бүгүнкү күндө Ата Мекендик согуштун 40 ардагери калды. Алардын бири жазуучу жана акын Асек Урманбетов.
Асек Урманбетов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында төрөлгөн. 1942-жылдын жазында фронтко аттанган. Бир жыл машыгуудан кийин ал 735-аткычтар полкунда кенже лейтенант чинин алып, взводдун командири болуп дайындалат. 1943-жылы декабрда Белоруссиядагы Ярыга кыштагынын жанында салгылашууда душманга жакындап барып, бир нече граната ыргытып, аскерлерге чабуул коюуга шарт түзөт. Ал эки бутунан оор жарадар болуп, узак дарылоодон кийин дарыгерлер бир бутун кесип салууга аргасыз болушкан,1944-жылы август айында мекенине кайтып келген.
Берилген буйрукту так аткарып, айылдарды, шаарларды фашисттик баскынчылардан бошоткондугу үчүн Асек Урманбетов Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Үч уул, үч кыздын, 40тан ашык небере-чөбөрөнүн чоң атасы.
Мен бул кишини 15 жылдан бери билем десем болот. Башында шыңга бойлуу, бас-кан-турганы шайдоот бул адамдын бир буту протез экенин билчү да эмесмин. Колунда таягы болгону менен ага күчүн салбай жеңил басчу. Анын уулу кадимки обончу Советбек Урманбетов да “Атам курдуунун көбү мындай бут менен баса албай, жеңил жыгач бут кийип алчу. Атам болсо өмүр бою протез менен келет. Анын дени сак болду, сууда абдан жакшы сүзчү. Кыштын күнү тумак кийчү эмес, мотоцикл менен келгенде, кулагына тоңгон музду түшүргөнүбүз али да эсимде. Кызыл Суу, Дархан, Полян айылдарында башкы бухгалтер болуп, Сарууга барып-келип иштеп жүрдү. Мүнөзү өктөм, туура эмес сүйлөп албасак экен деп тартынып турабыз”, – деп айтып олтурду.
Кызы Майрамгүл эже да, уулу Советбек агай дагы азыркыга чейин көзү жакшы көрбөгөн атасынан айбыгып, терең урмат көрсөтө турганын байкадым. Уулунун айтымында, Асек атанын апасы жалгыз уулу кан күйгөн согуштан кайтпай калбаса экен деп чочулап, аман-эсен көрүүгө ашыгып, “Баламдын оң бутун алып кал, өзүн аман-эсен кайтара көр” деп тилей берген экен. “Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында дегендей, ушуну өзүм тилеп албадымбы”, – дечү экен, эне эстеген сайын узун сабак кыла.
Асек ата операция болондон кийин 25 саат эс-учу жок жатканын айтып берди: “Ошондо мени өлүктөрдүн катарына кошуп коюшкан экен. Жатсам, чоң атам Мамырбай түшүмө кирип, “Сени күтүп жатышат, жашашың керек. Бар, ата-энеңе жардам бер” дегенде көзүм ачылып кетти. Көрсө, мени госпиталдагылар өлдү деп эле ойлошкон экен, орус офицери сен өлбөдүң беле кантип тирилдиң деп абдан таң калды”, – дейт.
Быйыл ардагер жүз бир жашка чыкты. Алдыда 2025-жылы Жеңиштин 80 жылдыгына катышсам деген ак тилеги бар. Ал коронавирус менен катуу ооруп, андан да аман-эсен айыгып кеткен. Ошентсе да, ошондон кийин көрүүсү начарлап калган. Азыр ардагер араң басып, коляска менен жүрөт. Бирок ошого карабастан, кайраты кадимкисиндей, турган турпаты, өзүн алып жүргөнү тың.
Асек Урманбетов 75 жашка чыкканда чыгармачылыкка аралашып, ыр жаза баштаган. Азыр ал прозаны да, поэзияны да камтыган алты китептин автору. 2004-жылы жардамга муктаж адамдарга колдоо көрсөтүү максатында «Ак жол» коомдук фондун уюштуруп, кары-картаңдарга, майыптарга, жумушчуларга, кароо-суз калган балдарга, жаш үй-бүлөлөргө, бала бакчаларга, мектептерге жардам берип, баш-аягы 4 млн. сом тапшырган. Ал азыр да дүйнөдөгү жаңылыктардан кабардар болуп, адамдарга кандай жардам бере алам деген ойдо.
Бутум баспаса да элге кызмат кылсам деп аракет кылдым. Адам кайда жүрбөсүн,өз ишин так аткарып, таза жүрүшү шарт. Негизи ар бир адамдын жашоосу өз колунда, баарын өзү жасап алат. Аракети кандай болсо, жашоосу ошондой болот. Эң башкысы тынчтык болсун. Тынчтык – элдин байлыгы, таалайы, бактысы. Ошону көбүрөөк тилешибиз керек. Согуш эмне экенин көрдүк, билдик, согуш кара жерге кирсин, болбосун. Азыр Президентибиз элдин турмушун оңоюн деген тилеги бар, ага жардам берүүнү ойлошубуз зарыл. Мен карып, баса албай калдым, ошентсе да, Мекениме кандай кызмат кылам деп ойлоном. Муну ар бир адам ойлонушу керек”, – дейт кылымды аша жашаган кутман карыя.
Жумагүл БАРКТАБАСОВА,“Кыргыз Туусу”