98 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Арстанбеков Араке Талас облусу боюнча жападан жалгыз согуш ардагери.
Ал 1926-жылы кеч күздө туулуп, аскерге 1944-жылы күз аяктап баратканда 18 жаш курагында чакырылган. Алматыда үч айлык согуштук машыгуудан өтүп, 1944-жылы январь айында СССРдин төрт жолку баатыры Г.К.Жуков командачылык кылган 1-Белорус фронтунун курамында согушка кирген. Белорусия менен Польшаны бошотууда «Каармандыгы үчүн», Германиянын борборун штурмалоодо «Берлинди алгандыгы үчүн» медалдары менен сыйланган.
-Дивизиянын командири генерал-полковник Малиновский, полктун командири полковник Волков, командир ротабыз ленинграддык капитан Орехов эле. Алгачкы жолу согушка Осипович шаарында катыштым. Андан кийин Бобруйск, Минск жана башка Белоруссиянын шаарларын бошоттук. Өлүмдөн аман калган немистер Польшага кире качышты. Биз артынан кууп барсак, алар каршы алып, жан аябай салгылашып, кайра атыштык. Курчап алуу аракетин көргөнүбүздө немистер кайра качышты. Немистерди кууп Польшанын Висла дарыясынан көпүрөдөн өткөнбүз. Эльба дарыясынан болсо сапёрлор жасаган паром (сал) менен түндө өттүк. Жыгачтан жасалган салдын чоңдугу үйдүн ордундай бар, ортосуна пушкаларды жүктөп, эки четиндеги тросту жыйырмадан, кырк солдат тартып өттүк. Душмандар улам жолубузду тоскондо согушуп жүрүп, акыры Одер дарыясынан да өттүк. Ошол жерден союздаштарыбыз менен жолугуп, алар биздин бутубузга жаңы өтүктөрдү, аскердик техникаларды беришти. Биз согушка жаңы киргенде киши башына курал жетпей, эки жоокерге бир мылтык болчу. Анан өлүп калган немистердин куралын алып атышчубуз. Машинадан ЗиЛ жана Полутарка эле болгон. Америкалыктар бизге анан Студебаккер машиналарын беришти. Одер менен Берлиндин ортосу 50 чакырым чыгат. Немистерди кууп Берлинге киргенибизде катуу каршылыктарга кабылдык. Ошого карабай душмандан шаарды тазалап, согушуп жаткан немистердин өлгөнүнөн калганы Румыния, Италияга качып кирип кетишти, – дейт согуш ардагери өткөндү эскерип.
Жеңиштен кийин Араке аксакал кызмат өтөгөн аскердик бөлүк Белоруссиянын аймагында жайгаштырылып, 1950-жылга чейин кызмат өтөгөн. Куттуу мекенине аман-эсен кайтып, эл-жерине Улуу Жеңишти апкелген менен, жүрөгүндө айыкпаган так кала берди. Анын себеби ал да Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда миңдеген советтик адамдардай эле эң жакын адамынан, бир тууган агасынан ажырап калган.
1939-жылы аскерге чакырылып, Украинада чегара бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан агасы Өмүрбектен «2-3 айда үйгө барып калам» деген кат келип, анан эле согуш башталып, дайын-дарексиз кетет. Ал убакта Араке Арстанбеков 13 жашта эле. Согуш бүткөндөн кийин да агасынын эч жерден дайыны чыкпай, акырында түңүлүп, көкүрөгүндө сактап жүргөн агасынын ысмын жаңы көз жарган чебиресине коёт. Арадан 2-3 жыл өтүп, КТРдин «Кайдасың?» берүүсү агасы жөнүндө маалымат табат. Көрсө, ал душмандар менен чегарада согушуп, аскердик бөлүгү талкаланганда, партизандарга кошулуп, аягында душмандын колуна түшүп концлагерде каза болуптур…
Согуштан кайтып келген соң Талас шаарындагы кийим тигүү фабрикасында, андан кийин Бейшеке колхозунда эмгектенип, пенсияга чыккан. Азыр Кара-Буура районундагы Бакыян айылында жашайт.
2007-жылы орус жарандыгын алып, Россияда согуштун ардагерлерине медициналык камкордук жакшы болгондугуна байланыштуу Екатеринбург шаарындагы кызынын колунда жүрдү. Жүргөндө кандай, барып-келип, медициналык камкордуктарын алып дегендей, ден соолугуна байланыштуу барып-келген учурлары болду. Мына ушул убактарда Улуу Жеңиштин урматына майрам уюштурган райондук, облустук бийликтин өкүлдөрү кашайып, согуш ардагери Араке Арстанбековду атайылап эле бир топ жыл «унутуп» коюп жатышты. “Ал орус жараны” да дешти. Кан күйгөн согушка ушул айылдан аттанганын, Жеңиш менен аман-эсен кайтып келген соң, калган өмүрүн айылда өткөрүп, колхоздун жумушуна арнаганын эске алышкан жок. Карыя ошентип айыл эле эмес, бүтүндөй Талас облусу боюнча саналуу согуш ардагерлеринин катарынан чыгып калды. Бул окуя аны абдан эле кызык абалда калтырды. Душмандын огунан селт этпеген Араке аксакалды чолок ойлуу мамчиновниктердин бул акылсыз жоругу жүрөгүн оорутту. Арсыздар, арсыздык үчүн кейиди, ызаланды… Кыргыз Республикасынын жарандыгын кайра калыбына келтирди. Ошондон кийин гана жергиликтүү бийлик эсине келип, Жеңиш күнү согуштун ардагери катары кабар ала башташты.
Карылык деген карылык. Жылдар өзүнүкүн албай койбойт экен. Айылдан чыккысы келбеген менен, кээде ден соолугуна каралап, 5-6 айлап шаарда жүрүп калат. Ошентип, Араке аксакал ден соолугуна байланыштуу Бишкек менен Таластын ортосунда өмүрү өтүүдө. Кышында дайыма шаарда. Жаз келип, күн жылымдаганда, Араке аксакал өзү айткандай «Жамбылдай болгон Бакыянына «качып» келип, жаз менен кошо келген Жеңиш майрамын айылда небересинин үйүндө тосот. Негизи ушул небересинин колунда. Кыргыз карыяларына, өзгөчө айылдыктарга мүнөздүү көрүнүш – жашоого бардык шарты бар мегаполиске караганда элетти артык көрөт. Муну нукура айылдыктар гана түшүнбөсө, көбү аңдабайт.
Беш кыз, үч уулду тарбиялап чоңойтуп, бактылуу карыялык өмүр сүргөн согуш ардагеринде бара турган жери арбын. Антсе да, үй ээси болуп жүргөн адам Бишкекте да “өз үйүм, өлөң төшөгүм болсо” деп кыялданат. Ушундан улам, шаардык бийликке кайрылып кат жазган. Жаш курагы жана согуштун ардагери катары «Бишкектен үй бергиле деген өтүнүчү» 1,5 жылдан бери каралбай жатат. Кезеги такыр жылбай койду. А жылдар болсо өтүп жатат. 99 жаш болбосо да, балким 100 жылдык юбилейиме карата шаар бийлиги куттуктап үй тартуулап калгысы бардыр деп тамашалап калат.
Болотбек Таштаналиев, «Кыргыз Туусу»