Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жана анын расмий басылмасы “Эркин Тоо” (Кыргыз Туусу”) гезитинин 100 жылдыгы белгиленет. “Эркин Тоо” – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун өйдөдө өбөгү, ылдыйда жөлөгү болгон. Туңгуч өкмөтүбүздүн жалгыз “Эркин Тоодон” башка идеологиялык куралы да жок эле. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун күндөлүк иш-аракеттери, чечимдери, токтомдору, өнөр-жайынын өнүгүшү, маданият, эл чарбасы, тап күрөшү, айрыкча аялдар укугу, билим берүү, сабатсыздыкты жоюу ж.б.у.с. багыттарда мамлекеттин саясатын алып баруу ушул “Эркин Тоого” жүктөлгөн.
“Эркин Тоо” гезити билим берүү, мектептерди уюштуруу, мугалимдерди даярдоо маселесине өзгөчө көңүл буруп, дээрлик ар бир санында күйүп-бышып жазып турган. Тагыраак айтканда, калктын сабатын ачуу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун өкмөтүнүн негизги жана артыкчылыктуу саясаты болгон. Мамлекеттин бардык аракети, ошол учурдагы жүргүзгөн идеологиясы ушуга багытталган десек болот.
Мындай шарттарда “Эркин Тоо” гезити элибиздин туңгуч алиппеси катары кызмат кылган. Анткени, окуу куралдары, китеп-дептер, дос-ка, парта дегенден ныпым жок эле. Республика боюнча мугалимдерди чукул даярдоо курстары уюштурулуп, алар өздөрү алгач кат таанып, андан кийин жер-жерлерге барышып, аткана, кампа, бирөөлөрдүн тамдарында, жайкысын боз үйдө мектеп ачышып, “Эркин Тоону” окуу куралы кылып алышып, элдин сабатын жоюшкан. Алардын доскасы да, дептери да кадимки эле ак чопо болгон. Китеби “Эркин Тоо” эле. Гезиттин андагы сандарын карап отуруп, билим берүүгө багытталган, бул жааттагы толуп жаткан көйгөйлөрдү козгогон көптөгөн маалыматтарды табасың.
Бар кайрат, күч-кубат, мал-жан окууга жумшалсын!
“Эркин Тоо” гезитинин 1924-жылдын 25-ноябрындагы №2 санына Сыдык Карачевдин “Окуу жана эл мектептери” аталган макаласы жарыяланган. Макалада кыргыз-казак калкы көчмөндүк турмушта жашап, окууга анча маани бербегени, падышалык Россия элдин сабатын ачууга аракет кылбаганы, тескерисинче мектеп ачып бала окуткан татар мугалимдерин кысымчылыкка алып, таптакыр тыйып койгону, тескерисинче, динди жайылтууга кам көргөнү тууралуу айтып келип, мындай деп сыздап жазат:
…Жер-жердеги мектептер төңкөрүш эпкини менен салынып, чала-була жасалып, бул күнгө дейре «ат кепе» болуп жатат. Барып өз көзүң менен көрсөң ыйлар, күлөрүңдү билбей аң-таң каласың. «Мектеп» дегендери үстү жабылбай, устундары жетишпей эшигинин бир жагы болсо бир жагы жок, тизген кирпичтери жаан-чачында урап, атам замандан калган күмбөздү эске түшүрүп көңүл айнытат.
Кай бир айылдарда андай эмес, мектеп бар. Балдар чуулдап окуп жатканын көрөсүң. Бирок мында да жасалчу иштер чачтан көп. Мектеп үйүнүн ичине кирсең асты тактайсыз, чаң-топурак, терезеси болсо да айнеги жок. Каршы-терши шамал уруп, мектептин ичинде куюн ойнойт. Балдар олтура турган парта жок, дөңгөч, кирпич. Алардын үстүндө өңдөрү бузулуп чочоюп олтурган, айбалыдай балдарды көрөсүң. Кыштын кырчылдаган катуу суугунда тиши-тишине тийбей кылчылдап отурган окуучулардан, окутуучудан келе турган пайда баарыга маалим болсо керек… Ушу күндөн баштап калың журтка окуунун пайдасын түшүндүрүп мектептердин камын көрүү керек. Биздин окутуу, калк агартуу жумушубуз ушул тейде жүрүп отурса, «баягы, баягы бай-кожонун таягы» болуп каларыбызда талаш жок.
Кыргыз калкы ичинде болуп келе жаткан той-аш, ат чабыш, жорго салыш сыяктуу иштерди окуу жолуна, окуу пайдасына жумшоо керек. Ошолордон түшкөн пайданы мектепке сарп кылып «эски күмбөз» болуп жаткан мектептерди күлүп-жайнаган окуу журтуна айландыруу үчүн бардык ак жүрөк, адал ниеттүү азаматтар жалпы-жайык умтулуп, жеңди шымаланып ишке киришүү керек.
Кыргыз ортокчул азаматтары!
Ар жерде, ар иште жол башчылык кылып, жол көрсөтүп, караңгылык чоңдугун журт үстүнөн жоготуу силердин милдетиңер.
Окуу иштерин жаткан-турган чагыңарда да эске алып, элге мектеп ачуу, окутуу биринчи кезектеги аткара турган карызыңар экендигин унутпагыла! Окуу ишине салактык (шалаакылык) кылсаң эртеңки күндө «Анжиянга» айдалган малдан жаман экениңди унутпа! Бар кайрат, күч-кубат, мал-жан окууга жумшалсын!
Карач
Ферганада кыргыз мугалимдерин даярдоо курсу жайынан
“Эркин Тоонун” ушул эле санында “Ферганада кыргыз мугалимдерин даярдоо курсу жайынан” аталган маалыматта Жалал-Абадда мугалимдерди даярдоочу үч айлык курс ачылганы, аны 15 мугалим бүтүрүп чыкканы айтылат. Мынчалык аз даярдалып калганынын себеби, мугалим болууга даярдыгы бар адамдардын аздыгы менен түшүндүрүлөт. Андан соң курс «Ошко» көчүп, 66 адам окуп жаткандыгы белгиленет.
…Булардын көбү кошчу кедейлердин балдары, маалыматтары жаман эмес. Январга чейин токтолбой окулса дагы 25-30 мугалим чыгар деген ой бар. Курстун жанында окууканасы бар. Мында өзбек, казак гезиттери келип турат. Башка да жаштарга маалымат берерлик китептер бар.
Курсанттар турмуш жагынан азыр кысылыңкырайын деди. Себеби көбү кедей болуп кыш жакындаган соң, кийим, төшөк начар болгондуктан ушу күндөрү акыбалдары кыйын.
Анын үстүнө атайын мектеп болбогондуктан жаткан жеринен бир талай алыс жердеги орус мектебине барып окутулат. Кыш күнү кийимсиз курсанттарга алыс барып окуунун өзү кыйын. Эми турмуш жагы түзөтүлүп бери чети январга, ары чети жазга чейин окутулса, Фергана кыргыздары, жаңы мугалим, жаңы мектепке ээ болуп калышында талаш болбосо керек.
«Мугалим»
Жаңы мектеп
Гезиттин ушул эле санында билим берүүгө байланыштуу “Жаңы мектеп” аталган маалымат жарык көргөн. Мындан көрүнүп тургандай “Эркин Тоо” гезити дээрлик алгачкы сандарынан тартып эле, билим берүү маселесин ошол учурдун өтө маанилүү саясаты катары алып чыкканын байкоого болот. Маалыматка келсек, ошол жылдын сентябрь айында Кокон «үйөзүнүн» Лейлек, Нойгут-Кыпчак болуштарындагы кыргыздар үчүн 90 балалуу жаңы мектеп ачылганы айтылат.
…Бул болуштардын тегерегинде басмачы коркунучу болгондугу себептүү мектеп «Аспара» болушунун базарына жакын жерге жайланды. 15-октябрдан окуу башталып, быйылкы Ош кыргыз мугалимдерди даярдоо курсун бүтүрүп чыккан эки мугалим мектепке баштык болуп окутуп жатат. Мектеп каражатын элдин өзү берип турат. Бирок мектептин ар жагынан кемчилиги көп.
Мурат Салж
Башкарма (Редакция): Фергана кыргыздарынын окуу, окутуу жагынан көп артта калганын эске алып, жаңы курулган кыргыз өкмөтү Ферганага көбүрөөк назарын
салсын!
Кыргызда окуу жумушу эмне үчүн жүрбөй келген?
«Эркин Тоо»” гезитинин 1924-жылдын 10-декабрындагы №3 санынын «Агартуу жайынан» рубрикасынын алдында тємєнкү маалыматтар жарыяланган. “Кыргызда окуу жумушу эмне үчүн жүрбөй келген?» деп аталган көлөмдүү макалада “окуу жумушунун башына ылайыксыз адамдар коюлуп келгендиги окуу иштерине кедерги болуп жаткандыгы» деп айтылат.
…Мындай салкындыкты таштап, ишке ынталуу, ылайыктуу адам коюлуп, ал адам кийин жооп бергендей болуу керек.
Ушу күнгө чейин калк, мугалимдердин айлыктарын шартнама (договор) боюнча бербей, мугалимдер болсо ач болуп балдарды жакшылап окута албай келди. Муну таштап шартнама боюнча айлык акчаларын берип туруу керек. Муну жердеги өкүмөт текшерип турушу керек. Окуп жаткан мектептерди көпчүлүк жардам кылып, оңдоп түзөтүүгө тийиш. Анан бир аз мугалимдер болсо, алардын көбү өкүмөткө кызыгып болуш, милиция болуп, тапанча асынып кеткен окшойт. Аларды тездик менен эсепке алып, ар кимди өзүнүн ордуна пайдаланыш керек. Сабатсыздыкты жоюуга ар бир мектептин жанында кечки окуу (курс) ачып кат тааныбагандарды кат таанытууга
киришилсин.
Токбай уулу
Сабатсыздыкты жоюу керек
Кызыл мугалимдер түрдүү себептер менен өздөрүнүн мугалимдик иштерин таштап, баары Кеңеш кызматына кирип кеткен түрү бар.
Мисалы: өткөн жазда, окуучулардын дем алыш убактысында «Каракол» үйөзүнө барсам эң күчтүү, кубаттуу мугалимдердин көбү болуш, аткомдун төрагасы, партия уюмдаштыруучу, союз кошчу уюмдаштыруучу болуп кызмат кылып жүрөт.
Айыл-кыштактардагы балдарды жыйнап, мектептерди ачып, даярдап коюп, мугалим аз деп кеңгиреп желип жүргөндөрдү көп көрдүм. Мындай көрүнүш башка үйөздөрдө дагы толуп жатса керек.
Ушу баштан өкмөт башындагы азаматтар мунун тийиштүү чарасына кирбесе, калк мектептери жабылып, батырактардын балдары окубай, баштакыдан жаман кара талаада калмак болду.
Рахим Мурзаке уулу, «САКУУ»