Мамлекеттеги мыйзамдуулук жана андан келип чыккан өнүгүүнүн башаты таза шайлоолордон башталат. Бул – аксиома. Анткени, таза шайлоо болгон учурда гана бийликке таза адамдар келип, алар таза иштешип, бийликтегилер шайлоочулар алдында милдеттүү болушуп, берген убадаларына туруп, аларды аткарганга аракет кылышат.
Андан да терең карап, ой жүгүртсөк, демократия өнүккөн, калкынын укуктук сабаттуулугу жогору мамлекеттерде жарандардын (электораттын) өз добуштарын сатуу, шайлоодогу берилген добуштарды бурмалоо жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес.
А бирок, өз алдынча мамлекет болгондон кийин бизде улам кийинки шайлоолор мурдагысына караганда бийликте тургандар тарабынан көбүрөөк бурмалоолорго, бузууларга тушукту. Ошондон улам, кийинки шайланган бийлик мурдагысынан начар болуп жана бийлик алмашуу төңкөрүштөр менен коштолуп жатты.
Бул макалабыз 2002-жылдагы ошондой мыйзамсыздык жөнүндө болмокчу.
Ашыкча бюллетень салмай, добуштардын санын бурмаламай “улуттук салтпы”?
Өз алдынча мамлекет болгонубуздан кийинки шайлоолордон улам бала кезде уккан сөз эске түшөт. 1970-жылдары айылыбызда сөзмөр, көп окуган жана көптү көргөн, дайыма калыс сүйлөгөн Капал аттуу абабыз бар эле. Ошол абабыз бир жолу революцияга чейинки шайлоолор (бий, болуш шайлоо) жөнүндө айтып берген. Бала кезде укканыма анчалык маани бербегеним менен кийин шайлоолордогу массалык түрдө бюллетендерди салып жиберүү, шайлоочулардын тизмесин бурмалоо менен аларды бир нече участоктон добуш бердирүү (“карусель”) сыяктуу иштер жүрө баштаганда гана эсиме келди.
– Илгери эл сабатсыз болгондуктан шайлоо убагында бий же болуш кызматына коюлган эки талапкер үчүн добуш берүүдө бюллетень ордуна эки түстөгү таштар пайдаланылчу, – деди ошол абам. – Айталы Эшматка добуш берчүлөр ак таш ташташса, Ташматка добуш берчүлөр кара таш ташташчу. Бирок, айрым шумпайлар таш көбөйүп калган кезде чөнтөгүнө ашыкча таш сала келип, байкатпай таштап жиберишчү.
Анан дагы тарапкерлеринин санын көбөйтүү үчүн башка айылдан жашоочуларды көчүрүп келген учурлар да болгон экен.
Бул абамдын айтканы. Андан улам биздеги шайлоолордо кайсы-бир талапкердин пайдасына белгиленген бюллетендерди байкатпай урнага салып жиберүү, кийин электрондук урналар колдонула баштаганда шайлоо участогундагы шайлоочулардын санын көбөйтүү үчүн башка жакта туруктуу жашаган адамдарды өздөрү жооптуу болгон участоктордон добуш бердирүү максатында массалык түрдө каттоого
коюу фактылары эсиңиздерге түштүбү!
Орустар айтмакчы, “жаңы нерсе – бул жакшы унутулган эски нерсе эле”. Демек, элибиздин эсине илгери ата-бабаларыбыз жасап келишкен “иттик салт” келип, аны кайталай баштабадыкпы!
Баса, салынган бюллетендерди саноодогу бурмалоолор деле ошол ата-бабаларыбыздан калган “салт”. Мына ушул салттан электрондук урналардын жардамы менен араңдан зорго арылдык окшойт.
2002-жыл, өлкөдө мыйзамдын эмес, Акаевдин командасынын диктатурасы орноп калган учур…
Укуктук мамлекетте төмөнкү бийлик бутактарынын ишинен ката кетсе, же мыйзам, эреже, жобо бузулса, андан жогору турган инстанция көзөмөлгө алууга, а укугу бузулган жарандар ал инстанцияга кайрылуу менен бузулган укугун калыбына келтирип алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Бул – аксиома.
А жогорку инстанциядагы мекеме тарабынан укугу бузулгандарда өлкө мыйзамдарынын бирдей аткарылуусуна көзөмөл жүргүзүүчү прокуратура органдарына кайрылуу, алардан да адилеттүүлүк таппаса, сот органдарына кайрылуу менен мыйзамдуулукка жана адилеттүүлүккө жетишүү мүмкүнчүлүгү бардыгы да – аксиома.
Бирок, “ишенген төөң сууга акса, алды-алдыңдан тал карма” болуп, ошол сот органдарынын кызматкерлери – судьялар адилеттүүлүктөн тайса, кудайга коюп, алакан жайып отуруп калуудан башка арга калбайт.
2002-жылдын 19-майында №43 Алыкул шайлоо округу боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынына шайланган депутаттын орду бошогондон улам, шайлоо болуп өткөн. Ага талапкер катарында Жайыл районунун архитектору Мирмуханбек Алиев, Кайыңды кант заводунун директору М.Мусабаев жана Жайыл пиво заводунун директору Батыралы Алымкулов катышышат.
Добуш берүүдөгү чыныгы мыйзам бузуулар менен катар сөзсүз майда кемчиликтер дайыма болуп келген. Мына ошондуктан, ал өңүттөгү арыздарды, даттанууларды комиссия мүчөлөрү, укук коргоо жана сот органдары мыйзам чектеринде кылдат карашпаса, талашкандардын каалаган тарабынын пайдасына чечим алып коюу мүмкүнчүлүгү аларда болгон. Мындай учурда таза эмес укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен судьялардын күнү тууйт эмеспи!
Бул шайлоо баталиясынын жүрүшү боюнча сөз кылуудан мурда ошол кездеги өлкөдөгү саясий кырдаалды эске алалы. Аскар Акаев иш жүзүндө конституция-лык эки мөөнөткө шайланып, кийинки мөөнөткө шайлануу укугу жок калган. Бирок, ошол кездеги Конституциялык соттун корутундусу боюнча ал дагы бир мөөнөткө шайланууга укуктуу болуп, а бул ансыз да андан “чарчап” (тажап) калган элдин кыжырын ого бетер келтирип турган. Анан А.Акаев өзүнүн бийлигин бекемдөө үчүн аткаруу бийлигиндеги командасы аздык кылып, ал учурда жетишерлик бийлик балансын сактоого таасири бар мыйзам чыгаруу бийлик бутагына (парламентке) да өз кишилерин сүйрөп кирүү аркылуу мурдагы демократ маскасын сыйрып салып, айланасындагылар менен бирге диктатура орнотуу аракетин көрүп жаткан.
Анын командасынын мындай аракеттери эл тарабынан каршылык көрсөтүүгө тушугуп, ал алгач 2000-жылдагы парламенттик шайлоодо Мыйзам чыгаруу жыйынына Таластын №44 Кара-Буура шайлоо округу да орун алды. Ал убакта оппозицияда болгондуктан улам гана элдин колдоосуна ээ болгон Феликс Кулов иш жүзүндө жеңүүчү болду. Бирок, бийликтегилердин шайлоого күч менен кийлигишип, бурмалоосунун натыйжасында мандат анын атаандашына тартылып берилгени да жашыруун эмес.
Ушундай эле аракет Жалал-Абад облусунун Аксы районунда да жүрүп, бирок, ал жерде бийликтин аракети майнап бербей, Азимбек Бекназаров депутаттыкка өтүп кеткен. Ал парламентте бийликке оппозиция болуп, Үзөңгү-Кууштун берилишине каршы чыккан депутаттардын арасында болгондон улам, 7 жыл мурда прокуратурада тергөөчү болуп турган мезгилдеги бир айыбын таап чыгышып, аны соттоого аракеттенишкенде, аягы келип 6 адам каза болгон, дагы бир нече адам жаракат алган 2002-жылдын мартындагы Аксы окуялары менен аяктаган.
А.Акаевдин командасы мына ушул окуялардан сабак алып, шайлоолорду мыйзамдуу өткөрүүгө аракет кылган эмес. Ал өзү айткандай, туташ коррупциялашкан сот бийлигиндегилер мыйзамдуулукту коргоонун ордуна мыйзамдарды өздөрү билгендей бурмалай башташкан.
Бул макалада бир округдагы шай-лоонун жыйынтыктары боюнча да соттордун чечимдери ушунчалык абсурдга чейин жеткенин чечмелеп берели.
Окружком эле эмес, БШК да тастыктап жатпайбы!
№43 Алыкул шайлоо округу боюнча 2002-жылдын 19-майында болуп өткөн КРнын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутатын шайлоодо 3 талапкердин экөөсү – М.Алиев менен Б.Алымкулов экинчи турга өтүшөт.
2-июнда болуп өткөн экинчи турдагы добуш берүүнүн жыйынтыгында Батырбек Алымкулов атаандашы Мирмуханбек Алиевден 140 добуш менен алдыга озуп, иш жүзүндө шайлоодо жеңип чыгат. Мыйзамга ылайык, округдук шайлоо комиссиясы 2002-жылдын 3-июнундагы чечими менен Б.Алымкуловду №43 Алыкул шайлоо округу боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты катарында каттап, убактылуу мандат берет.
Округдук шайлоо комиссиясында ар кайсы уюмдардан, мекемелерден шайланган адамдар отурушкандыктан, алардын юридикалык сабаттуулугу дайыма эле талаптагыдай боло бербейт. Мындай учурда өзүндө юридикалык бөлүмү менен бүтүндөй аппаратка ээ Борбордук шайлоо комиссиясы туура түшүндүрмө берип, мыйзамдуулукту болтурбоого аракет кылуусу керек болчу.
Боршайлоокомдун төрагасы Сулайман Иманбаев 04.07.2002-ж. №270 чыгыш номерлүү жазуу жүзүндө мындай түшүндүрмө берет: “Шайлоо жөнүндөгү жообунда кодекстин 46-бер. 5-п. ылайык, эгерде бул шайлоо участокторунда добуш берүү процессинде шайлоочулардын эркин билдирүүсүнүн натыйжаларын чындап аныктоого мүмкүндүк бербеген Кодексти бузууларга жол берилсе, округдук шайлоо комиссиясы айрым шайлоо участокторунда кайра добуш берүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Экинчиден, айрым шайлоо учас-токторунда шайлоочулардын эркин билдирүүсүнүн натыйжаларын чындап аныктоого мүмкүндүк бербеген Кодексти бузууларга жол берилсе, айрым участоктордо добуш берүү өткөрүлгөндөн кийин кайра добуш берүүнү дайындоого болот, бирок, шайлоонун натыйжаларын аныктоого чейин”.
Мына ушуну эске алуу менен №43 Алыкул шайлоо округу боюнча округдук шайлоо комиссиясы 10.06.2002-ж. отурумунда №341 Сосновка жана №371 Эркин-Сай шайлоо участокторун+ эсептебей туруп, шайлоо округу боюнча калган 57 участоктогу добуш берүүлөрдүн натыйжасы менен бир добуштан 10.07. 2002-ж. №3 протоколунун негизинде Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты катарында Батыралы Алымкуловду каттоо чечимин алат. Ошентип, округдук шайлоо комиссиясы экинчи жолку чечими менен Б.Алымкуловдун мандатын тастыктайт.
Мандат тагдырын шайлоочулар эмес, соттор чечкенде…
Ал ортодо буга анын атаандашы М.Алиев макул болбостон, Сосновка айылындагы №341 шайлоо участогунда анын байкоочулары шайлоочуларга бюллетендер өздүгүн аныктоочу документтерсиз берилгенин аныкташканын жүйөөлөө менен сотко кайрылат.
Эмне үчүн дал ушул участок? Кептин баары ал жердеги мыйзам бузууларда эмес, алынган добуштардын санында болсо керек. Анткени ал участоктон М.Алиевдин атаандашы Б.Алымкулов көп добуш (576) алган. Эгерде бул участоктогу добуш берүүлөр жокко чыгарылса, анда 286 добуш алган М.Алиев иш жүзүндө жеңген болуп эсептелмек.
Ушул жерден дароо айта кетсем, өзүм да Бишкектин Ленин райондук администрациясында 1992-1996-жылдары жооптуу кызматта иштеген, үч шайлоодо райадминистрациядан шайлоо участогуна жооптуу адам, үч жолу округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, эки жолу округдук шайлоо комиссиясынын кеңеш берүүчү добуш менен мүчөсү, ошондой эле журналист катарында 2005-жылга чейин бардык шайлоо процесстеринин катышуучусу болуп, шайлоодогу кемчиликтер жөнүндө жакшы
билем.
Добуш берүүдөгү чыныгы мыйзам бузуулар менен катар сөзсүз майда кемчиликтер дайыма болуп келген. Мына ошондуктан, ал өңүттөгү арыздарды, даттанууларды комиссия мүчөлөрү, укук коргоо жана сот органдары мыйзам чектеринде кылдат карашпаса, талашкандардын каалаган тарабынын пайдасына чечим алып коюу мүмкүнчүлүгү аларда болгон. Мындай учурда таза эмес укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен судьялардын күнү тууйт эмеспи!
Колунан кармап албагандан кийин айтуу кыйын (андайлар карматышпай турганы айдан ачык!), ошентсе да соттордогу талаштардын “тагдырын” жогору жактан кийлигишүү же акча (пара) чечкен учурлар арбын болгону да коомчулукка белгилүү.
Ошентип Жайыл райондук соту (судья Т.Чаргынова) 2002-жылдын 21-июнундагы чечими менен М.Алиевдин арызын канааттандырат жана Сосновка айылындагы №341 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарат.
Анда жүйөөлөнгөндөй, добуш берүү процессинде участоктук шайлоо комиссиясынын макулдугу менен үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бирөөсү бюллетень таштаган, паспорту жок шайлоого катышкан сыяктуу кемчиликтер болгон.
Жогорку сот “шайлоочулардын өздөрүнүн эркин билдирүүсүн көрсөтүшкөн болуп калганын” эмес, добуш берүүдө мыйзам бузулганын же бузулбаганын, а бузулса, кайсы беренелери бузулганын жана биринчи соттук инстанцияда мыйзам бузуулардын кайсынысы каралып, же каралбай калганын, кайсынысына туура юридикалык баа берилип, же берилбей калганын териштирип, укуктук баа бериши керек эмес беле!
Чынында ал убактагы шайлоолордо мындай кемчиликтер бардык жерлерде кездешкен. Ошол эле округду алсак, мыйзам бузуулар, жогоруда айтылгандай,№371 Эркин-Сай участогунда да болгон. Ошондуктан, Б.Алыкулов да ал участоктогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу арызы менен сотко кайрылган. Панфилов райондук сотунун 05.07.2002-ж. чечими менен ал канааттандырылган.
Тилекке каршы, КРнын Жогорку соту Панфилов райондук сотунун бул мыйзамдуу чечимин жокко чыгарып, аны ошол эле сотко жаңыдан кароого жөнөтүү чечимин кабыл алат. Эми мына ошол чечимден бир цитата келтирип коелу: “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 02.06.2022-ж. кошумча шайлоону өткөрүүдө №371 шайлоо участогу боюнча жогоруда аталган бузууларга жол берилгенине карабастан, бирок, алар шайлоочулардын эркин билдирүүгө таасир эте алган эмес деп эсептейт, себеби №371 шайлоо участогу боюнча Алиев үчүн 562, а Алыкулов үчүн 34 шайлоочу добуш берген, шайлоочулар өздөрүнүн эркин билдирүүсүн көрсөтүшкөн болуп калат” (цитатанын аягы)!
Ушундан бир нерсени түшүндүңүзбү?! Жогорку сот “шайлоочулардын өздөрүнүн эркин билдирүүсүн көрсөтүшкөн болуп калганын” эмес, добуш берүүдө мыйзам бузулганын же бузулбаганын, а бузулса, кайсы беренелери бузулганын жана биринчи соттук инстанцияда мыйзам бузуу-лардын кайсынысы каралып, же каралбай калганын, кайсынысына туу-ра юридикалык баа берилип, же берилбей калганын териштирип, укуктук баа бериши керек эмес беле!
Мына ушундай таң калаарлык жүйөө менен Жогорку сот арызды жаңыдан кароого райондук сотко жөнөтөт.
Жогорку соттун бул көрсөтмөсүн буйрук катарында кабыл алдыбы, же башка себеби барбы, айтор Панфилов райондук сотунун судьясы А.Исаков ашыкча териштирип отурбастан, 22.07.2002-ж. ал шайлоо участогундагы добуш берүүнү “шайлоочулар өздөрүнүн эркин билдирүүсүн көрсөтүшкөн” деген жүйөө менен (Жогорку соттун жүйөөсүн кайталап) анын жыйынтыгын анык деп табуу чечимин кабыл алган.
Сотто талаш болгон №371 Эркин-Сай шайлоо участогу боюнча М.Алиев үчүн 562, а Алыкулов үчүн 34 шайлоочу добуш берген.
Жогоруда айтканыбыздай, Жайыл райондук соту (судья Т.Чаргынова) 2002-жылдын 21-июнундагы чечими менен М.Алиевдин арызын канаат-тандырат жана Сосновка айылындагы №341 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарат.
– Илгери эл сабатсыз болгондуктан шайлоо убагында бий же болуш кызматына коюлган эки талапкер үчүн добуш берүүдө бюллетень ордуна эки түстөгү таштар пайдаланылчу, – деди ошол абам. – Айталы Эшматка добуш берчүлөр ак таш ташташса, Ташматка добуш берчүлөр кара таш ташташчу. Бирок, айрым шумпайлар таш көбөйүп калган кезде чөнтөгүнө ашыкча таш сала келип, байкатпай таштап жиберишчү.
Эскертип койсок, бул участокто Б.Алымкулов 576 добуш, М.Алиев 286 добуш алган.
Дагы бир жолу кайталап айтсам, негизинен бул эки участоктогу бузуулар дээрлик окшош! Окшош эмеси – алардагы алынган добуштардын санында! Эгерде бул добуштар жокко чыгарылса, анда М.Алиев жеңүүчү болуп калып жатпайбы!
Ошондуктан,окшош мыйзам бузуулар кездешкен бир участоктон добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын мыйзамдуу деп табуу жана экинчисинде жокко чыгаруу менен иш жүзүндө жеңген талапкерди соттор жеңилдирип салып жатышпайбы! Фокус мына ушунда!
А Жогорку сот кийин бул чечимдердеги каталарды оңдоонун ордуна аларды күчүндө калтыруу менен райондук соттордун судьяларынын мыйзамсыз чечимдерине “авторлош” болуп калды!
Боршайлоокомдун жолу ачылды
Мына ушундан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы 20.09.2002-ж. №34 токтому менен №43 Алыкул шайлоо округу боюнча округдук шайлоо комиссиясынын 03.06.2002-ж. Б.Алымкуловду Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты деп таануу жөнүндө жана 10.07.2002-ж. аны ЖКнын Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты катарында каттоо жөнүндө чечимдерин жокко чыгарды жана ал шайлоо округунан М.Алиевди депутат катары тааныды жана ага депутаттын күбөлүгүн жана төш белгисин берүү менен каттады.
Электораттын добушун бийликтегилер угушкан жок
Б.Алымкуловго добуш беришкен шайлоочулар жеңишин колдон алдырып жатышканына нааразы болушуп, ошол кездеги аракеттеги “Жарандардын тынчтыкта, куралсыз, эркин чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө” мыйзам менен жол берилген шарттарда нааразычылык акцияларын – тынчтык митингдерин уюштурушкан.
2002-жылдын 17-августундагы жана 7-сентябрындагы митингдерде жүздөгөн шайлоочулар чогулушуп, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруудагы мыйзамсыздыкка жана адилетсиздикке каршы пикирлерин билдиришкен. Алар мамлекет башчысы жана Конституциянын гаранты катарында Президент Аскар Акаевге кайрылуу жасашып, бул талаштын Шайлоо жөнүндө кодекске
ылайык чечилишине өбөлгө түзүп берүүнү өтүнүшкөн.
Бирок, алар дал мына ушул А.Акаев жана анын айланасындагылар бул мыйзамсыздыктардын башында турушканын билишкен эмес. Ошентип, жүздөгөн адамдардын нааразылык акцияларынан майнап чыккан эмес. Белгилүү болгондой, чыкмак да эмес.
Мына ушундай окуялардын аягы А.Акаевдин жана анын жактоочуларынын бийликтен уяттуу түрдө куулушуна алып келди. Баса, тактап айтсак, алар уялып калышты дегендик эмес. Аликүнчө А.Акаев баш болуп өз күнөөлөрүн моюнга алышпай жүрүшпөйбү!..