whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеСпорт жана туризмСпортБалбан Үзүр Жусупбеков Париж Олимпиадасына катышууга жолдомо алды

Балбан Үзүр Жусупбеков Париж Олимпиадасына катышууга жолдомо алды

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Үзүр Жусупбеков Түркияда өтүп жаткан Дүйнөлүк лицензиялык турнирде Париж Олимпиадасына жолдомо утуп алды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, кыргызстандык балбан 97 кг чейинки салмак чен бирдигинде 1/16 баскычынан баштады.

Алгачкы беттешинде болгариялык балбанды жеңип, кийин финляндиялыкка утулуп калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттеш өткөргөнгө мүмкүнчүлүк алган. Анда биринчи беттешинде хорватиялык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийин япониялык балбанды 8:0 эсебинде артта калтырды.

Ал эми Олимпиадага жолдомо үчүн беттеште немис балбанын жеңип, аны менен бирге Кыргызстандын куржунуна онунчу лицензияны кошту.

Эскерте кетсек, буга чейин ата мекендик спортчулар Олимп оюндарына 9 жолдомо уткан. Анын ичинен спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча 8 лицензия бар болчу.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар