Күн мурун 10-майда саат 22:30 чамасында Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 364-чакырымында жер көчкү жылып, унаа өтүүчү жолду жаап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
«Буга байланыштуу жол каттам жабылган. Тазалоо иштери бүгүн, 11-май күнү «Чайна-Роуд» ишканасы тарабынан жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан пост уюштурулган.
Эскерте кетсек, ошол эле тилкеде 28-апрель күнү 1900 м3 жер көчкү жолго түшүп, 29-апрель күнү ачылган. Кошумча маалымат берилет.