whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.03.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкКыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жер титиреди

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жер титиреди

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Ага ылайык, бүгүн саат 12:44тө эки өлкөнүн чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Аксы районунун Жерге-Тал, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Боспиек, Кулук-Дөбө, Мукур айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар