9-майдан 13-майга чейин Стамбулда спорттук күрөш боюнча Париж Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган Дүйнөлүк лицензиялык акыркы турнир курч мүнөздө өтүп, айыгышкан таймашуулар болду. Жыйынтыгында кыргызстандык эки балбан олимпиадага жолдомо утуп алышты. Ошентип бизден жалпысынан Париж олимпадасына 10 балбан бармак болду.
Үзүр үмүттү актады
Грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууларда Азат Салидинов (87 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг) жана Роман Ким (130) чыгышты.
Азат 1/16 финалдагы беттеште молдовалык Михаил Брадуга жеңилди.
Токио олимпиадасынын катышуучусу, Азия чемпиону Үзүр 1/16 финалда болгариялык Калоян Ивановду жеңип, бирок экинчи кармашында финляндиялык Арви Саволайненден жеңилип калды. Роман да 1/8 финалда азербайжандык Сабах Шариатиге утулду.
Бирок Жусупбеков менен Кимди уткан балбандар финалга чыккандыктан, аталган эки спортчу көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүндүк алышты.
10-майда Ү.Жусупбеков хорватиялык Филип Сметко менен күрөшүп, аны 12:0 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күч сынашууда жапониялык Юри Наказатону 9:0 эсебинде утуп алды. Андан кийин германиялык Лукас Лазогианис менен беттешип, аны утуп Париж олимпиадасына жолдомого ээ болду.
Үзүр 28 жашта, Токио Олимпиадасынын катышуучусу. Эми экинчи ирет олимпиадага катышмак болду.
Р.Ким грекиялык Николаос Нтоуниас менен күрөштө утулуп, жолдомо албай калды.
Стамбулдагы мелдеште ар бир салмакта жеңип чыккан үчтөн балбанга Олимпиадага жолдомо берилди: эки лицензияны финалга чыккан спортчулар алып жана коло байгеге татыган эки балбан бири-бири менен беттеш өткөрүп, жеңүүчүсү үчүнчү жолдомонун ээси болушту.
Сезим менен Арууке арманда калышты
Дүйнөлүк лицензиялык мелдеште кыз-келиндер арасында күч сынашууда Кыргызстандын намысын Арууке Кадырбек кызы менен Сезим Жуманазарова коргоду.
53 кг. салмакта Арууке 1/8 финалда Мариана Драгутанга (Молдова) утулуп калды. Бактыга жараша молдовалык кыз финалга чыгып, Аруукенин көңүл жубатуучу беттешүүгө жолу ачылса да, австриялык Олександра Когуттан жеңилип, жолдомосуз калды.
Сезим 57 кг салмакта күч сынашты. /16 финалдагы биринчи беттешинде норвегиялык атаандашы Аннетт Хойе килемге чыкпагандыктан, 1/8 финалга өттү. 1/8 финалда намибиялык Эстер Абрахам Кавелишимве менен күч сынашып, аны 26 секунда ичинде 10:0 эсебинде жеңип алган.
Бирок, чейрек финалда Джуллия Оливейрадан (Бразилия) жеңилип, көңүл жубатуучу беттеште италиялык Аврора Руссо менен күч сынашып, ага аз упай менен алдырып койду. Ошентип, ал да жолдомо алуу үчүн чечүүчү беттешке өтпөй калды.
Белгилей кетсек, буга чейин Айсулуу Тыныбекова 62 кг, Айпери Медет кызы 76 кг жана Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта жолдомо алган.
Айаал Лазарев жолдомо алды
11-12-майда эркин күрөш боюнча Олимпиадалык жолдомо үчүн таймашууларда кыргызстандык 3 балбан багын сынап көрүштү. Алар: 74 кг салмакта Орозбек Токтомамбетов, 86 кг салмакта Атай Изабеков жана 125 кг оор салмакта Айаал Лазарев.
Орозбек алгач болгариялык Рамазан Рамазановду утканы менен 8/1 финалда италиялык Франк Чамисо Маркестен жеңилип калып, жолдомосуз калды.
Атай биринчи беттешүүдө эле түркиялык Осман Гоченге утулуп, мелдештен четтеп калды.
125 кг салмакта Азия чемпиону, Азия оюндарынын коло байге ээси А.Лазарев 1/8 финалда ямайкалык Аарон Жонсонду мөөнөтүнөн мурда утуп, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда анын атаандашы жердиги кыргызстандык учурда Өзбекстандын намысын коргоп жүргөн Хасанбай Рахимов болуп, 4 минутта Айаал утуп алып, жарым финалга чыкты. Кийинки таймашууда Дүйнө кубогунун жана Европа чемпионаттарынын жеңүүчүсү венгриялык Даниэль Лигети менен күч сынашып, аны 12:2 эсебинде утту.
Эске сала кетсек, жакында эле Бишкекте өткөн Азиянын лицензиялык турниринде эркин күрөш боюнча 57 кг салмакта кыргызстандык Бекзат Алмаз уулу жана 65 кг салмакта Эрназар Акматалиев жолдомо алышкан. Үчүнчү жолдомонун ээси Айаал Лазарев болду.
Учурда Париж Олимпиадасына кыргыз спортчуларынын 11 жолдомосу бар. Алардын 10ун балбандар жеңип алышты
Кыргызстан эгемен болгону олимпиадалык оюндарда спортчулар бир да алтын медаль ута элек. Спорт күйөрмандары отуз жылдан ашуун убакыттан бери күткөн алтын байгелерди эми утсак экен.
Кабыл МАКЕШОВ,
спорттук баяндамачы