whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.06.2025
34.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарОшто көрүүсү начар балдарга китептер жана окуу куралдар берилди

Ошто көрүүсү начар балдарга китептер жана окуу куралдар берилди

Ош шаарынла көзү азиз жана көрүүсү начар балдар жаңы китептер жана окуу куралдары менен камсыздалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу куралдары Ош шаарындагы «Русская лампада» кайрымдуулук фонду жана «Орус үйү» коомдук фонду тарабынан берилди.

Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын, Россиянын Башкы консулдугунун жана «Орус үйүнүн» өкүлдөрү катышты.

Билим берүү мекемеси физика, биология, химия, география сабактарында практикалык жана лабораториялык иштерди жүргүзүү, башталгыч класстарда Брайль ыкмасы менен жазуу жана окуунун негиздерин үйрөтүү үчүн жалпысы болуп, 59дан ашык ар түрдүү окуу куралдары менен толукталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп-интернаттын окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар