Үстүбүздөгү жылдын 4 ай аралыгында Свердлов районунун аймагында жалпы 34 өрт кырсыгы катталган. Өрт кырсыгынан келтирилген материалдык чыгым — 16 млн. сомдон ашкан. Өрт кырсыгы — көңүл коштуктан же болбосо өрткө каршы эрежелерди так сактабагандыктан келип чыгууда.
Тургундарга эскерте кетүүчү нерсе үй тиричилигинде күнүмдүк керектелүүчү электр буюмдарын эрежесин сактап жана туура колдонсок:
-электр тогун өткөргүчтөрдү /провод/ колдонууда анын ток өткөрүүчү кубатына жараша жана ток өткөргүүчү кубаттуулугу ар башка болгон проводдорду бири-бирине туташтырууга тыюу салынат. Анткени ток өткөрүү кубаттуулугуна жараша ар башка болгондуктан ток өткөрүмдүүлүгү башка болот да бат ысып өрттүн пайда болушуна шарт түзөт, электр жылытуучу приборлдорду колдонууда төмөндөгү өрткө каршы эрежелерди сактоо зарыл;
— электр жылытуучу приборлордун алдына отко күйбөгөн, калыңдыгы 0.5 мм болгон темирден лист же башка өрт чыгуу коркунучу болбогон буюм төшөлүшү керек;
— иштеп турган жылыткычтарды же тричилик буюмдарын жана башка ушул сыяктууларды кароосуз калтырууга тыюу салынат;
— колдо жасалган жылыткычтарды колдонууга, булар өтө көп энергия талап кылгандыктан үйдүн же батирлердин электр тогун өткөрүмдүүлүгү буга эсептелбегендиктен алардын ысып кетүү коркунучуна алып келет жана күйүүсүнө алпарат;
— бир розеткага бир эле учурда бир нече приборду саюууга болбойт. Ток өткөргүчтөрдүн туташкан жерлеринин контактарын вилканы, клемаларын өз убагынан кечиктирбестен көзөмөлдөп туру зарыл;
— телевизордо, приемниктерде ж.б. приборлордо күйүп кеткен предохранителдерди колдонууга тыюу салынат.
Электр жылыткыч приборлорду жарык берүүчү стол лампаларды жана башка ушу сыяктууларды колдонууда туташтыруу атайын заводдо жасалган штепселдик туташтыруу вилка менен ишке ашыруу керек.
Жогорудагы көрсөтүлгөн өрткө каршы эрежелерди сактасак биз өзүбүздүн жакындарыбыздын ден-соолугун жана мүлкүн сактаган болор элек.
Эсиниздерде болсун, өрт чыккан учурда “101, 112” номуруна чалыңыздар.
Свердлов району боюнча ӨКБнүн ӨӨ жана ААБнүн башчысы
майор Бечелов С.Т.