Ирандын президенти Эбрахим Раиси тик учак кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кызыл жарым ай коомунун башчысы кабарлаган.
Тик учакта президенттен тышкары Ирандын ТИМ башчысы Хосейн Амир Абдоллахиан, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малек Рахмати жана Тебриз шаарынын имамы Мохаммад Али Але Хашем болгону айтылууда. Тик учактагылардын баары көз жумду.