Милиция 18-майга караган түнү 7-Апрель көчөсүндөгү чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып, кол салып, алардын мүлкүн талкалаган деген шек менен 21 жана 25 жаштагы эки баланы кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.
Мындан тышкары, Аламүдүн айылындагы тигүү цехтеринин бирине кирип барып, чет элдиктерди сабап, алардын телефон, акчаларын алган деген кине менен дагы 5 киши колго түшүрүлгөнү маалым болду. Бул иштер боюнча «Массалык башаламандык» беренеси боюнча иш козголгон.