whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.06.2025
21.2 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкТаласта 15 жаштагы окуучу кыз кош бойлуу болуп калган

Таласта 15 жаштагы окуучу кыз кош бойлуу болуп калган

13-майда Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнө мектеп мугалимдери тарабынан 15 жаштагы өспүрүм кыздын боюнда бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча жашы жете элек кыздын апасы дагы милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча «Зордуктоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Текшерүү учурунда өспүрүм кыздын 26 жумалык боюнда бар экендиги аныкталып, аталган кылмыш иши боюнча шектүү катары 1993-жылы туулган А.А. кармалган. Ал райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар