whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
14.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкАдам уурдоо фактысы боюнча Камчы Көлбаевдин тууганын кармалды

Адам уурдоо фактысы боюнча Камчы Көлбаевдин тууганын кармалды

Адам уурдоо фактысы боюнча Камчы Көлбаевдин тууганы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында «Мыйзамдагы ууру» К.Асанбектин колдоосунан пайдаланып, өз кызыкчылыктарына жетүү үчүн мамлекеттик кызматкерлерге кысым көрсөтүп жүргөн айрым адамдар тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тактап айтканда, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө К.Асанбектин туугандары Ж.Э.А. жана Ж.С.А. күч колдонуу жолу менен жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарын мыйзамсыз эркиндигинен ажыратышкан. Натыйжада козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Учурда адам уурдоо фактысы боюнча Ж.Э.А. Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар