whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.04.2025
14.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданият“Наристе” IV эл аралык балдар фольклордук фестивалынын ачылышы өттү

“Наристе” IV эл аралык балдар фольклордук фестивалынын ачылышы өттү

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Наристе” IV эл аралык балдар фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы өттү.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев катышуучуларды фестивалдын ачылышы жана келе жаткан Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

«Фестиваль жылдан-жылга өнүгүп, өлкөлөр ортосундагы руханий жана чыгармачыл байланышты бекемдейт деп ойлойм. Бишкек достуктун жана жаштардын шаары. Кош келиниздер сүйүктүү шаарыбызга!» — деди Айбек Жунушалиев.

Кеңири масштабдагы иш-чарага Өзбекстан, Казакстан, Монголия, Россия, Башкортостан, Түштүк Корея, Түркия, Кытай, Сербия жана Калмакстандан өкүлдөр жана Кыргызстандын 7 облусунан Бишкек Дельфи оюндарынын жеңүүчүлөрү катышат.

Иш-чаранын алкагында фестивалдын катышуучулары концерттик программа тартуулашты.

Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен таанышуу болуп саналат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар