whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
9.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарЖети-Өгүздө Барскоон чакан ГЭСинин курулушу башталды

Жети-Өгүздө Барскоон чакан ГЭСинин курулушу башталды

Бүгүн Жети-Өгүз районунун Барскоон капчыгайында чакан ГЭСтин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи өттү.

Иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев жана райондун активи катышып, бул долбоордун облус жана жалпы өлкө үчүн мааниси зор экендигин баса белгилешти.

«Барскон кичи ГЭСинин курулушу – биздин аймактын туруктуу өнүгүүсүнө жана энергетикалык коопсуздугун камсыздоого жасалган олуттуу кадам», — деди облус башчысы.

Барскон кичи ГЭСинин долбоордук кубаттуулугу 7,5 МВт, ал эми наркы 706 млн. сомду түзөт. Жабдуулар Австриядан Global Gidro компаниясы аркылуу алып келинет.

Долбоордун алкагында узундугу 5 чакырымга канал жана 300 чарчы метр аянттагы имарат курулат. Кубаттуулугу бир жылда 38 млн. киловатт-саатты түзөт. Чакан ГЭСти ишке киргизүү 2025-жылдын сентябрына пландалууда.

Белгиленгендей, энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу үчүн облус боюнча 31 жер тилкеси бөлүнгөн.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар