Кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжандын Физули шаарына барды.
Төрага баштаган парламенттик делегацияга жергиликтүү жетекчилер шаарды жана ага чектеш аймактарды калыбына келтирүү ишинин жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Тагыраагы, калаанын жаңы көрүнүшүн, келечектеги административдик борбордун эскиздерин жана долбоорлорун, шаардык паркты жана башка маанилүү объектилерди көрсөтүштү.
Мындан тышкары, төрага Шуша шаарына да барып, андагы тарыхый жана маданий жайларды көрүп чыкты. Ошондой эле шаарды калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат алды.