Кыргызстанда биринчи жолу «Кум-Шагыл» заводу тарабынан көпүрө устундары чыгарыла баштады.
Азырынча универсалдуу калыптын жардамы менен 9, 12, 15, 18 метрге чейинки көпүрө устундары чыгарылууда, жакында 24 метр узундуктагы устундар чыгарыла баштайт.
«Кум-Шагыл» ЖАКтын сырттан башкаруучусу Эрмек Кутмановдун айтымында, бүгүнкү күндө заводдун иши жандандырылып, толук иштеп жатат.
«Азыр ишкана өзүнүн карыздарынан кутулуп, өнүгүү жолунда иш алып барууда. Жаңы өндүрүштөрдү, продукцияларды өздөштүрүп, өндүрө баштадык. Жакынкы убактан бери 18 метрлик көпүрө устундары чыгарыла баштады. Буга чейин заводдун тарыхында мындай нерсе болгон эмес. Көпүрө устундун уникалдуулугу – бул универсалдуулугунда», — деди ал.
Кутманов белгилегендей, учурда темир-бетондорго талап көп, себеби өлкөбүздө жолдор курулуп, көпүрөлөр көп салынып жаткан убагы.
«Заводдо жабдуулар эски, кээ бирлери иштебей калган. Азыр калыбына келтирип жатабыз. Ишкана заманбап лаборатория менен жабдылган, анда тажрыйбалуу адистер технологияга ылайык продукциянын сапатын көзөмөлдөйт», — деп кошумчалады заводдун башкаруучусу.
Ошондой эле ал сапаты боюнча лабораториядан жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен текшерүүдөн өткөндөн кийин гана объектилерге жөнөтүлөрүн белгиледи.
«Учурда 18 даана 18 метрлик көпүрө устундарга буйрутма түштү. Аны 3 айдын ичинде бүтүрүп беришибиз керек. Бир даана 18 метрлик устунга — 2,5 тонна арматура, 7 куб бетон кетет жана бир устун 3 суткада даяр болот», — деди темир бетон чыгаруучу адис Каныбек Дилдемуратов.
Мындан тышкары, заводдо 40, 60, 80, 100 диаметр өлчөмдөгү лотоктор даярдалат. Ошондой эле жакынкы убакта электр мамылары да жасала баштайт.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан көпүрө устундарын сырттан сатып алчу. Эми продукция Кыргызстандан чыгарылып, баасы төмөн болмокчу.