Сауд Арабияда ысыктан улам каза болгон зыяратчылардын арасында кыргызстандыктар жок. Маалыматты муфтият тастыктады.
Меккеде абанын температурасы 51 градустан жогору болуп, каттоодон өтпөй барган зыяратчылар үчүн суу, кондиционерлер жеткиликсиз болууда.
Ажыга барып көз жумгандардын саны 577 адамга жеткен. Алардын 323ү — египеттиктер. Ошондой эле көз жумгандардын 60тан кем эмеси — иорданиялыктар.