Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

А.Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу мамлекеттин тышкы карызын көбөйтпөйт»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламент депутаттарына “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу боюнча келишимди ратификациядан өткөрүп бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

МинКаб Төрагасы Жогорку Кеңештин бул чакырылышы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу, “Камбар-Ата-1 ГЭСи” сыяктуу тарыхый долбоорлорду куруу боюнча маанилүү чечимдерди кабыл алганы катары тарыхта калаарын белгиледи.

“Бул темир жол курулушу менен биз жолу туюк өлкөдөн транзит өлкөгө айланабыз. Транзит болгон үчүн биздин жерди аралап өткөн жүктөрдөн пайда түшөт. Жылына бул темир жол аркылуу 7 млн. тоннадан 13 млн. тоннага чейин жүк ташылат. Мындан тышкары, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, Европа өлкөлөрү менен соода мамилелерин түзүүдө болуп жатат. Европа Бирлигинин ИДПсы 25 трлн. доллардан ашат, 18 трлн. доллар көлөмдөгү ИДПга Кытай ээ болууда. Башкача айтканда Кытайдын рынок сыйымдуулугу биз үчүн океан сымал чексиз болуп жатат жана экономикабызды өнүктүрүүдө болгон чекти алып салууга шарт түзөт. Экспортту кескин көбөйтүп, соода балансын оң кылууга шарт түзүлөт. Ошону менен бирге биз максат кылган ИДПнын көлөмүн 2050-жылы 200 млрдга жеткирүү реалдуу ишке айланат. Башкача айтканда биз өнүгүүнүн башка траекториясына ушул курулуш аркылуу чыгабыз. Камбар-Ата-1 ГЭСи жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу биздин мамлекеттин тышкы карызын көбөйтпөйт. Бул эки ири курулуш мамлекет менен жеке менчиктин өнөктөштүгү аркылуу болуп жатат”, — деди ал.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар