Мындан эки жыл мурда Бишкектеги Кропоткина көчөсүнүн асфальты жаңыртылып, тилекке каршы, мэриянын бул демилгеси ызы-чуу менен коштолду. Көчө тургундары союз учурунда төшөлгөн асфальт ошол эле бойдон экенин, эски асфальтты сыйрып, жаңысын төшөөнүн зарылдыгы жок экенин айтышкан. Бирок, тургундардын аргументи мэриянын кызматкерлерин ынандыра алган жок.
Мэрия көчө тургундарынын айрымдарынын курган курулуштары дээрлик тротуарга чыгып кеткенин айтып, нааразычылыктын төркүнү дал ушул жакта экенин белгилеген.
Албетте, көчө тургундарынын соккон дубалдары тротуарга чыгып алганын биз да колдобойбуз, ошентсе да союз учурунда төшөлгөн асфальттын сыны кетпей турса, аны кайрадан жаңыртуунун кандай зарылдыгы бар эле деп ойлойсуң.
Мына быйыл Ахунбаев, Совет көчөлөрүнүн асфальты сыйрылып, кайрадан жаңысы төшөлүп баштады. Мен жаңылбасам, ушул эки көчө мындан 10-15 жыл мурда капиталдык реконструкциядан өтүп, жолу кеңейтилип, эски асфальты сыйрылып, кайрадан төшөлгөн. Дүйнөлүк жол куруу тажрыйбасына, жолдорду куруу технологиясына таянсак, жолго басылган асфальт бери дегенде 30-40 жыл кызмат кылышы керек. Андай болгондо, Совет жана Ахунбаев көчөлөрүнүн 10-15 жылдык кызмат өтөгөн асфальтын сыйрып салып, кайрадан асфальттоо бери дегенде эле ысырапкорчулук, мамлекеттик каражатка кайдыгерлик менен мамиле жасоо деп эсептеймин.
Эгер мындан 10-15 жыл илгери кайрадан асфальтталган жолдор жараксыз абалга келсе, анда ошол жолду салган курулуш фирмасы жана жолду пайдаланууга кабыл алган мэриянын тиешелүү кызматкерлери мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш. Мына ошондо гана жол куруучулар да, жолду кабыл алуучулар да ишке ат үстүнөн мамиле жасабай, мамлекеттик каражаттар да талаага чачылмак эмес.
Дагы бир мисал. Мындан 10 жыл мурда Арча-Бешик конушундагы Чортеков көчөсүнө асфальт төшөлүп, тротуар салынды. Арадан 10 жыл өтпөй асфальттан жарака кетип, жолдун четинде оюктар пайда болду. Ал эми тротуар да оюлуп, чөгүп кеткен жерлери бар, чуңкурайып калган жерлери андан көп. Баарынан да кызыгы электр мамылары жана жол белгилери тротуардын чок ортосунда кала берген. Караңгыда карайлап баратып, электр мамысын сүзүп, же оюлган чуңкурларга бутуң түшүп кетиши ыктымал.
Мына ушинтип, кайдыгерликтен, ишке шалаакы мамиле жасагандыктан улам мамлекеттин бюджетине канчалаган миллион зыян келип жатат? Бул өтө кечиримсиз нерсе. Мындай чарбасыздыкка бизге окшогон кедей мамлекеттер гана эмес, бай мамлекеттер да бармак эмес.
Ж.ТАШТАНБЕКОВ,
Бишкек шаары