Кыргызстан тоолуу, салкын, ошол эле кезде мөңгүгө, сууга бай өлкө. Бирок, “Колдо бар алтындын баркы жок” болуп суу ресурстарыбызды туура, максаттуу пайдалана албагандыктан иштетүүгө жарактуу миңдеген гектар жерлерибиз узак жылдар бою пайдаланылбай келе жатат. Союз тараганы ирригациялык системалардын көбү иштен чыгып, өздөштүрүлгөн айрым сугат жерлерибиз кайрадан кайрак жерге айланды.
Сууну товарга айланта албай жатабыз
КРнын 2001-жылы 29-июнда кабыл алынган “Суу объектилерин, суу ресурстарын жана суу чарба курулуштарын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын башында “Кыргызстандын суу ресурстары анын улуттук байлыгы” деп бакыйта жазылган. Мыйзамдын 3-статьясында сууну өзүнүн экономикалык баасы бар жаратылыш ресурсу, товар катары кабыл алуу, эл аралык суу маселелеринде суу пайдалануу акылуу болору баса көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, акыркы жылдарда Казакстан, Өзбекстан сууну аларга бекер жеткирип берүүгө милдеттүүдөй мамиле жасап келе жатышат. Алардын ою боюнча, суу жаратылыш ресурсу болгондуктан аны биз эч тоскоолдуксуз аларга өткөрүп турууга милдеттүүбүз. Бул өңүттөн алганда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун “Биз суу маселелерин, албетте, коңшу тууган өлкөлөр менен бирге чечебиз жана суу бизге да, аларга да жеткидей болуусуна аракет кылабыз. Бирок, баарыбыз суу – бул газ, мунай сыяктуу эле жаратылыш ресурсу, товар экенин түшүнүшүбүз керек. Сууну сактоо жана суу ресурстарын башкаруу үчүн бизге коңшу мамлекеттердин инвестициясы керек” деген билдирүүсү колдоого арзыйт. Э.Байсалов айткандай, Кыргызстандан чыккан сууну башкарып, канча миң километр аралыкка чейин жеткирип берүүгө да каражат керек. Аны, албетте, биз өз чөнтөгүбүздөн чыгарып жатабыз. Муну кошуналар да түшүнүшү керек. Кургакчылык болгон жылдары коңшуларга суу бере албай калбашыбыз үчүн ириде Кыргызстанга суу сактагычтар, чакан, орто, ири ГЭСтер курулуш керек. Жогорудагы мыйзамда көрсөтүлгөндөй, өз ара пайдалуу кызматташтык болбосо кайсыл өлкө болбосун биринчи өз кызыкчылыгы үчүн иштей турганы белгилүү эмеспи.
Ай, аккан суу, аккан суу, коңшуларды баккан суу
Кызыкчылык демекчи, казактар суу маселесине келгенде эл аралык нормалардын бузулуп жатканын бетке кармашат. Ошол эле 1992-жылы Дублинде болгон эл аралык конференцияда “Суу, жаратылыш ресурстарынын түрү катары ага атаандаш колдонулуучу ресурс түрлөрү сыяктуу эле экономикалык баасы бар жана ал товар болуп эсептелет” деп айтылган. Бул принцип ушул эле жылы БУУнун Рио-де-Жанейро шаарында болгон конференциясы менен бекиген. Көрүнүп тургандай, эл аралык нормалар боюнча суу товар болуп жатат жана товар эч жерде бекер берилбейт. Демек, Кыргызстандын коңшу өлкөлөргө бекер суу берүүсү эбак эле токтотулушу керек болчу. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө да өлкө суу сактагычтарында топтолгон суунун 80 пайызы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга берилип жатат.
Ооба, СССР тарагыча коңшу өлкөлөр Кыргызстанга алган суусунун ордуна көмүр, мазут, газ берип келгени ырас. Бирок, союз тараганы Өзбекстан менен Казакстан газ, көмүрүн, нефть продуктыларын бизге товар катары кымбат (газдын 1000 кубун 55 доллардан, көмүрдүн тоннасын 32 доллардан) сата башташкан. Бул кадамын алар бул жаратылыш ресурстарын өндүрүүгө чыгым көп кетип жатканы менен түшүндүрүшкөн. Анда Кыргызстандын айыл чарбасына жарактуу жерлерин ээлеген, мамлекеттер аралык Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон гидроэнергетикалык түйүнү, Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычы, Чөмүч плотинасы жана Чоң Чүй каналы суу чарба объектилерине жумшалган 2 млрд. советтик рублдин (ал кезде рубль доллардан да күчтүү болгон) ордун ким толуктайт деген суроо туулат. Алар басып жаткан жерлер Кыргызстандын экономикасына кандай зыян алып келип жатканын ким эске алат? Аны жана 30 жылдан берки сууну эсептесек оңбогондой ири сумма чыгат. Башкасын айтпай эле Токтогул суу сактагычын алсак, анын курулушу менен Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанда мезгил-мезгили менен болуп турган сел каптоолор токтоп, бул өлкөлөрдө 400 миң гектар сугат жер пайда болгон. Ошондой эле 918 миң гектар сугат жерди сугат суу менен камсыздоо жогорулаган. Ошол эле Үч-Коргон, Анжиан, Папан, Киров суу сактагычтарынын суулары менен Өзбекстан, Казакстандын миңдеген гектар жерлери сугарылып, сел каптоолор токтогон. Чоң Чүй каналы, Чөмүч плотинасы, Ат-Башы, Георгий каналдары бүгүнкү күнгө чейин Казакстандын Жамбыл облусун сугат суу менен камсыздап турат. Мунун баарын Астана биле туруп, кымындай себеп болсо чек арасын жаба калат. Ошондуктан “элүү жылда эл жаңы” дегендей, эми коңшу өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүүгө мезгил келди. Муну азыр өзбек лидери Шавкат Мирзиёев эң сонун түшүнүп, Кыргызстан менен болгон алаканы жакшыртууга болушунча аракет кылып жатат. Демек, башка коңшулар дагы азыртадан ойлонуулары абзел.
Кошуналар ойлончу маселе
Окумуштуулар жана адистер суу баасын эсептеп чыгарууда дүйнөлүк мамлекеттер аралык суу ресурстарын пайдалануу тажрыйбасында көрсөтүлгөндөй, суу баасына суудан көрүлгөн киреше да кошулушу керектигин билдирип келишет. Киреше көлөмү болсо сууга болгон муктаждыкка жараша болот. Тилекке каршы, көп учурда биздин адистер коңшулар менен болгон макулдашууларда суудан көрүлгөн кирешени эске албай келишет. Бирок, бул кийинки мамлекеттер аралык макулдашуу, келишимдерде сөзсүз эске алынышы керек. Анткени, Кыргызстан 2000-жылга чейин мамлекеттер аралык суу чарба объектилерин тейлөөгө ар жылы 25 миллион доллардай акча коротуп келген. Дүйнөлүк экономикалык каатчылыктан улам бул көрсөткүч дагы кыйла өстү. Ошол эле кезде Кыргызстандын суу ресурстарын колдонуу менен Өзбекстан жылына 360 млн. доллар, Казакстан 240 млн. доллар, Тажикстан 60 млн. доллар пайда көрөт (минималдык көрсөткүч менен алганда).
Эл аралык документтерде деле мамлекеттер аралык суу түйүндөрүн жана суу объектилерин жабдууга, эксплуатациялоого кеткен чыгымдар менен алардан түшкөн кирешелер суу берүүчү жана суу алуучу өлкөлөр ортосунда тең бөлүнүшү керек деп жазылган. Андай болсо Ташкент, Астана, Душанбе ошол көргөн пайдасынан суу сактагычтарды кармоого кадимкидей каражат бөлүшү керек болот. Коңшулар жыл санап дүйнө жүзүндө адам саны өсүп, аны менен кошо экономика тармагы да кеңейип бара жатканын эске алыша элек. А суу болбогон жерде экономика өспөй турганы бештен белгилүү. Демек, жаратылыш газы, отун, нефтиден мурун суу бара-бара негизги роль ойноочу жаратылыш ресурсу болору турган иш.
Үнөмдүү пайдалансак сатканга да, сугатка да жетмек
Калктын саны өсүп, ишканалар көбөйгөн сайын сууга болгон муктаждык да өсөт. Демек, сугат суу, ичүүчү таза сууну рационалдуу пайдаланууга өтүшүбүз керек. Тилекке каршы, дүйнө жүзү боюнча суу Борбор Азияда эң арзан болгону менен аны колдонуу (ысыраптоо) өтө жогорку деңгээлде. Алсак, Түркмөнстанда жыл ичинде бир кишиге 4,35 миң метр куб суу кетсе, Өзбекстанда 1,76 миң метр куб, Казакстанда 1,31 миң метр куб, Кыргызстанда 1,17 миң метр куб жана Тажикстанда 1,04 миң метр куб суу керектелет. Тагыраак айтканда, Борбор Азия өлкөлөрүндө сууну үнөмдөө, туура пайдалануу сакталбайт. Ичүүчү таза сууну сугатка, курулушка, керек болсо дааратканага деле агызып колдоно беребиз. Ал эми Норвегияда ушул тапта 1,5 литр таза суу 2,32 доллар болсо, Коста-Рикада 1,91 доллар, АКШда 1,80 доллар, Испанияда 1,70 доллар, Швецияда 1,58 доллар турат. Буларды мисал кылганыбыздын да жөнү бар. Себеби, биз да акырындык менен сууну башка өлкөлөргө сатуу жолун ойлонуштурушубуз керек.
Мисалы, булактардан түшкөн сууларды бөтөлкөлөргө куюп, Бириккен Араб Эмираттары, Испания, Норвегия өңдүү өлкөлөргө экспорттосок неге болбосун. Тоодон түшкөн сууларды жүздөгөн жылдар бою какырап, иштетилбей жаткан талааларыбызга жеткирсек каналдарга кеткен чыгымдар саналуу жылдарда кайра ордуна келет. Ошону менен бирге эле азык-түлүк коопсуздугубуз да кыйла оңолмок. Суу, жер колдо турат. Болгону аракет кылып иштешибиз гана керек.
Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»