Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Миңден ашык адам коопсуз аймакка көчүрүлдү. Сел 5 жашар бөбөктүн өмүрүн алды. Суу 47 үйдү, 5 соцобъектини, 5 трансформаторду каптап, 8 бодо, 42 майда малды агызып кеткен.
Түнү менен аймактарда райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүздү. Ыкчам иш-аракеттер уланууда.
Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык.