whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүМугалимдердин эмгек өргүүсүн төлөөгө 7 млрд. сом бөлүндү

Мугалимдердин эмгек өргүүсүн төлөөгө 7 млрд. сом бөлүндү

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылы үчүн жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдерине эмгек өргүүсүн төлөө жөнүндө маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына караганда, мугалимдер эмгек өргүүсүн 2024-жылдын 1-июнунан тарта ала башташты. Мугалим жана билим берүүнүн башка кызматкерлерине эмгек өргүүсүн төлөөгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 7 млрд. сомду түздү.

2024-жылдын июнь айынын эмгек өргүүлөрү жана эмгек акылары жалпы билим берүү мектептеринин эсептөө счетторуна 2024-жылдын 11-июнунда которулган. Ошентип:

  • Бишкек шаарында кыргыз тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 102 миң сомду түзүп, колуна 82 миң сом алды;
  • Ош шаарында физика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 101 миң сомду түзүп, колуна 81 миң сом алды;
  • Аламүдүн районунда орус тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 143 миң сомду түзүп, колуна 115 миң сом алды;
  • Ат-Башы районунда мугалимдин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 94 миң сомду түзүп, колуна 77 миң сом алды;
  • Москва районунда математика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 104 миң сомду түзүп, колуна 84 миң сом алды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар