whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.12.2025
-15.9 C
Бишкек
Башкы беткеСпорт жана туризмСпортАзия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча жаштар курамасы командалык эсепте 2-орунду ээледи

Азия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча жаштар курамасы командалык эсепте 2-орунду ээледи

Кыргызстандык балбандар эркин күрөш боюнча жаштар арасында Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында командалык эсепте 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эркин күрөш боюнча ата мекендик спортчулар 6 медаль жеңишти: 3 алтын, 2 күмүш жана 1 коло. Азия чемпиону наамын Садыр Кайыпбеков (45 кг), Өмүрбек Асан уулу (60 кг) жана Нурсадык Нурдинов (65 кг) алышты. Күмүш байгеге Нуртилек Замирбеков (61 кг) жана Курсантбек Исаков (65 кг) ээ болушту. Ал эми коло медалга Самидулло Алимжанов (80 кг) татыды.

Мындан сырткары, грек-рим күрөшү боюнча Ислам Темирбеков (48 кг) жана Элдар Мурзакулов (55 кг) коло байге жеңишти.

Ошондой эле кыз-келиндер арасында Асема Төрөгелдиева (49 кг) жана Асель Жапарова (61 кг) үчүнчү орунду ээлеп, коло байгеге татышты.

Эске салсак, Азия чемпионаты Иорданиянын борбору Амман шаарында 22-июнь күнү башталып 26-июнда жыйынтыкталды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар