Кошумча Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында дагы 2 абитуриент «алтын сертификатка» ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, май айындагы ЖРТга жүйөөлүү себептер менен катыша албай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 21-23-июнда кошумча тестирлөө өткөрүлгөн.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева анын жыйынтыгында эки абитуринет «алтын сертификатка» ээ болгонун министр Догдуркүл Кендирбаевага айтып берди.
Алар:
- Абдумалик Турсунов (231) – Ош облусу, «Профессор П.К.Купуев атындагы Академиясы» мекемеси;
- Айчүрөк Ишенбекова (225) – Бишкек шаары, №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы бүтүрүүчүсү.
Белгиленгендей, Айчүрөк Ишенбекова 2023-жылы дагы ЖРТ тапшырып, 232 упай менен «алтын сертификатка» ээ болгон.
Белгилей кетсек, 21-июнунда 2024-жылдагы ЖРТнын жыйынтыгында эң жогорку упай эң жогорку упай 234тү түзгөн. Ал эми жогорку упай алган 56 абитуриент «алтын сертификатка» ээ болгон.