whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
7.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарАкылбек Түмөнбаевдин демилгеси менен Түп дарыясына жаңы көпүрөнүн курулушу башталды

Акылбек Түмөнбаевдин демилгеси менен Түп дарыясына жаңы көпүрөнүн курулушу башталды

“Элдик” депутаттык тобунун лидери, депутат Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун Түп районуна иш сапар менен барды. Эл өкүлү аймактагы көйгөйлүү социалдык объекттерди кыдыруунун алкагында, Бирлик айылындагы Түп дарыясынын жээгиндеги кооптуу тилкелердин абалы менен таанышты.
Түп дарыясы – Түп айыл аймагында, Бирлик менен Сары-Дөбө айылдарын бөлүп турат. Калктын 80 гектар үлүш жери дарыянын аркы өйүзүндө жайгашкандыктан, эл дарыяны кечип өтүп келишкен. Жазында суу көтөрүлгөн маалда кыйла кыйынчылык туулат.
2017-жылы контейнерден көпүрө салынып, бирок ал талапка жооп бербегендиктен улам колдонууга берилген эмес. Мындан улам, айылдыктар үчүн жаңы көпүрө салуу зарылдыгы турган.
Эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев көпүрөнү өз каражатына куруп берүүнү колго аларын билдирди. Тиешелүү адистер чакырылып, жаңы көпүрөнү куруу боюнча иш-аракеттер башталды. Көпүрөнүн капиталдык курулушу жакынкы күндөрү даярдоо иштеринен кийин башталары айтылды.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар