Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Таласта 17 млн. сомдук тамекини мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылышкан

Таласта акциздик маркасы жок тамекилерди аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

25-июнда «Транспорт каражаттарын жана жүктөрдү кароо» чек ара тозоту тарабынан Кыргызстандын аймагынан чыгып келе жаткан учурда А.Н.Н. аттуу КР жараны башкарып бара жаткан «DAF» үлгүсүндөгү 07KG932ACQ мамлекеттик каттоо номердик белгиси жана 07KG614PA мамлекеттик номурлуу чиркегичи бар жүк ташуучу унаа кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө автотранспорттун ичинен милдеттүү акциздик салык салынуучу 716 кутучадан акциздик маркасы жок «ORIS» маркасындагы тамеки буюмдары табылды. Кармалган жүктүн баасы болжол менен 17 млн. сомду түзөт.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана укуктук баа берүү үчүн материалдар автоматташтырылган маалымат системасынын маалымат журналына катталды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар