whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.01.2026
-10.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомПенсияга чыгуу тартиби өзгөрөт

Пенсияга чыгуу тартиби өзгөрөт

Учурда Кыргызстанда эркектер пенсияга 63 жаштан, аялдар 58 жаштан чыгат, ал эми талап кылынгандан ашыкча стажы бар болсо үч жыл эрте чыгууга мүмкүндүк бар. Эми 1-июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы токтойт.

Бул тууралуу Соцфонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов: “1-июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлат, бирок беш жыл иштегендерге пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнө баштайт”, – деп билдирди.

“Кыргызстанда эркектер пенсияга 63 жаштан, аялдар 58 жаштан чыгат. Ошол эле учурда эгер киши пенсия курагына жете электе эле талап кылынган кошумча 15 жыл эмгек стажысы болсо, ага мөөнөтүнөн мурда, үч жыл эрте пенсия чегерилчү (эркектерге 60 жашында, аялдарга 55 жашында).

Ошол эле учурда пенсиянын базалык бөлүмүн толук алыш үчүн эми эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынбайт. 1-июлдан баштап беш жылдык эмгек стаж менен деле пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнөт”, – деп кошумчалады.

Анын айтымында, буга чейин стаж толук болбогон учурда пенсия теңдемелүү эсептелип келген. Эмгек стажысы жете электерге базалык бөлүк болгон 3 170 сомдун жарымы гана төлөнчү. Июлдан тарта толук төлөнүп калат. Башкача айтканда, беш жылдан кем иштебегендерге базалык бөлүмдүн баары берилмекчи.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

Мурунку макала
Кийинки макала

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар