Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, өлкөдөгү пенсияларды жогорулатуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
Бул маселе боюнча Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев баяндама жасады.
Анын айтымында, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен пенсионердин жашоо минимумунан кем кылбоо үчүн пенсиялар 2024-жылы көбөйөрүн белгиледи. Бул үчүн 2 этап менен кошумча 20 млрд. сом бөлүнөт. Пенсияны жогорулатуунун 1-этабы 2024-жылдын 1-июлунда ишке кирип, анда эң минималдуу пенсия 3 500 сом болот. Ал эми 2-этап октябрь айында ишке кирип, өлкөдө эң минималдуу пенсия 6 900 сомду түзөт.
Мамлекет башчысы учурда өлкө өнүгүү жолуна түшкөнүн баса белгиледи. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 18%га, бирок 1000 сомдон кем эмес жогорулайт, башкача айтканда жогорулатууну жана пенсионердин жашоо минимумунун өлчөмүнө чейин жеткирүүнү эске алуу менен пенсиянын базалык бөлүгү жогорулайт.
“Жөнөкөй тил менен айтканда, жалпысынан пенсиянын өлчөмү 6900 сомдон кем болбойт. Бүгүнкү кабыл алган Жарлыгыбызда дал ушул маселе чагылдырылган. Муну менен биз Конституциянын талаптарын аткарып жатабыз. Бул пенсиялык камсыздоо практикасында алгачкы жетишкендигибиз болуп олтурат. Буга чейин колуна 1000 сом алган пенсионерлер эми 10-июлдан тарта 3 500 сомдон ала башташат. Ал эми 10-октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомдон кем эмес болот. Бул оңойго турган жок, бирок биз буга акыркы жылдары коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө каршы активдүү жана элдешкис күрөш жүрүп жаткандыгынын, жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында өлкө экономикасынын өсүшүн камсыз кылуу менен жетише алдык”, — деп Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктап, кол коюлган Жарлыктын маанилүүлүгүн айта кетти.