whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.01.2026
-9.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАзия өнүктүрүү банкы билим берүү тармагын реформалоого $40 млн. берет

Азия өнүктүрүү банкы билим берүү тармагын реформалоого $40 млн. берет

Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Белгиленген макулдашуулар мектептин жана жогорку билим берүүнүн деңгээлинде илимге, технологияга, инженерияга жана математикага өзгөчө басым жасоо менен бардык предметтерди окутууну жакшыртууга багытталган.

Макулдашуулар менен КР өкмөтүнүн 2021-2040-жылдарга Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү программасын санариптик окутуу жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүк, ар бир окуучунун билимин жана компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо, педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу, педагогикалык кадрлардын потенциалын өнүктүрүү, мектепти профилдештирүү бөлүгүндө, анын ичинде математикалык, табигый-илимий, технологиялык билим берүү жааттарында ишке ашырууга колдоо көрсөтүү үчүн финансылык каражат бөлүп берүү каралат.

Аталган макулдашуулардын алкагында Кыргызстанга 40 000 000 (кырк миллион) АКШ доллары өлчөмүндө (20 миллион доллары — гранттык негизде жана 20 миллион доллары — кредиттик негизде) финансылык жардам көрсөтүлөт.

Гезит

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ: “Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык

       Мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти,  “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу боюнча “Уңгужолдун насааткери” сертификатынын ээси Дөөлөтбек...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар