Суббота, 28 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

“Эркин Тоо” жана эл чарбасы

(2-макала)

 “Эркин Тоо” гезити Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун эл чарба саясатын жүргүзүүдө өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон. Бул багытта гезиттин ар бир санында элди эмгекке үндөгөн, “Кошчу уюмдарына”, артелдерге, кооперативдерге жол көрсөткөн макалалар байма-бай жарыяланып турган.

Бузук сокоңду түзөтүп, арык өгүзүңдү семиртип…

“Эркин Тоонун” №6 (16-февраль, 1925) санында жарык көргөн “Ушу баштан эгин айдоого камынуу керек” аталган макаладан, ошол учурдагы айыл чарбасындагы кырдаалды толук көзгө элестете алабыз.

Макаладагы маалыматтарга караганда 1917-жылга чейин Каракол жана Пишпек округунда кайрак жана сугарылган жерлерди жалпы алганда – 263 600 теше (гектар) жерге эгин айдалса,1924-жылы ушул эле эки округда болгону 24 770 теше жерге кайрак, суу баскан жерге 98 057 теше эгин айдалган.

Жалал-Абад жана Ош округунда 1917-жылга чейин кайрак, суу баскан жер болуп 200,000 тешедей жер айдалса, 1924-жылы баарын алганда 110 367 теше жер айдалыптыр. Же болбосо, 1924-жылы Кара-Кыргыз облусу боюнча аштык айдала турган жердин 51,18 пайызы гана пайдаланылып жатканы айтылат.

“…Ушу баштан дыйканчылыкты оңдоп, айдалбаган, себилбеген тердиктей жер калтырбай сээп, чарбачылыкты көтөрүү керек, мууну катпаган жаш кыргыз өкмөтүнүн чарба саясатынын  (кожолугунун) түпкү теги дыйканчылыктын өсүп өнүгүшүнөн табыла тургандыгын, кыргыз топурагында жашоочу жарды-жалчылар унутпашы керек”, – деп айтылат макалада.

Ошол эле учурда Кара-Кыргыз облусунун буга байланыштуу алдыдагы милдеттери көрсөтүлөт: “Эриктүү кыргыз облусунун чарба кожолугунун негизи дыйканчылык менен мал чарбасы. Ошондуктан өкүмөт алдыдагы кош айдоо мезгил болгонго дейре бир жагынан соку шаймансыз, унаасыз, үрөнсүз дыйкандарга жардам берүүнүн камын көрүп, экинчи жагынан аштык айдай турган кембагал дыйкандардын өздөрүн үндөп, ушу баштан бузук сокоңду түзөтүп, арык өгүзүңдү семиртип, үрөнүңдү тазалап, камылгаңды жаңыла деп көз кулак (баш-көз – Т.А.) болмокчу. Өкмөт өзү жаңыдан курулуп, колунда жеткилең дүнүйөсү жок болуп, дыйкандарга аштык айдай турган жабдыктарды толук бере албаган менен колдон келгенинче жер-суу мекемелери, түрдүү кеперетифтер (кооперативдер), айыл чарбачылыгын жөндөй турган уюмдар ачып, ошолор аркалуу дыйкандарга керектүү кош жабдыктарын алып берүүгө көбүрөөк көз салуу керек”. (Иштеген Т.А.)

Жазгы мээнет күздө кайтат…

“Эркин Тоонун” ушул эле санына “Облустук дыйканчылык комитетинин  “Жолдош дыйкандар!” деген кайрылуусу жарыяланган. Анда кыргыз облусунда “дыйкандар байлыгын арттыруу үчүн эгин айдай турган жер көп экендиги, 1914-жылы 600 миң теше жер айдалганы, ал эми 1924-жылы 300 миң теше жер айдалбай калганы” айтылат. Бул үчүн “Эриктүү кыргыз облусу дыйкандарга жардам берүүдө канчалык кыйынчылык болсо да тырышып, аракет кылып жатканы, үрөн тазалоо бөлүмдөрү ачылганы, кара көсөлүү үрөндөр болсо ошол бөлүмдөн дары алып тазаласа таза эгин ала тургандыгы, мындай бөлүмдөрдү ар бир айыл-кыштакта ачууга аракет болуп жатканы” белгиленет.

“Жолдош дыйкандар! Бир би­риңиздерге унаадан жардам кылыңыз­дар! Үрөн жетишпей бечаралардын керектүү жери айдалбай калбасын. Айыл өзгөрүш комитети, кошчу уюму өз айылдарына жардам берүүнү уюштуруулары керек. Айылдарда алсыз, бечара адамдардын, кызыл аскер кызматында болгондордун жери айдалбай калууга тийиш эмес.

Жазгы мээнет күздө кайтарын эске алгыла! Биздин урааныбыз эгин айдоого жарай турган барлык жерлерди уруштан мурун канча айдалса, ошондой толтуруп айдоо болот”, – дейт макалада. (Иштеген Т.А.)

Кеперетиф иши жөндөлсүн!

“Эркин Тоо” гезитинин эң алгачкы кызматкерлеринин бири, айтылуу түрколог Кусеин Карасаевдин гезиттин ушул санына жарыяланган кыс-ка маалыматын кыйгап өтө албадык. Мындан көрүнүп тургандай сабаты ачылган, көкүрөгү тунук кыргыздын туңгуч интеллигенциясынын өкүлдөрү жаңы замандын өнүгүү багыттарынын жарчысы болушкан.

“Кыргыз эрктүү облусу айыл кыштактарга назар салып, кыргыз кедей кембагалдарын уюштуруп, мурунку эски кеперетиф (кооператив) орундарын кайрадан жөндөөсү керек. Калк арасында жаңыдан кеперетиф (кооператив) ачылса экен. (Иштеген  Т.А.)

К. Карасай уулу

Үркүндө качкандар салыктан куткарылган

“Эркин Тоонун” №119 (1926-жыл 28-октябрь) санынан СССР БАКтын Президиумунун чечими менен Кытайдан Кыргызстанга кайтып келген  кыргыздарга 5 жылга айыл-чарба салыгын төлөбөө укугу берилгенин окуйбуз.

“…Кыргыз калкы падыша өкмөтүнүн саясатына карай каршы болуп, өз жерлерин таштап качууга туура келген. Падыша өкмөтү, кыргыздардын 1916-жылдагы козголоңун өзүнүн туткан саясаты аркылуу чыгарып, кыргыз калкын оор кордуктарга учураткан. 60 миңче кыргыз өлтүрүлүп, далай айыл-кыштактар кыйратылган. Качкын кыргыздар Кеңеш өкмөтү убагында өз элдерине кайтууга мүмкүндүк алып олтурат”, – деп жазылат макалада.

Салык демекчи, “Эркин Тоонун” №1 (7-ноябрь 1924-жыл) санына “Чарба салыгы тууралуу эмне билүү керек?” деп аталган көлөмдүү макала жарыяланып, “мамлекеттин чыккан чыгымын жаап туруу үчүн эл салык төлөбөсө болбой турганы” айтылып, салыктын өлчөмдөрү  белгиленген. Башкача айтканда, салык саясаты Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун “Эркин Тоо” гезити аркылуу элге жеткирүүгө аракет кылган эң алгачкы, негизги багыттарынын бири болгон.

1924-1927-жылдардагы жылыштар

1924-1927-жылдардагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун эл чарбасын өнүктүрүү багытындагы аракеттер, дегеле туңгуч мамлекетибиздин түптөлүшү чоң кыйынчылыктар менен коштолгон. Ошого карабастан бул жылдардын аралыгында жер-жерлерде мамлекеттик бийлик чыңдалып, эл чарбасы аздыр-көптүр оожалып калганын көрөбүз.

“Эркин Тоо” гезитинин №121 (2-ноябрь 1926) санына жарыяланган Кара-Кыргыз облустук аткаруу комитетинин эсеп-кысап жылында (азыркыча: отчеттук мезгил) аткарылган иштер тууралуу “Прунза шаар Кеңешинин 7-кең жыйылышы” аталган көлөмдүү макаладан кызыктуу маалыматтарды табабыз.

Кеңеш курулушу

Кыргызстандагы жаңы райондорго бөлүү жолунун максаты уруучулук, жаатчылык бөлүнүүнү жок кылып, кедей дыйкандардын чарба жана маданияттарын көтөрүүгө жардам берүү болот.

Облустук аткаруу комитетинин райондоштуруу тууралуу долбоорун 30 миң чамалуу киши текшерип өттү. Ошол текшерүү менен бирге, болуштук, жана айылдык аткаруу комитеттеринин конференцияларында, долбоордун дурус түзүлгөндүгүн айтышып, долбоорду өзгөртпөй бир ооздон кабыл кылышты.

Өзгөрүш мыйзамын бузуучулар менен күрөшүү

Бай-манаптардын оң  көзү болуп, айыл  арасында  уруучулдук,  жаатчылдыкты баштап, өкмөттүн салыгын мыйзам бузуп жеп жүргөн атка минерлер, чоң орундакы кызматкер болсо да эч ырайымсыз жаза бериле тургандыгын Кеңеш өкүмөтү калкка билгизет.

Салык жана акча иштери

Макалада Кыргызстандын салык акча иштери жакшы жол менен бара жаткандыгы көрсөтүлүп, 2 айдын ичинде 200 миң сом мурунку жылдарда жыйылбай калган салыгы жыйылганы, бул жагынан  Кыргызстандын бүткүл Орто Азияда биринчи орун алганы белгиленет. “Кыргызстандын жергиликтүү бюджети жылдан жылга өсүп келе  жатат.  Былтыркы бюджеттен быйылкы  бюджет 24  пирасентке (пайыз) ашты. Башка Р.С.П.С.Рдагы (РСФСР) улуттардын бюджети 10 пирасентке да жете албай жатат.

Айыл чарбачылыгы

Кыргызстанга 1924-жылы 170 миң сомдук айыл-чарба машине аспаптары киргизилген болсо, 25-26-жылдарда 600 миң сомдук киргизилип, 27-жылга бир милийон (миллион) сомдук киргизилмек болуп турат.

Жакында кант зооту (заводу) ачылмак. Борбор Кыргызстанда кант кызылчасынын жакшы чыгышын билип, борбор кант зоотун салууга биринчи жолу 400 миң сом берип олтурат. Мындан башка дагы маданий өсүмдүктөрдөн: кендир, кенеп Кыргызстанга чоң пайда келтирери билинип калды. Ушу күнгө чейин отунга жагылып келаткан кендир менен кенеп, мындан бир нече жылдан кийин тешесине 400-500 сом пайда келтиреринде шек жок.

«Кенеп» шериктиги Кыргызстандагы 3 айыл-чарба кеперетибтерине (кооперативдерине) быйылкы жылы тешесине жүз сомдон кенеп жана кендир айдоо үчүн берип олтурат.

Өнөр жайы,тоо-кен байлыктары

Облустук аткаруу комитетинин күчү аркасында Кыргызстанда 48 жез, 38 коргошун, 36 таш көмүр, 9 алтын, 16 темир жана кара май (нефти) майы чыгара турган жерлер табылып олтурат. Мындан мурда борбор бул байлыктардын бардыгына анык көзү жетпегендиктен, аларды иштетүү үчүн каражат берген жок. Азыркы күндө облустук аткаруу комитети Кыргызстандагы жогорку айтылган байлыктарды иштетип, киреше алууга боло турганына ишенет.

Көк Жаңгак көмүр кенинде 4 милийарт (миллиард) пут (центнер) чамалуу көмүр байлыгы бардыгы билинет. Муну иштеп чыгаруу үчүн борбор 350 000 сом акча бермек болду. Аламүдүндөгү иликтирик истансасы (электр станциясы) салынып бүтсө күч алып, көтөрүлүп кетишинде шек жок. (“Аламүдүн” ГЭСинин биринчи каскады 1929-жылы бүткөрүлгөн. Кыргызстандагы эң алгачкы ГЭС).

Соода, кеперетип иштери

Соода иштери да күндөн күнгө оңолуп, күч алып келе жатат. Өкмөт соода бөлүмдөрү тарабынан Кыргызстанга мал күндөн күнгө көп кирип, кеперетибтер (кооперативдер) күч алып, жай соодагерлер кеперетип жок жерлердеги айыл-кыштактарга кача баштады.

Өкмөт соодасынын максаты, калк ичинде өз соодаларын жүргүзүп, жай соодагерлерди жоготуу болмокчу.

Макаланы иштеп чыккан –Темирбек Алымбеков

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар