26-июлда Парижде баштала турган жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт. Курама команданын капитаны Акжол Махмудовго өлкөбүздүн туусун тапшырып жатып, Президентибиз Садыр Жапаров үмүт, ишенимди актап, алтын медаль утуп келүүлөрүн тилек кылды. Париж олимпиадасында биздин команда спорттун беш түрү боюнча катышат. Атап айтканда: күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер), жеңил атлетика, сууда сүзүү, бокс жана дзюдо боюнча.
Грек-рим күрөшү боюнча
- 60 кг салмакта Кыргызстандын намысын Жоламан Шаршенбеков коргойт. Ал 1999-жылы 29-сентябрда Талас облусундагы Манас районуна караштуу Баласаруу айылында туулган. Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону.
- 67 кг салмакта Амантур Исмаилов чыгат. Ал 1997-жылы 27-декабрда Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.
- 77 кг салмакта Акжол Махмудов күрөшөт. Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. Азия оюндарынын (2023) алтын, (2018) күмүш жана Токио Олимпиада оюндарынын (2021) күмүш медаль ээси. Парижде алтын медаль үчүн башкы талапкердин бири.
- 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков күч сынашат. Азия чемпионатынын жеңүүчүсү. 2019-жылы Азия чемпионатында алтын алган.
Эркин күрөш боюнча
- Парижде 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу күрөшөт. 2000-жылы 3-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районунун (азыркы Ч.Айтматов) Аманбаев айылында туулган. 2023-жылы жаштар арасында Азия чемпиону болгон.
- Эрназар Акматалиев экинчи ирет олимпиадага катышканы турат. Ал 65 кг салмакта күч сынашат. Эрназар 1998-жылы 2-июлда Нарын облусунун, Нарын районунун Орто-Нура айылында туулган. Эркин күрөш боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери.
- Оор салмакта Айаал Лазарев. 1986-жылы 19-мартта Якутияда төрөлгөн. Эркин күрөш боюнча Азиянын чемпиону жана Дүйнөлүк Кубоктун ээси. Кыргыз Республикасынын эл аралык спорт чебери. Кыргызстандын 10 жолку чемпиону.
- Кыргыз спортунун сыймыгы Айсулуу Тыныбекова төртүнчү ирет олимпиадага катышат. Дүйнөнүн үч жолку жана Азиянын алты жолку чемпиону, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси. Париж Олимпиадасында 62 кг салмакта күрөшөт.
- Айпери Медет кызы дүйнөлүк аренада таанылган балбан кыз. Бир нече жолу эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон. 76 кг салмакта күч сынашат.
- Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан кыздарыбыздын бири Мээрим Жуманазарова. Токио Олимпиадасында коло медаль уткан. Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Мээрим 68 кг салмакта баш байге үчүн мөрөй талашмакчы.
Сууда сүзүү
- Сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов барды. Денис Азия чемпиону аталып, эл аралык турнирлерде байгелүү орундарга ээ болгон.
- Бул боюнча Елизавета Печерских (мурдагы фамилиясы Рогожникова) катышат. Сууда сүзүү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. 2019-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында 2 күмүш жана 3 коло медаль
жеңген.
Жөө күлүк
- Жердиги орусиялык жөө күлүк Сардана Трофимова 1988-жылы 28-мартта Якутияда төрөлгөн. Ал 2022-жылдын май айында Кыргызстандын жарандыгын алып, өлкө намысын коргоп келатат. Парижде марафондук жарышка катышат.
Бокс
- Бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу намыс талашат. Кыргызстандын эгемендик тарыхында чоңдор арасында байге уткан алгачкы мушкер. Мындан сырткары, Азия чемпионатында, Студенттер аралык Дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болгон.
Дзюдо
- Эрлан Шеров Париж Олимпиадасынын ачылыш аземинде Кыргыз туусун көтөрүп чыгат. Дзюдо боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. 2024-жылкы Дүйнө чемпионатынын коло байгесине ээ болуп Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу дзюдо боюнча байгелүү орунга жеткен. Ал 90 кг салмактагы атаандаштары менен мөрөй талашат.
- Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча спорт чебери. Эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. 66 кг салмакта күрөшөт.
26-июлда Парижде баштала турган оюндарга 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышаары күтүлүүдө. Спорттун 32 түрүнөн 329 комплект медаль ойнотулуп, жеңүүчүлөргө ыйгарылат. Ушуну менен Париж үчүнчү ирет Олимпиада өткөргөнү жатат. Бул шаарда Олимпиада оюндары 1900-жылы 1924-жылдары болгон. Париж Олимпиада үч жолу өткөн Лондондон кийинки экинчи шаар болуп тарыхта калмакчы.
Кабыл МАКЕШОВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер