Пятница, 27 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Төлөбек АБДЫРАХМАНОВ: “Кыргыз Улуттук университети Эл аралык Excellent Quality 5 жылдыз сыйлыгына татыктуу болду”

Кыргыз мамлекети менен тагдырлаш, окуу жайлардын флагманы Кыргыз Улуттук университетинин уюштурулганына быйыл 99 жыл болот. Кылымга жакын убакыт ичинде айтылуу окуу жайы бардык кыйынчылыктар менен бирге эле айтаарлык ийгиликтерди жаратты. Улуттук окуу жайыбыз жүздөгөн, миңдеген мамлекеттик, маданий, саясий, социалдык кызматкерлерди даярдап чыгарды, ошол эле учурда илимий ишмерлерди даярдап чыгарган окуу ордосу.
Окуу жайдын учурдагы ректору Төлөбек Абдырахманов келгени окуу жайда айтарлык өзгөрүүлөр, заманбап жаңылануулар болуп жатканын билебиз. Ошондуктан, ректорго төмөнкү суроолор менен кайрылдык. 

– Төлөбек Абылович, сиз Ж. Баласагын атындагы Улуттук университетке ректор болгонуңузга эки  жылга жакындап калды. Кандай жыйынтыктар жана өзгөрүүлөр болууда?

– Рахмат. Чындыгында бат эле эки жылдай болуп калды. Белгилүү болгондой мамлекет, үй-бүлө же университет болобу, өнүгүү менен өзгөрүүнүн өзөгү экономика болот эмеспи. Бул аралыкта университеттин атайын эсеп боюнча кирешеси болжол менен 2 эсеге өсүп, Кыргызстандын “миллиардер” университеттеринин катарына кирдик.

– Сөз деген сөз. Окуу жайдын экономикалык абалынын оңолгонун факты менен айтып бере аласызбы?

– Албетте. Мисалы, окутуучулардын орточо эмгек акылары 2022-жылга караганда 47% өстү. Окуу жайдын ремонт-курулуш иштерине 2022-жылга караганда 3,5 эсе көп каражат жумшалды.

Университеттин окутуучу кызматкерлеринин иш-сапарларын каржылоо чыгымдары эки жылда 3 эсе өсүп, 6 млн. сомдон ашты.  Социалдык жеңилдиктерди берүү  4 эсеге көбөйүп, 2023-жылдын соңунда 5 млн. сомдон жогору болду. Ал эми студенттерге берилген жеңилдик жалпысынан 2023-жылы 9 млн. сомго жетти.

– Кыргыз Улуттук университети Эл аралык Excellent Quality 5 жылдыз сыйлыгын алганын билебиз, ийгиликтериңиздер менен бөлүшө кетпейсизби?

– Ооба, Улуттук университет өзүнүн тарыхында биринчи жолу билим берүү сапаты боюнча Эл аралык аккредитациянын 6 программасын ийгиликтүү өткөрүп, ал эле эмес алардын бардыгы тең Эл аралык Excellent Quality 5 жылдыз сыйлыгын алуу менен атайын Эл аралык реестрге киргизилди.

Акыркы эки жылда, эң негизги 2 принцип менен университеттеги  билим берүү программаларын өзгөрттүк. Биринчиден, азыркы мезгил талабына жооп бербей калган 8 бакалавр жана магистрлик программалар боюнча адис даярдоо токтотулуп, жаңы коом талабына төп келген заманбап 40  билим берүү программалары ачылды.

Экинчиден, Улуттук университет илим-изилдөөчүлүк моделине багытталгандыктан, көбүрөөк басым бакалавриатка караганда, магистратура жана PhD  жаатында болууда.

Мисалы, акыркы 2 жылда бакалавриат өнүгүүсү 23%, магистратураныкы 25% болсо, PhD докторантураныкы 45% болду.

Мына ушундай аракеттердин негизинде  акыркы эки жылда  Ж. Баласагын атындагы КУУ студенттерди кабыл алуу боюнча республикада биринчи орунда болууда.

Мындан сырткары бир топ структуралык реорганизациялар болууда жана дагы-дагы жаңы варианттар каралууда.

– Жогорку окуу жайларында билим менен илим канаатташ жүрөт  эмеспи. КУУдагы илимий иштерге мамиле, анын жыйынтыгы кандай болууда?

– Өзүңөр айткандай КУУ илимий-изилдөөчүлүк багыттагы ЖОЖ болгондуктан илим жаатына өзгөчө көңүл буруудабыз. Эң оболу бул багытка ЖОЖдун атайын эсеп боюнча каражатынан дээрлик 1%  каралууда.

Анын ичинен  ички илимий грантка  4 млн. го жакын каражат бөлүү каралды. Кандидаттык, докторлук диссертациясын коргогондорго 30, 50 миң сом бир жолку төлөм берилүүдө.  Илим жаатындагы Ж.Баласагын атындагы 75 миң сомдук сыйлык каралды, Scopus сыяктуу рейтингдүү илимий журналдарга макаласы чыккандарга 15 миң сомдон жөлөк каражат берилүүдө. Университеттин типографиясы иштеп баштап, окуу жай кызматкерлеринин  эмгектери бекер басылып, чыгарылууда. Илимий изилдөөлөргө көмөк болот деген ой менен университеттеги Диссертациялык кеңештердин санын 2-3 эсе көбөйттүк.

– Төлөбек Абылович, сиз жетектеген окуу жайда Академиялык мобилдүүлүк бар. Анын мааниси, ишмердиги, Эл аралык байланыштар тууралуу токтоло кетсеңиз?

– Академиялык мобилдүүлүк – бул студенттерди же мугалимдерди алмашуу жолу менен башка жогорку окуу жайына, өлкө ичинде же чет өлкөдө окуу же изилдөө үчүн мүмкүнчүлүк түзөт.

Биздин университетте академиялык мобилдүүлүк эки негизги багытта жүргүзүлөт: Биринчиси, студенттерди кыргызстандык өнөктөш университеттерде жана чет өлкөлүк университеттерде окутуу.

Мобилдүүлүк программалары өнөктөш университеттердин ортосундагы келишимдердин алкагында ишке ашырылат. Академиялык мобилдүүлүк студенттерге, магистранттарга, жаш окумуштууларга Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин ар кайсы шаарларында жашоого, окууга, иштөөгө, машыгууга, башка маданият менен таанышууга, ар кайсы шаарлардан, өлкөлөрдөн, континенттерден дос күтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Андан тышкары, академиялык мобилдүүлүк программасы чет мамлекетте жашоо жана окуу табигый шартта чет тилин үйрөнүүгө жана практикалоого өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү берет; тил билүү деңгээлин жогорулатуу эл аралык эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү кыйла жогорулатат.

Академиялык мобилдүүлүк программасынын жана башка окуу жайлар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде студенттер 1 семестр же 1 жыл (өлкөнүн ичиндеги же чет өлкөдөгү) университеттерде билим алып келишсе болот. Программага 2-4-курстун студенттери катыша алышат.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде академиялык мобилдүүлүк программасы 2023-2024-окуу жылында жаңы деңгээлге чыкты. Мунун айкын көрсөткүчү катары студенттер менен окутуучу-профессорлордун эл аралык алмашууларга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн уюштуруудагы жана камсыздоодогу  ийгиликтүү,  жигердүү иш аракеттерин белгилеп кетүүгө болот.

2023-2024-окуу жылында биздин университетке Л.Н. Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университетинен (Казакстан Республикасы), Коркут Ата атындагы Кызыл ордо университетинен (Казакстан Республикасы), Казак улуттук аялдар педагогикалык университетинен (Казакстан Республикасы), Урал федералдык университетинен (Россия Федерациясы), Москва мамлекеттик лингвистика университетинен (Россия Федерациясы), Ш.Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинен (Өзбекстан Республикасы) жана башка өлкөлөрдөн келип, билим алып кетишти.

Ал эми биздин студенттер Университет Пуатье шаары (Франция) Гёте институту (Германия Федеративдик Республикасы), Ханбат улуттук университети (Корея Республикасы), Л. Н. Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университети (Казакстан Республикасы), Урал мамлекеттик экономикалык университети (Россия Федерациясы), Ярослав педагогикалык университети (Россия Федерациясы), Людвигсбург шаарындагы педагогикалык университети (Германия Федеративдик Республикасы), Каназава университеттеринде (Жапон мамлекети) билим алышууда.

Тышкы жана ички академиялык мобилдүүлүк боюнча студенттердин саны абдан көбөйүп жатат. Эгер 2021-2022-окуу жылында 133 студент чет өлкөлүк университеттерге барып келсе 2022-2023-окуу жылы 392 студент барып келишти.

Чет элдик мугалимдердин саны дагы арбып жатат.Окутуучулардан 2022-2023-окуу жылында чет өлкөлүк ЖОЖдордон 21 киши КУУга келсе, 2023-2024-окуу жылында 51 окутуучу-ыктыярчылар келишти.

Мындан сырткары бул жылдары КУУ Эл аралык 4 ассоциацияга жана 6 консорциумга мүчө болду.

– Окуу жайдын келечегине кандай баа берет элеңиз? 

– Окуу жай келечекте мындан дагы дурус болот деген ойдомун. Өткөн эки жылда негизинен келечектеги өнүгүү үчүн жакшы шарттар түзүлүп, перспективдүү өнүгүү багыттар аныкталды.

Эң негизгиси, башталган жана ишке ашырылып жаткан жаңылануу иштери окуу жайдын эмгек жамаатынан түшүнүүнү, жактырууну таап, колдоого ээ болуп жатат. Мындан дагы маанилүүсү  университеттин жамаатынын өзү  жаңылануу кыймылына келип, КУУнун жаркын келечеги үчүн жигердүү аракет  кыла баштады.

Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар