whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешДепутат Акылбек Түмөнбаев Түп районун кыдырды

Депутат Акылбек Түмөнбаев Түп районун кыдырды

Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу бир нече айылдарды кыдырып, өзүнүн демилгеси астында курулуп жаткан социалдык объекттердин абалы менен жеринде таанышты.
Курулуш иштери эл өкүлүнүн каржылык колдоосу жана чет элдик инвесторлордун салымы менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде аткарылууда.
Алсак, Түп районунун Кош-Дөбө айылында курулушу жаңы башталган 100 орундуу мектепти депутат өзү каржылоодо. Аталган айылда дээрлик 60 жылдан бери мектеп салына элек болчу. Имарат 2 кабаттуу болуп, ашканасы, спорт залы, жуунуучу жайы сыяктуу бардык шарттары менен курулуп, кийинки жылы колдонууга берилет.
Миң-Булак айылында да 150 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен курулуп жаткан билим уясы 2025-жылдын январь айында пайдаланууга тапшырылат.
Депутат Тогуз-Булак айылына болгон сапарында курулушу бүтүп, ички жасалгалары жүруп жаткан Ж. Асаналиев атындагы мектепте болду. 275 орундуу 2 кабаттуу жаңы мектеп имараты ушул жылы сентябрда иштей баштайт.
Райондогу көйгөйлүү социалдык объекттерди кыдырууда Бирлик айылындагы Түп дарыясына мындан бир ай мурун башталган көпүрөнүн курулушун көрдү. 2017-жылы контейнерден көпүрө салынып, бирок ал талапка жооп бербегендиктен улам колдонууга берилген эмес.
Көпүрөнү өз каражатына куруп берүүнү колго алган эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев иш жакынкы күндөрү толук бүтүп, көпүрө сентябрдын башында элге колдонууга берилээрин билдирди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар