whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.03.2025
12.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДен соолукОшМУнун клиникасында боор, бөйрөккө операциялар жасалат

ОшМУнун клиникасында боор, бөйрөккө операциялар жасалат

Ош Мамлекеттик университетинин (ОшМУ) медициналык клиникасында боор, бөйрөккө операциялар жасалат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов аталган окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында Түркиянын Малатия шаарынан келген İnönü (Инөнү) университетинин өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда айткан.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу бүгүн өткөн.

Жолугушууда профессор Ахмет Кызылай — İnönü (Инөнү) университети ОшМУ менен түзүлгөн меморандумдун алкагында баш сөөк, боор, бөйрөк органдарын алмаштыруу боюнча окуу жайдын медициналык клиникасынын дарыгерлеринин тажрыйбасын жогорулатуу боюнча окутуулар жүргүзүүлөрүн айтты.

Мэр Бакытбек Жетигенов бул демилгени колдоп, жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Мындан сырткары, Малатия шаары менен боордоштук байланышын түзүү маселелери да талкууланды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар