whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешДепутат Нурбек Сыдыгалиев Жумгал районуна иш сапары менен барды

Депутат Нурбек Сыдыгалиев Жумгал районуна иш сапары менен барды

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Нарын облусунун Жумгал районуна иш сапары менен барды.
Эл өкүлү райондо жүрүп жаткан бир нече социалдык курулуш иштери жана жолдорду оңдоо иштери менен таанышты. Жумгал айылындагы «Нур-жаз» бала бакчасынын курулушу, Жаңы-Арык айылындагы ҮДТнун имаратынын, Таш-Дөбө орто мектебинин, Түгөл-Сай айылындагы спорт залдын имаратынын, Байзак айылындагы 120 орундуу бала бакчанын курулуштары менен таанышты. Мындан тышкары бир катар айылдарды кыдырып мамлекеттик муниципалдык имараттардын оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыкты.
Нурбек Сыдыгалиев аталган курулуш объектилер менен таанышып, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрүнө бир нече тапшырмаларды берди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар