Суббота, 27 апреля, 2024
7.1 C
Бишкек

Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал режими алынды

 Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен 2024-жылдын 4-апрелинен тартып борбор калаанын аймагында өзгөчө кырдаал режими алынды.

Мэрия 28-марттагы катуу шамалдан келтирилген зыян болжолдуу түрдө 16,7 млн. сомду түзгөнүн билдирди.

Жалпысынан 10 киши жабыркаган. 144 бак кулап, 13 автоунаа зыян тарткан, 101 объектинин, анын ичинде 37 социалдык, 54 турак үйдүн жана башка имараттардын чатыры бузулган.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасына 31 атайын техника жана 143 кызматкер тартылган, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынан 21 атайын техника тартылган. Ошондой эле жоюу үчүн Чыгыш РЭСтин 12 бригадасы, Түндүк РЭСтин 10 бригадасы тартылган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар