Пятница, 26 апреля, 2024
13.1 C
Бишкек

Түркияда 33 киши кармалды

Түркияда 31-мартка белгиленген жергиликтүү шайлоолордун алдында кол салууларга даярдык көргөн деген кине менен «Ислам мамлекети» террордук тобуна байланышы бар 33 киши кармалды.

Өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая кармалган адамдар мыйзамсыз мечит жана диний мектептерде иштеп, «Ислам мамлекети» тобуна каржылык колдоо көрсөтүп жүргөнүн билдирди. Сакарья шаарында жүргөн рейд учурунда курал-жарак, нак акча жана «уюштуруу иштеринин документтери» табылган.

Түркияда акыркы 10 жылдын ичинде «Ислам мамлекетине» байланыштуу көптөгөн кол салуулар болгон. Быйыл январь айында Стамбулдагы чиркөө аткыланып, бир кишинин өмүрү кыйылса, 2015-жылы октябрь айында Анкарадагы тынч митингге кол салууда 100 киши мерт болуп, 246 адам жараат алган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар