Суббота, 27 апреля, 2024
8.1 C
Бишкек

Электрондук болгону менен кесепети баягы

Кыргызстанда тамекиге, электрондук чылымга (айкос) каршы күрөшүү мыйзамдары улам алмашылганы менен андан чеккендер азайып кеткен жок. Өлкөдө тамекинин кесепетинен жыл сайын 17 000ге жакын адам каза таап жатат. Өспүрүмдөр арасында айкоско көз карандылык күчөдү. Жакында ушул көйгөйлөр тууралуу тажрыйбалуу дарыгерлер билдирүү таратышты.

 Адам өмүрү кымбатпы же акчабы?

Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БСУ) тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциясына КМШнын ичинен биринчи болуп кирген. Ошого карабай, калкы тамекиден жабыр тарткан алдыңкы 3 өлкөнүн катарында. Анын себептеринин бири – тамеки чегүүгө каршы күрөшүү боюнча мыйзамдар дээрлик жыл сайын алмашып, анын аткарылышына кесепетин тийгизип келе жатат. Мисалы, 2021-жылдын 28-сентябрында кабыл алынган мыйзамда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынган. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин У.Ормонов, Э.Сатыбалдиев, А.Түмөнбаев ж.б. депутаттары бул мыйзам иштебей жатканын жүйө келтиришип, коомдук жайларда менчиктин түрүнө карабай тамеки чегүүчү жайларды ачып берүүнү милдеттендирүүнү сунуштап жатышат. Ал эми Онкология жана гематология улуттук борборунун торакалдык онкология бөлүмүнүн башчысы, профессор Мукаш Бейшенбаевдин пикири боюнча, бул тамеки компаниялардын кызыкчылыгын коргогон айрым саясатчылардын иши. “Экономика жана коммерция министрлиги тамекини өндүрүп чыгарып, сатуу тармагынан түшкөн киреше өлкө бюджетинин 0,7 пайызга жакынын түзөрүн айтты. Ал эми жүрөк-кан тамыр ооруларынан, дем алуу органдарынын катуу жабыркоосунан жыл сайын 17 000 адам каза болуп жатканын эмне үчүн эске албайбыз? Андан тышкары, тамекиден майып болуп жөлөк пул алгандарды, мамлекеттин жана жарандардын дары-дармектерди сатып алууларына кеткен каражат асман чапчыйт. Өлкөдөгү жүрөк-кан тамыр илдеттери менен жабыркагандарды дарылоого мамлекеттен жана оорулуулардан кеткен каражат жылына 17 млрд. сомду түзөрүн кардиологдор айтып жатышат. Ал эми биздин эсептөөбүз боюнча, жылына онкологиялык ооруларды диагноздоо, операция жасоо, дарылоого 20 млрд. сом сарп-талып жатат. Көрүнүп тургандай, бюджетке түшкөн кирешеге караганда келтирилген чыгым 50 эсе көп болуп жатат. Акыркы беш жылдан бери жеңил наркотиктерди колдонууга уруксат берүү боюнча демилге көтөрүлүп  жатат. Биз муну шок болуу менен кабыл алып жатабыз. Ошол сыяктуу эле 16 жаштагы өспүрүмдөргө тамеки сатып алып соодалоого уруксат кылууну, электрондук чылымга артыкчылык берүүнү калктын элитасы деген адамдар сунуштаганы жакшы көрүнүш эмес”, – дейт.

Коомдук тамактануу жайларында тамеки тартууга тыюу салынгандан бери тамеки өндүрүшүнүн, кафе-ресторандардын бизнеси жакшы жүрбөй калганын айрым депутаттар айтып жатышат. Англияда 2000-жылдардын башында чоң адамдардын арасында тамеки чеккендер 75 пайызга жеткен. Бул улуттун генефондуна катуу сокку урган көйгөйгө айланган. Ошол жылы Англия өкмөтү тамекиге каршы жазалоочу чараларды кабыл алууга мажбур болгон. Чылымга акциз салыгын көтөрүп, коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алганда, калк тынымсыз митингдерди уюштуруп, каршылык акцияларын өткөрүп турушкан. Ошол учурда алардын бийлик элитасында элдин ден соолугун эмес, тамеки компанияларын колдогон мафия күчтүү болгон. Ошого карабай, Англия мамлекетинин 20 жылдын ичинде тамеки чеккендердин санын 30 пайызга кыскартууга саясий эрки жетти. Бүгүнкү күндө алар 2030-2035-жылдары тамекиден биротоло тазарган өлкө болуу боюнча дымактуу программа кабыл алышып, калкынын генефондун сактоого чоң салым кошуп жатышкан чагы. Эксперттер Кыргызстанда да тамекиден арылуунун рычагдарын күчөтүү керектигин айтып жатышат.

“Жамаачы” мыйзам жакшы иштебейт

– Айкостун зыяны аз деген пикир калп, – дейт М.Мирахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борборунун пульмонологу Азамат Акылбеков. – Мисалы, сасык тумоо, өпкөгө суук тийүү ооруларына ингаляциялоо колдонулат. Аны менен өпкөнү сакайтуу үчүн аппараттагы дарыны ысытып буулануусу көбөйтүлөт. Ал эми ысытылган тамекини колдонуу деле ошонун өзү. Аны тартканда өпкө аркылуу уулуу заттар да ичкери сиңип турат. Жөнөкөй тамекиге караганда, ысытылган тамекинин онкологиялык оорулардын пайда болуусун тездеткен зыяндуулугу көп. Мындан тышкары, ысытылган нерселер өпкөнүн былжыр челин жабыркатат. Тамекинин курамында организмди талкалоочу никотин, оор металлдар  ж.б. 4000ден 7000ге чейин зыяндуу заттар бар. Тамекинин ар бир соруму өпкөнү “күйгүзүп” турат. Айкостун зыяндуулугу аз деп коомчулукту адаштыруу туура эмес. Мындай пикир тамеки бизнесинин кылмыштуу маркетинг системасы. Ошондуктан тамеки тартууга каршы мыйзамды катуулатып, анын аткарылышын көзөмөлгө алууну тездетүү керек. Анын үстүнө аракеттеги мыйзамда бир катар алешемдиктер бар. Айталы, мыйзамдын аткарылышын кайсы мамлекеттик орган көзөмөлдөп, кимиси айып пул салуу укугуна ээ экени көрсөтүлбөй, аны ишке ашыруунун механизимдери так жазылбай калган. Анын үстүнө, мыйзам кабыл алынганда “тамеки” деген сөз гана жазылып, насвай, электрондук тамеки тууралуу колдонуучу чаралар каралган эмес”,  – дейт.

Адистердин билдиргени боюнча, Кыргызстанда өпкө оорусу жалпы өнөкөт дарттардын 17,8 пайызын түзүп, жүрөк ооруларынын статистикасына жакындап бара жатат. Жарандардын дары-дармегине, ооруканада жатып дарылануусуна кетирген чыгым жыл сайын көбөйүүдө. Анткени, чачма дарылар, ингаляциялоо ж.б. препараттар жыл сайын кымбаттагандын үстүндө. Мисалы, бир эле чачма дарылоо 1500 сомго жетти.

Кыргызстанда 30 жылдан берки статистика боюнча эркектердин 50 пайызга жакыны тамеки тартары аныкталган. Бул сандын азайбай жатканынын себеби, алардын катарын жаштар толуктап жатат.

 Бизнестин лоббиси күчтүү болуп жатат

Айылдык ден соолук комитеттери ассоциациясынын координатору Рахатбек Мамытходжаев мындай дейт: “Бүгүнкү күндө тамеки тартууга каршы күрөш жүргүзгөн негизги мыйзамды кескилеп-кемитип өзгөртүүгө аракет кылган бизнес чөйрөсүнүн лоббисттери парламентте көп болууда. Депутаттар жыл сайын мыйзамды оңдой беришип анын таасирин солгундатып коюшту. Мисалы, коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорунда 18 жашка чейинкилерге тамеки сатууга тыюу салынган босогону 16 жашка түшүрүү сунушталып, өспүрүмдөр тамеки продукцияларын алып сатып, акча табуусуна уруксат берүү каралган. Мындай болгондо биз окуучулардын массалык түрдө тамеки тартуусун легалдаштырып бергени жатабыз”.

Ушундай эле, “жакшы тилек” менен өткөн жылдын январында депутат А.Түмөнбаев: “Тамекиге караганда айкостун зыяндуулгу аз, тамеки чеккендер айкоско өтсө ден соолугу көп жабыркабайт”, – деген демилгесин эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү колдогон.

Ошентип мыйзам кабыл алынып, айкоско карата акциз салыгы эки эсеге төмөндөтүлгөн. Андан бери 1 жыл өттү. Бюджетке 230 млн. сом түшпөй калды. Улуу муундагы тамеки чеккен жарандар айкоско өтпөй, мурдагыдай эле тамекисин чегип жатышат. Эң жаман жери, айкосту жашырып чеккен окуучулар көбөйдү. Ушул мыйзам кабыл алынганга чейин 9-11-классттын окуучуларынын арасында айкос чеккендер арбын болсо, азыркы учурда 5-6-класстагы балдар айкосту бири-бирине белек кылып берип жаткан фактылар кадам сайын учурайт. Эркек балдар аны “мода” көрүп, майрамдарда кыздарга айкос белек кыла баштаганын ата-энелер айтып жатышат. 4-класстын окуучуларынын сумкаларынан айкос табышса да, айрым ата-энелер аны флешка деп ойлоп алышкан. Мыйзамдардын тез өзгөртүүнүн аркасында ага кызыкдар болгон компа-ниялардын түрткүсү күчтүү болуп жатат. Бул “согушта” коомчулуктун, маалымат каражаттарынын колдоосу болбосо врачтар алсыз.

Электрондук чылымга акциз салыгын төмөндөтүү маселеси каралып жатканда ага каршы чыккан депутаттар азчылыкты түзүп калган. Мисалы, депутат Дастан Бекешев: “Айкостун зыяндуулугу аз деген жөн эле шылтоо. Анын үстүнө бул социалдык азык-түлүктүн категория-сындагы калк кеңири керектөөчү товар болбогон соң эмне үчүн акциз салыгы төмөндөтүлүшү керек? Чынында бир-эки тамеки компаниялар депутаттык топтордун лидерлерин көндүрүшүп, өз кызыкчылыгын коргоп жатканын билем. Бул абдан кооптуу иш”, – деп өзүнүн Телеграмм каналына жазган болчу.

Статистика боюнча, Кыргызстанда эркектердин 50, аялдардын 30 пайызы тамеки тартат, ал эми кээ бир аялдар жана балдар мезгил-мезгили менен тартып турушат. Башкача айтканда, болжол менен Кыргызстанда жашаган адамдардын ар бир үчүнчүсү тамеки азгырыгына дуушар болгон.

1-класстын окуучусунан айкос табылып жатат

Республикалык психикалык ден соолук борборунун медицина-психологиялык жактан жардам берүү бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Тинатин Сагынбаеванын билдиргенине караганда, өлкөдө өспүрүмдөр арасында тамеки тартуу жана психотроптук заттарды колдонгондордун саны жыл сайын өсүүдө. “Акыркы 2 жылда биздин борборго кайрылгандардын саны жүздөп саналат. Алардын арасында мектеп директорлору менен ата-энелер көбөйдү. Мурда мындай учур эч качан болгон эмес. Психоактивдүү препараттар 1960-жылдары айрым ооруларды сакайтуучу медициналык каражат катары колдонулуп келген болсо, бүгүн адистер алардан адам организмине терскери таасир тийгизүүчү заттарды табышты. Бул препараттардын молекулярдык структурасында баңгизат бар экени аныкталып жатат. Эң кейиштүүсү, ушул препараттарды өспүрүм балдар дарыканалардан эч тоскоолдуксуз сатып алышып колдонгон учурлар көбөйдү. Биз негизги 14 препаратты өзүнчө бөлүп алып, рецепт менен сатуучу дарылардын тизмесине киргизип берүүнү өтүнүп, Дарылар жана медтехника менен камсыздоо департаментине суроо-талап жөнөттүк. Андан тышкары, жаштар арасында электрондук чылымга көз каранды болгондор кескин көбөйгөнү чоң көйгөй туудуруп жатат. Атүгүл 1-класстын окуучуларынан да айкос табылган учурлар бар”, – дейт ал.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар