Суббота, 27 апреля, 2024
8.1 C
Бишкек

Сөз жүзүндө эмес, реалдуу реформа керек

Акыркы мезгилде мамлекетибиздеги ар тармакта бир топ өзгөрүүлөр болуп жатканы албетте, сүйүндүрбөй койбойт. Бирок, Саламаттык сактоо тармагындагы “реформа” дагы деле өз жолун таппай, чытырман токойдо адашып жүргөндөй. Муну айтканыбыз, декабрь айынын аягындагы карапайым калктын массалык түрдө сасык тумоолошу бул тармакта дагы деле эч кандай өзгөрүү боло электигин айгинелеп койду. Буга Саламаттык сактоо министрлиги чычалабаш үчүн кептин ток этер жерине токтололу.

Балык башынан…

Башканы айтпай Манасты айт дегендей, алгач өз башымдан өткөн бир фактыны келтирейин. Өткөн жылдын 22-декабрь күнү жубайым, 23-декабрда мен өзүм ооруп калдым. Ага чейин өлкө боюнча сасык тумоо күч алып, ооруканаларда орун жок болуп жатканын уккандыктан эки күн үйдөн дарыланып көрдүк. Өз алдынча дарылануу жардам бербей, жолдошум экөөбүз алсырай баштаганда 25-декабрда “Тез жардам” кызматына чалдык. “Тез жардам” кызматынан чалуулар көп болуп жаткандыктан эч кандай жардам бере алышпастыгын билдиришти. Айлабыз кетип медициналык кеңеш берүүлөрүн өтүндүк. Бизге андай кеңеш бере ала турган адис жоктугун билдирген “Тез жардам” кызматынын адиси өзүбүз катталган Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна (ҮДТ) баруубуз керектигин айтып байланышты үзгөнгө шашты. Төшөктөн турууга шай жок жатып Калыс-Ордо ФАПына барууга аргасыз болдук. Ал жакта кезек күтүп отуруп, кан басым төмөндөп эч учумду жоготуп жыгылдым. Дарыгерлер колдон келген жардамын беришип, дары жазып беришип, ооруканаларда орун жок экенин айтышып кайра үйгө узатышты. Айлабыз кетип тааныш дарыгерлерге ийне сайдырып жатып 10 күндө барып оңолдук. Кийин балдарыбыз ооруп аларга да “Тез жардам” чакырып тиешелүү көмөк ала алган жокпуз. Ошол эле учурда бизге окшоп ооруган калыс-ордолуктар ооруканаларга барышып, тиешелүү медициналык жардам ала албай, дарыгерге көрүнүүгө кезек жетпей шаабайлары сууп кайтып келип жатышканын уктук.

Ошол кезде соцтармактарга бир келиндин Бишкек шаарынын мамлекеттик, жеке ооруканаларын түрө кыдырып бир дагы балдар невропатологун таппай койгон видеосу, тиешелүү медициналык жардам ала албай калгандардын нааразычылыктары жайнап чыкты. Бирок, буга байланыштуу ыкчам чаралар көрүлгөнүн деле байкабадым.

Баса, ноябрь айында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул тармакта 30 жылда мындай реформа болбогонун айткан эле. Андан мурунку жылдарда бул министр мырза медицина тармагында буга чейин бир да министр жасабаган реформалар жасалып жатканын билдирип келген. Эгер министр айткандай “укмуш реформалар” жүрүп жатса эмнеге “Тез жардам” кызматы алсыз, ооруканаларда кезек күтүүлөр көп?!

Реформа андай болбойт, мындай болот

ҮДТ, “Тез жардам” кызматы демекчи, азыр Бишкек шаарынын тегерегинде 60ка жакын жаңы конуш бар. Ал жаңы конуштардын эли Бишкектин 4 районундагы, тактап айтканда, шаар ичиндеги ҮДТларга барып көрүнүшөт. Бирок, ошол өздөрүнүн ҮДТларына барган жаңы конуш элин дарыгерлер негедир өгөй баладай, башка мамлекеттин жаранындай кабыл алышат. Көп учурда “базада жоксуңар” шылтоосу менен медициналык кызмат көрсөтүүлөргө болгон төлөмдү толук төлөтүшөт. Ошол эле кезде ал ҮДТларда катталган шаардыктарга төлөм жагынан жеңилдиктер каралган.

Шаар ичиндеги жол тыгындарынын кесепетинен, ҮДТлардагы кезек күтүүлөрдөн улам жаңы конуш тургундары керелден кечке ошол жакта жүрүүгө мажбур болот. Мындай жайларда тилекке каршы, онлайн кезекке туруу да талаптагыдай иштебейт. Коомдук транспорт маселеси курч болгондуктан анализ тапшырыш үчүн жаңы конуш тургундары таңкы беште туруп, эртерээк жолго чыгышы керек. Антпесе анализ тапшырууга жетишпей да калышы мүмкүн. Кыскасы, учурда жаңы конуш элине ҮДТга барып көрүнүү тирүүлөй тозок. Ал жакка барган күнү да ооруган адам татыктуу медициналык жардам ала албайт. Баса, декабрь айында катуу ооруп кайрылган жарандардан “Тез жардам” кызматы “Өзүңүздөргө караштуу ҮДТларга баргыла” шылтоосу менен оңой кутулду. “Тез жардам” кызматынан жардам ала албаган айрым жарандар ӨКМге чалганга да аргасыз болушканы эмнени айтып турат?! А кокус ҮДТга жетпей же жетсе да ал жактан туура медициналык жардам ала албай калган жаран каза тапса ким жооп берет?!

Ошондуктан бири-бирине жакын жайгашкан эки-үч жаңы конушка талапка ылайык поликлиникаларды куруп, “Тез жардам” кызматын төрт райондо өз-өзүнчө ачуу учур талабы болуп турат. Ошол поликлиникаларда талапка жооп бере турган дарыгерлер кызматка алынып, эс алуу күндөрү, түнкүсүн нөөмөттө дайыма бир-эки дарыгер турушу керек. Мына ошондо реформа жүрүп жатат десек болот. А бирөөлөрдү кызматтан алып, ансыз да жетишпей жаткан дарыгерлерди кыскартып, айрым ооруканаларды жаап, эки бутту бир кончко тыгуу менен эле саламаттык сактоо тармагы реформаланып жатат дей берүү акылга сыйбаган жорук.

Дары-дармек баасын ким ооздуктайт?

Өткөн жылдын декабрь айында ЖМКларга “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын ачылышы менен 150 миллион сом үнөмдөлгөнүн Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаилов билдирген. Ошондой эле ал өлкөгө келип жаткан дары-дармектер бааларын көзөмөлдөө колго алынып, үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен элге керектүү медикаменттерге буйрутма берилгенин кошумчалаган. 2022-жылы болсо министр Алымкадыр Бейшеналиев дары-дармектер 10 пайыз-га арзандаганын, жакынкы жылдары дагы 40-50 пайызга арзандаарын билдирген болчу. Тилекке каршы, жаңы жыл алдында шаар аптекаларында айрым дары-дармектер арзандабай эле, тескерисинче кымбаттаганы белгилүү болду. Ал эми былтыр жаңыдан ачылган социалдык “Эл аман” аптекаларында элге керектүү дарылардын көбү азыр жок. Буга шаардагы “Эл аман” аптекаларын кыдырып элге керектүү дарылар жок экенине жакында өзүм күбө болдум. Министр айткандай бул жөн эле каралоо эмес – факт. Буга дагы бир жөнөкөй эле далил, бир эле дары Бишкектин ар башка аптекаларында ар кандай баалар менен сатылат. Эгер Медер Исмаилов билдиргендей дары-дармектер, аптекалар дыкат көзөмөлгө алынса дарылар бардык аптекаларда бирдей болушу керек эле. Буга Салык кызматы менен Антимонополияга каршы күрөшүү агенттигинин деле башы оорубагандай. Анан кантип реформа жүрүп жатат деп айта алабыз?

“Тез жардам” эмес эле кеч жардам

Декабрь айынын башында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине Россия тарап жардам катары берген 107 медициналык тез жардам көрсөтүүчү жана санитардык транспортту тапшырып жатып акыркы 3 жылда Кыргызстанга жалпы 335 даана ушундай автоунаалар келгенин билдирген. Төрага аны тапшырып жатып саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жыл сайын сезондук жана ар кандай вирустук оорулардын чыгышы менен ооруканалар толуп калып жатканын, ошондуктан ага өз убагында тиешелүү чараларды көрүп, жарандарды тейлөө үчүн медициналык бригадаларды түзүп, аларга квалификациялуу дарылоону камсыз кылуу тапшырмасын берген. Декабрь айы-
нын аягындагы оор кырдаалда ошол “Тез жардам” автоунааларын, медициналык бригадаларды ким көрдү? Балдар невропатологун сыйпалап таппай сыздап жүргөн энеге, аргасыз ӨКМге кайрылгандарга алардын пайдасы тийбесе кайдагы реформаны кеп кылабыз?! Андай убакта го “Тез жардам” кызматына кайрылгандар көп болот экен дейли, а эч кандай сасык тумоо, вирустук инфекция каптабай турганда “Тез жардам” кызматы неге келбейт? Келсе да бир-эки саатта гана келет.

Албетте, учурда шаар калкы миллиондон ашкандыктан “Тез жардам” кызматы анын баарына жетише албайт. Бирок, муну бетке кармай бербей жогоруда айткандай шаардын, ал тургай жаңы конуштардын мерчемдүү жерлерине “Тез жардам” кызматынын филиалдары ачылышы керек. Болгон транспортту бир жерге топтоп алып, айдоочуларды, дарыгерлерди кыскартуу менен бюджет каражатын 1 млрд. сомго үнөмдөө бул реформа эмес.

Камсыздандыруубу же элди алсыздандыруубу?

Эми медициналык камсыздандыруу, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду маселесине келели. Бардык жарандарды, өлкөдө туруктуу же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча “Кыргыз Рес-публикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр 2023-жылдын 10-апрелинен тартып күчүнө киргенин билебиз. Аталган фонддун малыматы боюнча, кокус жаран шаардык же райондук оорукананын терапевтик бөлүмүнө жата турган болсо орточо төлөм 840 сом, максималдык төлөм 8400 сом болот. А хирургиялык бөлүмгө орточо 1900 сом болсо, максималдык төлөм 9 000 сом. Ошондой эле улуттук борборлордун терапевттик бөлүмдөрүндө 1 160 сом, максималдык төлөм 11 170 сом жана хирургиялык бөлүмдө орточо 1510 сом, максималдуу төлөм 14 310 сом. Мыйзамга ылайык, медициналык камсыздандыруусу жок же үй-бүлөлүк дарыгерлердин багыттамасы жок оорулуу максималдык төлөмдү төлөөгө милдеттүү.

Албетте, өнүккөн өлкөлөрдө камсыздандырууга терең маани берилип, өз убагында төлөөгө ашыгышат. Бирок, ошого жараша ооруканаларда бардык шарттар түзүлүп, медициналык жактан камсыздандырылган жаранга көп жеңилдиктер каралган. А биздечи? Биздеги ооруканаларда камсыздандырыласыңбы, максималдуу төлөмдү төлөйсүңбү айырмасы жок. Ооруканага жаткандан баштап акча саала баштайт. Айрым анализдерге, майда барат нерселерге акча төлөгөнүң аз келгенсип, тиешелүү медициналык жабдыктардын жоктугунан жеке медициналык клиникалардын аппараттарынан акча төлөп өтүүгө да туура келет. Жыйынтыгында саламаттыгыңды да жакшы оңдой албай чыгасың. Дарыгерлердин кесепетинен кимдир бирөө майып болуп калса же кайтыш болуп кетсе эч ким жоопко тартылбайт. Өкүнүчтүүсү, андай фактыларды учурда көп эле көрүп жүрөбүз. Мындай болгон шартта эмнеге жарандар 14 310 сом максималдык төлөм төлөшү керек же ар жылы 1 772 сом камсыздандырууга төлөөгө милдеттүү?

Жеңилдик демекчи, жыл аягында министр Алымкадыр Бейшеналиев милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси барларга дарылар бекер берилип, операция бекер жасаларын жана бардык бөлүмдөрдө жеңилдиктер каралганын айткан. Тилекке каршы, мамлекеттик ооруканалардагы жең ичинен “жем сурамайларды” азырынча эч ким токтото албай келет. Ар бир дарыгердин, хирургдун өзүнүн “ставкасы” бар экени баарыбызга бештен белгилүү эмеспи. Аны бербесең Гиппократтын антын берген ак халатчандар сага адамча мамиле кылбасы турган иш. Мына ушунун баары жоюлганда гана саламаттык сактоо тармагында реформа болуп жатат десек жарашат. Ага чейин айтылгандардын баары жөн гана жомок.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”  

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар