Суббота, 27 апреля, 2024
4.1 C
Бишкек

30 жыл менен 3 жылдын опол тоодой айырмасы

“Эркин Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-акыйкатчы, философия илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер Турсунбай Бакир уулу менен учурдагы актуалдуу маселелер боюнча маек курдук.

– Турсунбай агай, Садыр Жапаровдун Президенттик кызматка келишине жакында 3 жыл болот. Ушул мезгил ичинде өлкө эмнелерге жетишти деп ойлойсуз?

–  Бүгүнкү бийлик мурдагы президенттердин тушунда менчиктештирилип кеткен элдин мүлкүн мамлекетке кайтарып жатат. Өлкөдө бала бакчалардын катуу тартыштыгынан менчик бала бакчаларга ата-энелердин акчасы жетпей жаткандыктан эми мамлекеттик бала бакчалар ачылып жатат. Бир топ объектилер парламентте, маалымат каражаттарында жарыя айтылып туруп өкмөткө кайтарылууда. Бүгүнкү күндө ипотекалык турак-жай маселесин жеңилдетип, 4 пайызга түшүрүү боюнча чечим кабыл алынууда. Мурдагы бийлик башындагылар инвесторлордон 10 пайыз үлүш алып, өз чөнтөгүн кампайтуу менен эле алек болуп калышкан. Кээ учурда 40 пайызга чейин “шапке” алышкандыктан инвесторлор кошуна өлкөлөргө кетип калышканы жалганбы? Азыркы учурда ар бир региондо ишканалар курулуп жатат. Мисалы, курулуш тармагында 50-60 миң, тигүү секторунда 80-100 миң сом маяна алган жаштар алыстагы мигранттарды мекенге чакырып жатышкан чагы.

–  Сиздин оюңузча Өзбекстан, Тажикстан менен болгон чек ара маселелеринин чечилишинде биздин позициябыз туура эле болдубу же кемчиликтер бар деп ойлойсузбу? 

–  Көп жылдан бери чек ара көйгөйү чечилбей, улам кан төгүүлөр менен коштолуп, баткендик бир туугандарыбыз каза болушту. Эгерде чек ара маселеси ордунан жылбай турганда өлкөдө бир дагы реформа ишке ашмак эмес. Анткени, инвестиция, бизнес чөйрөсү тынчтыкты сүйөт. Мурда чек ара маселеси боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиялар кошуна өлкөлөр менен талаш жерлерди чечүүдө принципалдуу позицияда тура алышкан эмес. Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен болгон чек ара аймактары 100 пайыз такталып бүттү. Өзбекстандын мурдагы бийлиги тушунда эки элдин ортосундагы жолдор жабылып, газ берилбей калганда азыркы бийликке сын айткандар кайда эле? Ал эми Кемпир-Абадды коргомуш болуп кыйкыргандар Кемпир-Абаддын “к”сын билишпейт. Мен бул тууралуу пикиримди 2022-жылдын октябрында өз кайрылуумда айттым. Анткени, мен Кемпир-Абаддын суусун ичип чоңойгом.

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнөн Савай каналы өтөт. Бул жерде Шарихан сайынын Савай каналдары Кемпир-Абаддан чыгат. Кемпир-Абадды 1965-66-жылдары Москванын чечими боюнча ал учурдагы Кыргызстандын коммунисттик партиясынын жетекчилери Өзбекстанга өткөрүп берип коюшкан. Кемпир-Абадды Кыргызстан тарап бир мүнөт да башкара алган эмес. Ошондон бери өзбектер кожоюн болуп келген.

Сөзүм далилдүү болушу үчүн бир мисалды келтирейин. Биз совет жылдары Кемпир-Абаддын суусуна барып түшөлү десек, Кара-Суу – Жалал-Абад же Ош -Жалал-Абаддын автобусуна түшчү элек. Суу сактагычтын оң жагы Кемпир-Абадга, сол жагы Өзбекстан тарапка бурулуп кетет. Ошондо бизди Өзбекстандын МАИси токтотуп өткөрбөй койчу. Ушуга байланыштуу бир нече чакырым жөө жүрүп суу сактагычка жетчүбүз. Кийин 1991-жылы совет бийлиги ураганда ал жакка Өзбекстан чек ара аскерин коюп алган. Анткени, Өзбекстандын 180 миң жоокерден куралган эң чоң аскер бөлүгү Фергана өрөөнүндө жайгашып турчу. Ошонун көпчүлүк бөлүгү эки өлкөнүн чек арасында кызмат өтөчү. Ал жерден карапайым адам түгүл, Жогорку Кеңештин депутаттары өтө албагандыктан, эки тараптын дипломатиялык каналдары аркылуу делегацияларга араң жол ачып беришчү.

Совет мезгилинде ал жерде МАИден башка эч ким токтотчу эмес. Ошол учурда Кара-Суудан Жалал-Абад шаарына чейин 35 мүнөттө жетчүбүз. Союз ураган соң, ал жакка эч ким өтө албай калгандыктан, Кыргызстан тарапка кетүүчү айланма жол курулуп, ошол 35 мүнөттүк жол 2 саатта жете турган жолго айланды. Ал Акаевдин, андан кийин Бакиевдин бийлиги тушунда курулуп бүткөн. Эгерде Кемпир-Абад Кыргызстанга тиешелүү болсо айланма жолду курат белек? Ушул суроону мен оппозиция болумуш эткен саясатчыларга бергим келет.

Дагы бир мисал келтирейин. УТРКнын жетекчиси, саясатчы журналист Сатыбалды Жээнбеков каза болгондон кийин, 1996-жылы Сузак шайлоо окуругунан анын ордуна иниси Жусуп Жээнбеков парламенттик шайлоого аттанды. Ошол шайлоодо мен Жусупту колдоп жүрдүм. Бирок, шайлоодон жеңилип кайра кайтып келе жатканыбызда Өзбекстандын чек арачылары бизди токтотту. Бир чек арадан өткөнүбүздө Кемпир-Абадга жакын жерде дагы бир чек ара посту бар болчу. Ал жерде 2 саатка жакын убакыт туруп калдык. Мен Өзбекстандын чек арачыларына: “Инилерим, мен Жогорку Кеңештин депутатымын, бул жигит депутаттыкка талапкер”, – деп Жусупту көрсөттүм. Ошого карабай алар: “Сиз өз өлкөңүзгө депутатсыз, Кемпир-Абад Өзбекстандыкы”, – деп көгөрүп туруп алышты. Убакыт өтүп жатты. Бир убакта ошол жердеги офицер келип: “Сиздер машинаны ушул жерге калтырып, жөө өтүп кете бериңиздер”, – деп, дипломатиялык паспортту көрсөткөнүмө карабай, айтканынан кайтпай коюшту. Дагы жарым саат өткөндөн кийин алардын бирөөсүн чакырып: “Деги силерге эмне керек?” – деп сурадым. Ошондо бир чек арачы: “Сиздер 200 сом берип өтө бериңиздер”, – деди.

Эртеси Бишкекке келип, парламент сессиясында Өкмөт башчыга, Жогорку Кеңештин Төрагасына кайрылып ушул окуяны айттым. Ошондо Дооронбек Садырбаев мага: “Турсунбай, сен чек арадагы ставканы көтөрүп жибериптирсиң, биз 1 сом берип эле өтүп жүрөбүз”, – деп күлдүргөн.

Бүгүнкү күндө Президент Садыр Жапаровдун, УКМКнын Төрагасы Камчыбек Ташиевдин саясий эрки жетип, бул маселе чечилди. Бир эле Кемпир-Абад көйгөйү эмес, Ала-Бука, Аксы, Араван жана Кара-Суу аймактарындагы эки тараптын талаштуу жерлери чечилип калды.

Мисалы, Ала-Букадан Аксыга өтүү кыйын болчу. Анткени, 50 метр аралыкка чек коюлуп турчу. Жолдун бир тарабы Кыргызстанга, экинчи тарабы Өзбекстанга тиешелүү болуп калган. Кара-Суудагы айрым жарандардын үйү биз тарапта, дааратканасы Өзбекстандын аймагына кирип турчу.

Өткөн жылы Кемпир-Абад маселеси эки өлкөгө бирдей пайдалуу болуп чечилгенде, Өзбекстандын Премьер-министри өздөрүнүн парламент депутаттарына бул маселени чечмелеп берди. Ал: “Биз Кыргызстандын алдындагы өзүбүздүн милдетибизди аткара алган жокпуз. 1965-жылы Кемпир-Абад суу сактагычы менен кошо Кадамжайга чейин жетип, Бүргөндү массивине кетчү каналды куруп беришибиз керек болчу. Ал жерге кыргыздар 100 000 адамды көчүрүп үйлөрдү курушмак. Ошондуктан эки тарап кыргыз-өзбек калкына бирдей зарыл болгон чечимге келишти”, –  деди.

Менин оюмча, кыргыз-тажик чек арасы да ушул сыяктуу эле эки тарапка пайдалуу болгон жол менен биротоло чечилүүгө бара жатат.

–  Эң алыскы чек ара аймагы катары мурда Баткен облусуна кандай жеңилдиктер берилчү эле? 

–  Мурдагы бийликтин бири да Баткенге азыркыдай көңүл бурган эмес. Президент Садыр Жапаров жаңы жылдын алдында Баткенге барып, 30га жакын жаңы ишкананын ачылышына катышты. Облус-ту өнүктүрүүгө жыл сайын 0,5 млрд. сом бөлүп туруу чечими абдан туура деп эсептейм. Ал жердеги чек арачылардын маянасы 80 000-100 000 сомго чейин көтөрүлдү. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, бул аймактан миграцияга кеткендер абдан көп болгон тенденция түзүлүп калган. Учурда жаштарыбыз туулуп өскөн айылдарына кайтып келип жатышат. Баткенде эки жылдын ичинде эң көп мектеп курулду. Жаңы бала бакчалар, заманбап жолдор түштү.

–  Баткен жөнүндө сөз жүргөндө кыргыз армиясын айтпай кетсек болбос.  

–  Өзүм күбө болгон жагдайларды салыштыра кетейин. 1998-жылы Аскар Акаев мени Президентке караштуу Адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы болуп иштеп берүүнү өтүндү. Ал кезде мен парламент депутаты болуп туруп, бул жумушта коомдук башталышта иштедим. Мен ишти түрмөлөрдүн жана армиянын абалы менен таанышуудан баштагам. Ошондо аскер бөлүктөрүнө барганымда ыйлагым келчү. Жоокерлерге Россия, Кытай, Германия жана Өзбекстандан кийимдер келчү экен. Ал эми 1999-жылы Баткен окуясы башталып кетти. Ошондо А.Акаев мени Ооганстанга, Тажикстанга барып моджахеддер менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн жиберди.

Алгачкы жолу бир окуяны ачыкка чыгарайын. Баткен согушу учурунда А.Акаевдин президенттик фондунан Чоң-Алай, Баткен райондорундагы жоокерлерге  500 миң доллар бөлүнгөн болчу. Ошол каражатты Ак үйдөгү чиновниктер менен армиянын жетекчилеринен турган атка минерлер жеп коюшкан.

–  Ал окуя сизге кайдан белгилүү болуп калды? 

–  Анткени моджахеддер туткундап алган жарандарды куткарып келе жатканымда Карамыктан бизди кыргыз аскерлери тосуп алышты. Ошол жердеги жоокерлер эски кийимдерин көрсөтүп: “Турсунбай аке, бизге бөлүнгөн акча келген жок. Биз минтип тешик өтүк кийип жүрөбүз. Тамак-аш тартыш болуп жатат”, –  деп кейип жооп беришти.

Бишкекке келгенимде иликтеп көрсөм, 500 миң доллар бөлүнүп, бирок ал Баткенге жетпей калган. Ал сыяктуу окуяларды А.Акаев өз учурунда: “Коррупция 7 кабатка чыкты” , –  деп мойнуна алган эмес беле.

Ал эми азыркы учурда кыргыз аскерлери заманбап формалар менен жабдылып жатат. Түркиядан дрондорду сатып алдык. Тик учактар, танктар, брондолгон машиналар ж.б. сатып алынды. Бүгүнкү күндө кыргыз армиясы абдан чоң күч болуп чыңалды. Ушуларды көрбөгөн адамдар бийликке атайын каршы тургандар деп айтар элем.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар