Суббота, 27 апреля, 2024
7.1 C
Бишкек

Алия: «Өзүм үчүн жашайын деп чечтим»

Бул жолу көп жылдан бери чет өлкөдө иштеп жүрүп, жакында эле Кыргызстанга келген мекендешибиздин башынан өткөргөн кыйынчылыктары тууралуу баяндап бермекчибиз. “Ушул убакка чейин жакындарым үчүн жашаптырмын, эми өзүм үчүн жашайын деп чечтим”, — деген Алиянын маеги окурмандарыбыздын назарында.

Атам каза болгондон кийин жашообуз түп-тамырынан өзгөрдү

– Өзүм көлдүн кызы болом. Үйдүн улуусумун. Менден кийин 3 сиңдим, 2 иним бар (2 уул апамдын экинчи турмушунан). Апамдын кесиби медайым, бирок, үй тиричилиги, балдар деп жүрүп кесиби менен иштечү эмес. Атам мал кармап, мал алып сатып иштечү. Өтө бай болбосок дагы, жетишкен турмушта жашадык. Үйдөн эт-май үзүлчү эмес. Курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн, бактылуу балалыктын дооранын сүрүп чоңоюп жаткан элек. Ошондой күндөрдүн биринде атам жол кырсыгынан каза болду. Мен 9-класста окусам, кичүү сиңдим 3 жашта эле. Суук кабарды уккан апамдын кан басымы көтөрүлүп, ийне сайып эс алдырып жатышты. Эс тартып калган сиңдим экөөбүз гана атабызга кайгырып ыйлап, апабызды айланчыктап жүрдүк. Кичинекей эки сиңдим үйгө келген кишилерге таң кала карап, таттуу жеп, ойноп жүрүштү. Жашообуз бир заматта өзгөрүп, үйүбүз кунарсыз болуп калды. Алгач атамдын бул дүйнөдөн өткөнүнө эч эле ишене албай жүрдүм. Түнүчүндө машиненин үнү угулса атам келип калдыбы деген ой менен кулак түрүп күтүп, атамдын кайра келбей турганын эстегенде шаабайым сууп калат. Биз үчүн апам байкуш белин бекем бууп, тиричиликке аралашууга аргасыз болду. Бирок, атамдан кийин үйүбүздө береке азайып, жетишпеген жашоодо жашап калдык. Абам (атамдын иниси) гана анда-санда келип кабар алып турганы болбосо, атамдын эже-карындаштары деги эле биздикине каттабай калды. Кичүү тайкем менен таенем азык-түлүгүн көтөрүнүп алып келип, бизден кабар алып турат. Атам барда акча менен иши болбогон апам бир топ эле кыйналды. Тапшырык болгондо апам үйдөн түн бир оокумга чейин олтуруп жууркан-төшөк каптайт, сиңдим экөөбүз жардам беребиз. Ошентип, акырындан жашообуз өтө берди.

Ай-күнүм жетип турганда күйөөм сабап, ооруканага түштүм

– Кичинемден тилчи, адабиятчы болом деген аруу тилегим бар эле. Ошондуктан окууну бүтсөм бюджетте окуп, окуудан кийин иштеп апама жардам берем деп максат коюп жүргөн кезим. Тилекке каршы 10-классты жаңы бүткөндө мени Жети-Өгүзгө ала качып кетти. Жакшы эле каршылык көрсөтүп олтурбай жатсам, “таш түшкөн жеринде оор, жоолукту башыңдан алба!” – деп, апалар ары жак, бери жагымдан чыгып жатып олтургузуп коюшту. Азыр ойлосом бала эле экенмин. Ала качууга жакын эле жеңем аралашкандыктан апамды да көндүрүп коюшту. Колунда бар үй-бүлөгө келин болдум. Апамды, бөбөктөрүмдү сагынып, Тоң жакты карап алып ыйлай берем. Андайда кайын энем: “Энең төркүлөтүп чакырмайынча барганга болбойт. Эмне жаман жосун баштап эле ыйлайсың”, – деп тилдесе сооронуп калам. Байкуш апам сиңдилеримди өзү араң багып атса, той өткөргөнгө кайдан шарты болсун. Жолдошум менден 6 жаш  улуу, мага чейин үйлөнүп ажырашкан, ичимдикке жакын адам экен. Тазасында көп сүйлөбөгөнү менен ичкенде кылдан кыйкым таап уруш чыгарып, таң атканга чейин уктатпай эзет. Бара-бара боюмда бар экенине карабай сабап, эшикке чыгарып койчу болду. Андайда үйдү айланып, же мал короого кирип таң атырам. Эртеси кайын энем мага жакшы сүйлөп, “Турмушта ушундай болот, аны эч кимге айтпаш керек”, – деп алдап коет. Ай-күнүм жетип калганда күйөөм катуу сабап, колум сынып, ооруканага түштүм. Бактыга жараша уулумду аман-эсен төрөдүм. Таяке-таажеңем ооруканадан чыгарып алып, мени түз эле апамдын үйүнө алып жөнөштү. Көргөн кордуктарымдын баарын төкпөй-чачпай айтып берип, апам экөөбүз буркурап ыйладык. Кайын энем абысыны экөө бала көрүп келгени менен күйөөм баласынан кабар алып койгон жок. Ошентип апама балам экөөбүз да жүк болдук.

Атамдан дагы бир жолу айрылгандай болдук…

– Бир күнү таенем, таятам, тайкем болуп баары кеч курун келип калышты. Чай үстүндө олтурсак, таенем: “Балам, эркек балаң жок болгондон кийин кайын журтуңа батышың кыйын. Кудай таалам ар бир жандын ырыскысын маңдайына жазып койгон. Байкең кыздарың менен жашай турганга үй таап койду. Ошол жакка көчүрүп кетели”, – деп калды. Мен эч нерсеге түшүнбөй эле таң калып апамды карап калдым. Көрсө, атамдын иниси менен эжелери биз жашап жаткан үйдү талашып жаткандарына көп болгон экен. Менин ахыбалымды көргөн апам аяп айткан эмес тура. Атамдын бир туугандары бизди кыз деп теңине алышпаганына, атамдын үйүн бизге ыраа көрбөй талашканына аябай таарындым. Атамдан дагы бир жолу айрылгандай эле болдук. Ошентип, бир жумага жетпей таятамдардын айылына көчүп кеттик. Атамдын жылдыгын өткөрүп, эстелигин койдурарда апамдын алган проценттери өсүп, же жумуш таппай айлабыз кетип жатты. Балам 5 ай болуп калганда, апам менен кеңешип шаарга иштеп кетмей болдум. Бир күнү шаардагы таежем келип, ортончу кызы Түркияда жакшы жумушта иштеп жатканын айтып, мени да ошол жакка барбайсыңбы деп калды. Көлдөн алыс чыгып көрбөгөн жаным чет өлкөнү укканда эмне дээримди билбей калдым. Канчалык коркуп турсам дагы Түркияга барууга макул болдум. Аэропортто коркуп, ыйлагым келип турганым азыр да көз алдыма келет.

Тилден кыйналдым

– Стамбулдан бөлөм тосуп алды. Айылдан чыгып көрбөгөн жаным эки жакты эсим оогончо карап, таң калганымды жашыра албайм. Түркчө бир сөз билбейм. Бөлөм мени өзү иштеген отелге жыйноочу катары жумушка киргизди. Чет жакка көнүп кетүү өтө кыйын экен. Жумуш оор деле эмес, бирок тил маселесинен абдан кыйналдым. Жумуштан чарчап барганыма карабай сөздөрдү жазып жаттап, бөлөмдү тажатып сурап жатып 3 ай дегенде кадимкидей түшүнүп, сүйлөй баштадым. Ижара акысынан сырткары бираз гана акча алып калып, калганын баарын апама салам. Телефондон апамдар менен сүйлөшүп, баламдын үнүн угуп алып ыйлайм, бирок апама билгизбейм. Күндөн-күнгө баламдын кылыктары чыгып, апамды апалап чоңоюп келе жатты. Карыздардан кутулуп, жеңилдеп калдык. Ал арада таятам жер сатып берип, там сала баштадык. Апам баягысындай эле үйдөн төшөк жасап иштеп атты. Баламды катуу сагынганымдан баарын таштап салып Кыргызстанга учуп жетким келет. Кайра үйдү бүтүп алалы анан кетем деп өзүмдү сооротом.

Апама таарынып, сүйлөшпөй жүрдүм

– Менден кийинки сиңдим мектепти бүтүп, шаарга окууга тапшырган. Өзүм окубай калсам дагы сиңдилерим окусун деп эс албай иштедим. 4,5 жыл дегенде араң Кыргызстанга 15 күнгө келип кеттим. Балам менден чочуркап жатып араң көндү. Сиңдилерим дагы чоңоюп калышыптыр. Санаам тынып Стамбулга кайтып келип баягы эле жумушумда иштеп жүрдүм. Бир күнү сиңдим телефон чалып: “Мен окууну таштап, сиздин жаныңызга барып иштейм. Мага билет алып бериңиз”, – деп чалды. Канчалык аракет кылсам дагы көнбөгөнүнөн, мейли, бир келип кетсин деп билет алып бердим. Келгенде бөлөм экөөбүз ары жак бери жактарга алып чыгып,  кийим алып берип, 10 чакты күндөй эс алдырып анан кайра салып ийели десем, иштейм деп болбой туруп алды. Апама айтсам: “Мейли, иштесин” деп койду. Сүйлөшүп жаныма жумушка киргизсем, 2-3 күн иштеп “оор экен, башка жумуш карайм”, – деп чыгып кетти. Келгенине аз эле болсо дагы кыргыз досторду таап алыптыр. Жумуш таап 2-3 күн иштеп чыгып кетип, достору менен эс алып, кеч калып жүрдү. Кээде “Кандай кыйынчылыктарды көрдүк, эмнеге мындай болуп калды деп ойлонсом, кайра бул эми өткөөл куракта да, токтолот да деп”, – коем. Ошентип сиңдим келгени мага кошумча жоопкерчилик, санаркоо жүктөлдү.

Бир күнү кечинде жумуштан келсем таежем чалып, сөздү алыстан баштап, айлантып ар кайсыны айтып олтуруп, акыры апамдын күйөөгө тийиши керек экендигин айтты. Каршылык билдирбегеним менен ичимден кызыктай боло түштүм. Апам менен бул тууралуу ачык сүйлөшө алган жокмун. Сиңдим буга анчалык деле маани берген жок. Ошентип апам таежелерим тапкан кошуна айылдык кишиге турмушка чыкты. Алгач мен апам, сиңдилерим деп иштеп жүрсөм булардын кылганы ушул деп таарынып, апам, таежемдер менен  сүйлөшпөй жүрдүм. Бирок, азыр апам менен мамилебиз жакшы, 2 уул төрөп алган. Жолдошу деле токтоо, жакшы адам экен.

Өзүм үчүн жашайын деп чечтим

– Түркияда иштеп жүрүп кийин Кыргызстанга келдим. Кичинесинен балам апамдын колунда өсүп калганга мага анча боор тартпай калыптыр. Апам, таенем “турмушка чыгып, төрөшүң керек”, деп айтып жүрүштү. Бирок күйөөдөн көңүлүм калып калгангабы алардын сөзүн кулагымдын сыртынан кетирип жүрө бердим. Айылда деле көпкө тура албай, кайра курбу кызымдын жанына Москвага кеттим. Ошентип, Москвада  ар кандай жумушта иштеп жүрдүм. Ал жактан деле башында баягы эле тил маселесинен кыйналганым болбосо тез эле көнүп кеттим. Эми Бишкектен балама үй алып берсем, жакшы окуу жайда окутсам деп каражат топтоп жүрөм. Бирок, өзүм курдуу кыздардын үй-бүлөсү, балдары менен бактылуу жашап жатканын көргөндө кадимкидей жалгызсырап, маанайым түшөт. Ойлонуп көрсөм ушул убакка чейин өзүмдөн акча аяп, жакшы тамак жеп, кымбат кийим кийгенге деле ыраа көрбөптүрмүн. Жалаң жакындарым үчүн эле жашагандаймын. Жакында эле таятам каза болуп Кыргызстанга келгем. Кыз киши жалгыз барганда төркүнгө деле анча баркы болбой калат окшойт. Менден кийинки сиңдим кайын журту менен келгенге абдан барктуу болуп, мен улагада эле калгандай болдум. Эми өзүм үчүн жашап, өзүмө убакыт бөлөйүн деп чечтим.

Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар