Суббота, 27 апреля, 2024
3.1 C
Бишкек

Олимпиада чемпиону Сергей Фокин

Бишкекте төрөлүп чоңойгон, Сеул олимпиадасында СССРдин олимпиадалык  командасынын курамында ойногон Сергей Фокиндин спорттук жолу, тагдыры Бишкектен башталып, тушоосу кыргыз жергесинде кесилген.

Аны футболдун керемет дүйнөсүнө 8 жашында алып келген агасы Геннадий жана алгачкы устаттары, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучулар Анатолий Панченко менен Акрам Юнусов бул таланттуу өспүрүмдүн багынын ачылышына себепкер болушкан.

Сергей Фокин 1961-жылы Бишкекте төрөлгөн. Жеткинчек кезинде футбол боюнча адистештирилген олимпиадалык резерв спорт мектебине келип, машыгып, футбол ойноонун сырын үйрөнө баштаган. Машыктыруучулардын айтымында, Сергейдин агасы Геннадий да мыкты ойноп, футбол талаасында өзүн эркин сезип, сабаттуу оюн көрсөтчү экен.

Башында Сергей көпчүлүктүн бири катары, таланты, шыгы билинбей жүргөн. Аны чоң футболдун жолуна багыттаган, футболго болгон сүйүү ышкысын ойготкон кийинки устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Александр Агеев болду. Ал жөндөмдүү уландын жолун ачып, талантынын байкалышына, футбол дүйнөсүнө таанылышына өбөлгө болуп, негиз түздү.

Сергей коргонуу тилкесинде ойноп, топко кайсы учурда чыгып, атаандашынын чабуулунун мизин кайтарууну мыкты билчү. Боюнун кичине болгонуна карабай абдан аракетчил, мээнеткеч болуп чоңойду. Жыл өткөн сайын бою өсүп, өзү да тажрыйба топтоп, адистердин көңүлүнө толуп, Кыргызстандын жаштар тандалма командасынын катарында ойноду.  СССР мезгилинде экинчи Лиганын «А» тобундагы “Олимпиадалык даярдоо борборунун” командасында бир жылдай ойноп, кийин Фрунзенин айтылуу «Алга» командасында коргоочу болду. 20 жашында Жогорку лиганын оюнчусу болуп, шамдагайлыгы менен башкалардан айырмаланып турчу. Кийин Алматынын «Кайрат»  командасына кабыл алынып, ошондон кийин футболдук даңазасы тез башталды.

Ал жактан Сергей Союздагы атактуу команданын бири болгон ЦСКА футболдук клубуна чакырылып, СССРдин курама командасынын катарына кабыл алынды. Бул 1986-1987-жылдары анын атак-даңкы чагылгандай жарк этип, бүтүндөй союзга таа-
нылды. Ошол мезгилде СССРдин олимпиадалык курама командасын Сеул олимпиадалык оюндарына белгилүү машыктыруучу Анатолий Бышевец даярдап, талапкерлерди тандай баштайт. Спорттук чоң держава болгон СССРдин аймагындагы миңдеген футболчуларынан Сергей Фокиндин жылдызы жанып, аны ишенимдүү коргоочу катары баалашып, Сеул олимпиадалык оюндарында ойноо бактысы туш келет.

Түштүк Кореядагы 1988-жылкы Сеул олимпиадасында СССРдин курама командасы бардык атаандаштарын утуп, финалдык беттешүүдө айтылуу Бразилиянын командасын да жеңип,  олимпиада чемпиону аталды. Курама команданын катарында Сергей Фокин да олимпиадалык алтын медалдын ээси болуп калды.

1990-жылы Италияда футболдон дүйнөлүк чемпионат өткөнү баарыга маалым. СССРдин курама командасын бел-гилүү устат Валерий Лобановский даярдап, ошол тандалган мыктылардын катарында бишкектик Сергей Фокин да бар эле. Бирок, мында СССРдин командасы финалдык топко кирбей, намысын алдырып койгону өкүндүрөт. Ошентсе да кыргызстандык Сергейди алгач ирет дүйнө чемпионатынын катышуучусу деп айтууга акыбыз бар.

СССР ыдырай баштаган учурда — 1991-жылы ЦСКА командасы  союздун акыркы чемпиону катары тарыхта калды. Ошол команданын катарында ойногон Сергей Фокин дагы СССРдин акыркы чемпионатында алтын медаль тагынуу бактысына туш болду. Анын үстүнө киевдик футболчуларга басым жасаган Валерий Лобановскийдин иш-аракетине да көңүлү толбоду.

Ошондуктан Сергей Фокин 1992-жылы Германия өлкөсүнө көчүп кеткен. Учурунда ал Германиянын Брауншвейг шаарында жашап, Германиянын футбол лигасында – Бундеслингде жети жыл ойноп жүрүп, учурда “Фольксваген” автозаводунда иштеп жүрөт.

Кыргызстандык мекендештери аны унутушпай,  футболдон дагы олимпиадалык чемпионубуз бар экенине сыймыктанып калышат.

Даярдаган Кабыл Макешов

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар