Четверг, 9 мая, 2024
15.1 C
Бишкек

Күнүмдүк пайда деп эртеңкибизге балта чаптыкпы?!

Борбор калаанын калкынын саны өсүп, ишкердиктин арымы арыган сайын шаардагы парктардын аянты кыскарып, жашыл аймактарда бизнес объектилери курулуп, өзүмдүк үйлөр түшүп жатат.

Айтылуу Кара-Жыгач токою паркын алалы. Союз мезгилинде шаардыктардын сүйүктүү эс алуу жайына айланган парктын аянты акыркы отуз жылда кыскарып отуруп, алгачкы аянтынын 40%ы гана калды.

Кара-Жыгач токою таланттуу ботаник А.Фетисовдун демилгеси менен 1883-жылы жер алдындагы суулар өйдө көтөрүлбөсүн үчүн түптөлүп, ээн, саздак жерге бактардын көчөтү отургузулган. Бакка алыскы Европадан кара жыгач көчөттөрү апкелип отургузулуп, анын бир бурчунда жер-жемиш питомниги пайда болгон. Совет мезгилинде анын аянты 215,69 гектарга жеткен.

Азыр анын территориясы болгону 128,34 гектарды түзөт. Парктын территориясы 2004, 2008, 2017-жылдары четинен кетилип, өзүмдүк үй куруу үчүн берилип кеткен. 2007-жылы бөлүнгөн жер участоктору үчүн 2013-жылы мэриянын чиновниктеринин
жоопкерчилиги каралып, бирок мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес.

2013-жылдын аягында прокуратура Свердлов районунун мамадминистрациясынын 2007-жылы 37 участокту бөлүү жөнүндө чечимин жокко чыгарууну суранып кайрылган. Эки инстанцияда доону канааттандырган менен, 2014-жылы сот процесси жаңы ачылган жагдайлар боюнча иш кайрадан жанданган. Ал эми Свердлов районунун 52 участок бөлүү боюнча чечиминин мыйзамдуулугун соттук териштирүүдө мамлекетке келтирилген зыян 1 миллион сом деп табылып, ордуна келтирилип, иш кыскарып тим болгон.

Кыскасы, кылмыш иштеринин саны жер бөлүү фактыларына караганда, кыйла аз болгон да, жабылуу аяк жабылуу кала берген.

Албетте, жүздөгөн үй-бүлөлөрдүн жер участокторун алып, үй салып, үңкүр да болсо үйлүү болгону жакшы. Бирок, аталган парктын аянтынын кыскарышы менен каа-лайбызбы же жокпу, эртеби-кечпи экологиялык көйгөй жарала турганы турулуу иш. Бүгүнкү күндө УИАнын Токой институту бул жагдайда коңгуроо кагып келет. Неге дегенде, парктын аянтынын кыскарышы менен бир кылымга жакын табигый дренаждык система катары кызмат кылган көлмөлөр жок болуп, жер алдындагы суулардын өйдө көтөрүлүү коркунучу пайда болгон.

Бишкек шаарынын алдында табигый суу топтолгон резервуар бар. Борбор ка-лаанын түндүгүндө, Чоң Чүй каналанын аймагында жер алдында 2-7 метр тереңдикте суулар жатат. Ар жылы жазында жер алдындагы суулар көтөрүлүп турат. Мурда Кара-Жыгач токою паркынын аянты 200 гектардан ашуунду түзүп турганда, көлмөлөр аркылуу ашыкча суу жакынкы Аламүдүн суусуна куюлуп, суу балансы сакталып турган. Курулуштар жокто парктын ичиндеги көлмөлөр бири-бири менен туташып, биринчисинде суу көп болсо, кийинкисине куюлуп, кийинкиси андан кийинкиге куюлуп, суу балансы табигый чечилген. Азыр үйлөр түшкөнү мурдагыдай табигый моюнчалар жок. Жер алдындагы суулар агып кетпей, топтолуп туруп калчу жагдай түзүлдү. А табият акыры жеңет. Жер алдындагы топтолгон суулар көтөрүлүп, бүгүн болбосо эртең сөзсүз шаардын түндүк тарабынада көйгөй жаратат.

Жер алдындагы суулар эмнеси менен коркунучтуу экенин 2022-жылы Ак-Босого жана Көлмө конуштарына мектеп курулганда өз көзүбүз менен көргөнбүз. Мектепти куруу үчүн курулуш фирмалары оболу дренаждык системаларды курушуп, мектеп курула турган аймактагы жер алдындагы сууларды ошол дренаждык система менен агызып жиберип, анан гана мектептердин пайдубалын куруп башташкан. Мына ушунун өзүнө миллиондогон кошумча каражат жана убакыт кеткен.

Демек, Кара-Жыгач токою паркынын табигый дренаж системасынын аянты кыскарышы менен шаардын түндүк тарабында жасалма дренаждык система куруу, анүчүн бюджеттен миллиондогон каражаттарды бөлүү керектиги талашсыз.

Шаардын түндүк аймактарындагы үйлөргө кирип калсаңыз, дайыма ным тартып, көк жыттанып турганын байкайсыз. Мунун баары мына ошол дренаждык системанын жоктугунун жана парктардын аянтынын кыскарышынын кесепети.

Акыркы 30 жылда парктарга чынында эле жырткычтык менен мамиле жасаган экенбиз. Союз мезгилинде Батыш автовокзалдын жанында чыгыш учу Жаш Гвардияга чейин, түндүгү дээрлик БЧКга чейин созулган ондогон гектарды ээлеген эң сонун парк эле. Ушул макаланы жазып жатып, паркты узун-туурасынан эринбей кыдырып чыктык. Союз мезгилинде шаардын батыш-түндүк аймагы үчүн жашыл тилке жана табигый дренаждын милдетин аткарган паркты жүз жеринен кескилеп, Жибек Жолу көчөсүнүн жээгиндеги бөлүгү бизнес объектилери үчүн бөлүнүп берилип калыптыр.

Автовокзалдын дал жанында, баягы парктын бир бурчунда мейманкана курулган. Андан өйдөдө ким-бирөө кафе салса, кафенин жанына эле мечит салыныптыр. Же мечитке келгендер үчүн кафе курулган, же кафеге келгендер үчүн мечит салынган. Айтор экөөнүн бирөөсү. Анын чыгышында май куюучу жай жайгашкан. Жол жээгинде иштебеген камок каңкаят. Архитектуралык нормаларды мындай коелу, санитардык-гигиеналык, экологиялык, өрт коопсуздугу сыяктуу эң жөнөкөй нерселер эске алынбастан, башаламан курулган курулуштар. Парктын ичинде курулган курулуштардын көбү эч кандай уруксаты жок, мыйзамсыз, эч кандай архитектуралык ченемдерге, талаптарга жооп бербегендей курулганы, мэриянын жоопкерчиликсиз кызматкери болор-болбос акча үчүн “кызыгып” койгону көзгө дароо урунат.

Бишкек мэриясы шаарды тартипке келтирүү жана шаар жолдорундагы жүктү азайтуу максатында парктын жанындагы Батыш автовокзалын шаардын сыртына чыгарууну демилгелеп жатат. Андай болгондо мэрия иралды Батыш автовокзалынын жанындагы парктын ичиндеги башаламан курулуштарды тартипке келтириш керек деген ойдобуз. Ансыз Батыш автовокзалын башка жакка көчүрүп бекер.

Ким-бирөө бизнес жасап, 5-10 сом табат экен деп, кафе, мейманкана, май куюучу жай, мечитке уруксат берип, шаар бюджети, андан ары алганда өлкө бюджети миллиондогон чыгаша тартканынын кажети барбы?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар