Суббота, 27 апреля, 2024
7.1 C
Бишкек

Айтматовдун алптыгынын сыры эмнеде?

“Айтматовдун алптыгынын сыры эмнеде?”,- деген суроо мени дайыма ойлондурат! Залкар жазуучунун кайсы гана чыгармасын алба, анда адамдын кубанычы менен кайгысы, ичер суусу менен түгөнөр күнү, күнүмдүк менен түбөлүктүүлүк, адилеттик менен карөзгөйлүк сыяктуу тирүүлүктү оодарылтып турган түшүнүктөр куштун кош канаты сыяктуу жанаша кетет. Кайсы чыгармасын алба, адамдар ортосундагы алакалар менен жашоодогу мамилелерди, сүйүү жана жек көрүү көркөм жана ойлуу чагылдырылган.

Чынында эле “Жамиля” чыныгы сүйүүнүн гимни деп атаганга татыктуу чыгарма. Анда Жамиля менен Даниярдын ортосундагы мамиле суз эле сүрөттөлгөн. Бирок ошол суздуктан сүйүүнүн жалбырттаган жалыны уруп турат.

Жазуучу «Саманчынын жолу» повес-тин: «Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын. Сенин кай жерде көмүлгөнүңдү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам – Төрөкул Айтматовго арнаймын. Апа, сен бизди өстүрүп, адам кылдың. Сенин узак өмүр сүрүүңдү тилеп, апам Нагима Айтматовага арнаймын» деп философиялык ой жүгүртүү менен баштап, ошону менен эле окурманды ойго салып коет. Анан ал ата менен эне, бала үчүн кандай кымбат экени жөнүндө ой толготот.

Согуш темасына арналган дагы бир чыгармасы «Бетме-бет» повести болду. Андагы негизги каарман Ысмайылдын образы, патриоттук сезимге каршы келип, согуштан качкан качкын болсо, экинчи жагы – сүйүүсүнөн ажырабай, үй-бүлөсүн ойлоп, бөлөк жерде өлгүсү келбегени жөнүндө турмуштун өзөктүү суроолоруна жооп издеттирет.

«Гүлсары» чыгармасында, малчы Танабай менен анын минип жүргөн сары атынын оор тагдыры, «Карагул» менен «Кожожаш» аттуу эпикалык кенже эпостордогу мотивдерин билгичтик менен пайдаланып, аны чыгармасында кылдат бергенинде. Чыгарманын негизин, табийхат, турмуш-тиричилик, жаратылыштагы кубулуш-окуялар, жашоодо кайсынысы жакшы, кайсынысы жаманын экенин айтылганында эле. СССРдин убагында үзүрлүү эмгектери үчүн бир канча жолу мамлекеттик жогорку сыйлыктарга ээ болсо, дүйнөлүк деңгээлде Кыргыз элинин мыкты жазуучусу, чыгармачыл инсан катары берилүүчү эң жогорку сыйлыктарга татыгандыгы, жазуучунун зор эмгектеринин жүзү деп айтууга болот.

Ч.Айтматов жалпы дүйнөдөгү адамзаттын алдындагы чечиле элек суроолорду астыга коюп, көңүл бургандыгы менен айырмалана алды. Ааламда жашап туруп, өткөн тарыхтардагы окуялардан сабак алып туруу жагында сыртта калбоо жөнүндө айтып, айланадагы окуяларга сереп салып келди.

Анын «Кылым карытар бир күн» романында, Найман эне менен баласынын образдары аркылуу – бүтүндөй дүйнө элинин окурмандарынын көңүлүн бура алды. Романда, каардуу душман баланын башына төөнүн терисинен жасалган ширини кийгизип койгондо, ак сүтүн берип чоңойткон эне баласын издеп келгенде, баласы өз энесин тааныбай маңкуртка айланып, энесин атып өлтүргөнү эмне деген кайгылуу окуя.

Бул жөнүндө жазуучу, дүйнөлүк деңгээлде «маңкурт» деген жаңы терминди кийригени болду. «Найман эне», «Эне Бейит» уламыштары жалаң эле кыргыз эли гана эмес, дүйнөдө болуп өткөн тарыхый окуяларды адам баласы эсинен чыгарбай айтып жүрүүсүн, элдердин келечекте турмушу кандай болот деген ойду ортого салат. Ч. Айтматов чыгармадагы «маңкурт» идеясын өзү таппаганын, аны «Манас» эпосунан алганын айтат: «…Баланы кармап алалык, башына шири салалык, үйгө алып барып кыйнайлык…».

«Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» чыгармасында, адам баласы дүйнөдө өлбөстүктү кантип сактап калуу керек деген философиялык ой жүгүртүүнү жогору койгон. Ааламдашуу мезгилинде «майда улуттардын келечеги эмне болот?» — деп, тынчсызданган. Чыгармадагы нивхи аңчыларынын турмушуна кайрылып, кайыктагы жашоо менен чоң жердеги жашоону салыштырып, жашоо үчүн күрөш кандайча болорун айтат. Охот деңизинин балыктарына аңчылыкка чыккан балыкчылар, бир эле убакта жаратылыштын каардуу күнүнө дуушар болушуп, кандай болсо, бир адам аман калуусу үчүн көздөн учкан жээкти эңсеше, өмүр канчалык кымбат, өлүм канчалык жакын деген ойду айтат. Күндөр өтүп, туман баскан деңиздин үстү ачылып, кайыкта жалгыз бала Кирисктин аман калганын сүрөттөйт. Ч.Айтматов жазгандай: «Акыл теңирден, өнөр жашынан» – деп улуулардын айтканын, ошондой эле «Жаман мерген – ашка жүк, башка жүк» деген уламыштарды пайдалана билген. Ичер суу канчалык кымбат экени, суусуз өмүр болбосун айтып, кайыктагылар бир баланын өмүрү үчүн жалгыз Кирискти калтырышат. Мында өлүм менен өмүрдүн ортосу бат эле болорун айткан жазуучу жөн гана жазуучу эмес, адамзаат тууралуу дүйнөлүк деңгээлде ойлогон терең ойчул инсан экени байкалат. Качан гана туман ачылып, деңиздин жээгинде Ала дөбөт деген дөң көрүнгөндө, өмүр деген канчалык кымбат экенин Ч.Айтматов айта билген.

Чыгармалары дүйнө элдеринин окурмандарына ушунчалык сиңип кеткендиктен, дүйнө элдеринин 176 ашуун тилинде басылып чыкканы менен белгилүү. ЮНЕСКОнун эсебине кирген дүйнөлүк жазуучу катары, чыгармалары 150 миллионго жакын тиражда жарык көрүп, эң окумдуу жазуучу катары бааланган. Бул жагынан Ч.Айтматов адамзатынын жашоосун изилдеген окумуштуу катары да баалангандыгы бекер эмес.

Ч.Айтматов эл аралык коомдук иштерге жигердүү катышкан инсан катары, жер жүзүндө жашап жаткан ар бир улуттун келечеги кандай болору жөнүндө айта билди. Дүйнөлүк масштабдагы атактуу чыгармачыл инсандарды чогултуп, кеңештерин ортого сала турган «Ысык-Көл форумун» негиздеди. Уюшулган форум боюнча алардын ишмердүүлүгү, тарыхый көз караштары тууралуу анализ жүргүзгөнү эмне деген зор иш.

Ч.Айтматов – дүйнөлүк маанидеги зор саясатчы жана ишмер болгонго жетишти. 2008-жылы май айында түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданият министрликтеринин туруктуу Кеңеши (ТҮРКСОЙ) тарабынан, азыркы мезгилдин мыкты жа-зуучусу, түрк дүйнөсүнүн руханий байлыгы менен ар-намысы катары эл аралык абройлуу Альфред Нобель атындагы сыйлыгына көрсөтүлдү. Бирок Ч.Айматов дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, түрк дүйнөсү күткөн жыйынтык чыкпай калды.

Президент Садыр Жапаров «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты» аттуу китебинде: «Аалам алкагындагы чыгармачыл адабий чөйрөдө Чыңгыз Айтматов агабыздын кадыры калдайып, өзүнчө бараандуу орунду ээлеп турат. Чыңгыз Айтматовдой уулу бар улут катары кайсы гана мамлекетке барбайлы, башыбызды бийик көтөрүп сыймыктанабыз. Демек, Айтматов ааламынын мындан ары да уланып кеңейишине кам көрүү, аны дүйнөгө даңктап – даңазалоо менен бирге улутубуздун атын чыгаруу ишин үзгүлтүксүз жүргүзүү, ошондой эле келечек муундарга Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы айтылган акыл-кенчтин тарбия-таалимин, жүрүм-турумдук, ойчулдук сапаттарын, улуу нравалык касиеттерин ачып, тереңдетип окутуу – демейдеги аткарылуучу милдетибизге айланышы учурдун талабы» – деп акыйкат айтканы бар.

К.БИЙЛИБАЕВ,
тарых илимдеринин кандидаты, доценти

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар