Суббота, 27 апреля, 2024
4.1 C
Бишкек

Ооруну жашырсаң…

2023-жылы милиция органдарына үй-бүлөлүк зордук-зомбулук тууралуу 13,1 миң маалымат түшүп, 591 кылмыш иши козголгон.

Тартип бузуулар кодексинин 70-беренеси («Үй-бүлөлүк зомбулук») боюнча 2886 протокол түзүлгөн. Анын ичинен 1214 киши соттун чечими боюнча коомдук жумуштарга тартылган. 1006 киши камакка алынган.  391 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.

«Кол сынса жең ичинде…» демекчи, үй-бүлөлүк зомбулук үй-бүлөнүн ичинен сыртка чыкпаган, жаап-жашырылган кылмыш болуп саналат. Жабыр тарткандар, дээрлик бардык учурда аялдар болушат, эки-үчтү төрөп-түшүп эне болгон бечара аялзаты үй-бүлөнү сактап калуу максатында укук коргоо органдары түгүл, үй-бүлөлүк чырды эч кимге айтпай, жадагалса өз ата-энесине бир ооз билдирбей, көз жашын балдарына да көргөзбөй, жүрө беришет. Укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган учурда да, арызын кайтарып алган учурлар толтура. Мунун өзү укук коргоо органдарынын ишине тоскоолдук жаратып, акыры алар үй-бүлөлүк чыр болгондо, эрди-катын урушат, эси кеткен болушат дегендей мамиле жасап калышат.

Үстүбүздөгү жылдын 2-январында Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Ирелеш айылында үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан кайгылуу окуя эки кыздын энесинин өлүмү менен аяктады. 23 жаштагы Айкыз Калмурза кызы таламандын так түшүндө күйөөсү колдуу болуп каза таап, артында 6 жана 4 жаштагы эки кызы калды.

Маркумдун кайненесинин айтымында, уулу менен келини жети айдан бери чогуу жашабай жүрүп, ошол кайгылуу окуянын алдында жарашып, уулу келинин үйүнө апкелген экен. Келин баягыдай эле өз милдетин аткарып, кайнененин ичи жылып, 1-январда уулунун туулган күнү болуп, үйүнө коноктор келиптир.

Анын эртеси, айылында той болуп, кайнене неберелериме, келиниме деп аш көтөрүп келген. Келини тамактан жеп, жолго камдап койгон түйүнчөктөрүн алып, сыртка жөнөгөн. Улуу небереси колун жаңсап, апасынын үйдөн кетип жатканын чоң энесине түшүндүрүп, «Кетпе» деп апасынын жолун торогон. Апасы аны да алып кетейин десе, кыз макул болбой койгон. Кайненеси кошуналарына барып, «силер да айткылачы, мени укпай жатат» деген. Келин кошуналарынын да, уулу Жаңылбектин да токто, үйдө кал дегенин укпай, үйдөн чыгып кеткен. Эмне айла кыларын билбей, шалдырап отуруп калган баласы бир маалда кызымды чоң жолго чейин көтөрүп, жеткирип коеюн деп, артынан чуркап кеткен. Арадан 10-15 мүнөт өтпөй эле келини тууралуу суук кабар уккан.

Каза болгон Айкыздын жакындарынын айтымында, аны 2-январь күнү көчөдө кайын журтунан качып бара жаткан жеринен кармап алып, өзүнүн күйөөсү өлтүрүп койгон.

Айтымда, маркум келин да, анын жолдошу да 1-топтогу майып болушкан. Экөө да сүйлөй албагандыктан, эки бакыр бир тукур болуп турмуш курушкан. Азырынча эки тарап өз чындыктарын айтууда. Эми сөз укук коргоо органдарында калды.

Бул окуя Жогорку Кеңеште каралып, депутаттар укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акылары көбөйсө да, кылмыштуулуктун саны азайбай эле жыл санап көбөйүп баратканын, жарандарыбыз көчөгө чыккандан да коркуп калгандарын айтып, милиция кызматкерлери алдын алуу иштерин жүргүзбөгөндүктөрүн, алар иштеши керектигин белгилешти.

ИИМдин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, 23 жаштагы муунтулган Айкыз буга чейин бир да жолу милицияга күйөөсүнүн урганы тууралуу кайрылган эмес.

Бул окуяга байланыштуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу: “Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болду.

Атайын кайрыламын, урматтуу кыз-келиндер! Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар! Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз! Эне бар, үй-бүлө бар, Мекенибиз болот!»”, — деп билдирүү жасады.

Жаш эне эки-үчтү төрөгөн соң да, күйөөсүнөн зордук-зомбулук көрө бергенин, аны кайната, кайненеси билип туруп унчукпаганын кандай түшүндүрүүгө болот. Демек, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукта токмок жеген аялдын күйөөсү менен катар эле тиешелүү органдарга билдирбегени үчүн кайната, кайненеси да, зордук-зомбулук фактылары тууралуу кабар албаганы үчүн милиция кызматкери да “соучастник” катары мыйзам алдында жоопкерчилик тартууга тийиш. Мына ошондо барып, милиция органдарынын бизге кайрылган эмес, биздин кабарыбыз болгон эмес деген шылтоосу түгөнөт. Болбосо, биз үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту азайта албайбыз.

2-январда Кадамжайда үй-бүлөлүк зомбулук 23 жаштагы келиндин өлүмү менен аяктаса, Лейлектин Ак-Арык айылында 34 жаштагы эркек аракка тоюп алып, аялын уруп салган. Айласы куруган аял арызданып, милиция органдарына кайрылган.

Бул окуядан көп узабай, Сузак районунун Көк-Арт айылында 38 жаштагы аял жаракат менен Сузак райондук ооруканасына түшүп, аны күйөөсү балка менен башка урганы белгилүү болгон. Балким, бул окуяда аял ооруканага түшпөсө, жабылуу аяк жабылуу бойдон калмактыр…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар