Суббота, 27 апреля, 2024
4.1 C
Бишкек

Олимпиада чемпиону Мария Кулчунова (Пинигина) 

XXIV жайкы олимпиада Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында 1988-жылы 17-сентябрдан 2-октябрга чейин болгон. Ага 160 өлкөдөн 9633 спортчу катышкан. Буга көп өлкөнүн катышканы идеологиялык күрөштүн токтогону себеп болгон. 1-орунду СССРдин (55 алтын, 31 күмүш, 46 коло медаль), 2-орунду АКШнын, 3-орунду ГФРдин курама командалары ээлеген.

Сеулда допингге каршы кү-рөш күчөгөн. Канадалык жөө күлүк Бен Жонсон, Болгариянын оор атлетчилери жана башкалар допинг колдонгондуктан дисквалификацияланышкан.

СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, Олимпиада чемпиону Мария Жумабаевна Кулчунова (Пинигина) – кыргыз жана бүткүл дүйнөлүк спортунун легендасы. Себеби, анын Сеул шаарындагы Олимпиада оюндарындагы жетишкендиги Гиннес рекорддор китебине кирип, расмий катталган. 1988-жылы Татьяна Ледовская, Ольга Назарова жана Ольга Брызгина менен бирге 4х400 метр аралыкка эстафеталык жарышта дүйнөлүк рекорд (3 минута 15,18 секунда) койгон. Мындай көрсөткүчкө азыркы убакта да дүйнөлүк жеңил атлетиканын бир дагы жылдызы, мыктылары жете элек.

Ошондой эле Мария – Кыргызстандын жана СССРдин көп жолку чемпиону жана рекордчусу, Европа чемпиону, дүйнө жана Европа кубокторунун жеңүүчүсү.

Ал бир топ жылдан бери Россиянын Якутск шаарында жашайт. Себеби, анын өмүрлүк жубайы, улуту якут Павел Пинигин. Ал да спортчу, эркин күрөш боюнча олимпиада жана дүйнө чемпиону. Алар үч уулду тарбиялап өстүргөн бактылуу үй-бүлө. Мария жыл сайын Кыргызстанга – туулган жерине, бир туугандарына келип турат.

Мария Кулчунова 1958-жылы Чүй облусунун Ивановка айылында төрөлгөн. Атасы Жумабай Нарын облусунун Ат-Башы районунун 1-Май айылынан болот. Мариянын чоң спортко кадамы 1970-жылдары башталган. Фрунзе шаарындагы Н.К.Крупская атындагы спорттук жатак мектепте билим алып, тагдырын спортто сынап, урмат-сыйды да спорттон тапты.

Ал эң биринчи байгеси – тамакка талон болгонун айтып, күлүп калат. Окуя мындайча болот. Токмок шаарында мектеп окуучуларынын спартакиадасына катышып, 60 метрге жарышта, марага озуп, биринчи келет. Ал мелдеште жеңүүчүлөргө байге каралбагандыктан, тамак ичкенге гана талон берилиптир.

Мария 5-класста окуп жүргөндө эле, курбуларынан кыйын чуркап, спортко шыктуу экени байкалган. Спорттук жатак мектепке келүүсүнө эжеси Жамийла жардам берет. Ал бардык талаптарды аткарып, машыктыруучу Владимир Зелинскийден таалим-тарбия алат. Мария чыдамкай, мээнеткеч болгондуктан спорттогу ийгиликтерди жаратып, адистердин көңүлүн бурган.  Айрыкча жеңил атлетиканын жүгүрүү түрүнөн Союздук мелдештерде жеңишке жетишип, өлкөнүн курама командасынын катарына кошулуу ал мезгилде кыйын эле.

– Спортту керемет ажайып үй катары элестетсек, анын пайдубалы – табият тартуулаган жөндөмдүүлүк, шык. Ал эми анын дубалдары менен тунукеси – талыбаган эмгек, кажыбаган мээнет. Темирдей бекем эрк, жеңишке умтулуу, чыдамкайлык, ишеним, чуркоонун техникалык ыкмаларын терең өздөштүрүү гана спорттук бийиктиктерди багынтууга өбөлгө болот. Эң башкысы адам өзүн өзү таанып билип, өзүн жеңе билгенге жетүүсү зарыл, – дейт олимпиада чемпиону Мария Кулчунова.

Ал 9-класста окуп жүргөндө “Правда” гезитинин байгесине арналган Бүткүл союздук мелдеште баш байгенин ээси болуп, алтын медаль тагынган. 17 жашында “СССР спортунун чебери” деген ардак наамга арзыган. Күнүгө 10 километр чуркап, чеберчилиги жогорулап, эмгекчилдиги, аракетчилдиги менен спорт адистеринин көңүлүн бурган. СССРдин жаштар тандалма командасынын катарына кабыл алынып, СССР-АКШ жеңил атлетикалык жарыштарына катышып, чоң спорттогу жолу ачылат. Ал 400 метрге чуркоого адистешип, жүгүрүүнүн сырларын терең үйрөнөт. 1978-жылы Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өткөн мелдеште 400 метр аралыкты 50, 83 секунда чуркап өтүп, келечекте дүйнө, олимпиада чемпиону болооруна үмүткөр кылган.

Анын устаты Владимир Зелинский Украинага кеткенде, Марияны да Киевде машыгып, ошол жактагы Дене тарбия институтунда окууну, спорттук бийиктиктерди багынтууну сунуш кылган. Ал жакта машыгууга да мыкты шарт бар эле. Ошол учурдагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Дөлөн Өмүрзаков Мариянын Украинага кетүүсүнө каршы болуп, бул маселе СССРдин спорт жетекчилеринин кийлигишүүсү менен араң чечилген. Алар мындай орток чечимге, келишимге макул болушуп, “Мариянын союздук жана эл аралык мелдештердеги спорттук ийгиликтери Кыргызстан менен Украинага бирдей жазылып, эки рес-публикага тең таандык болсун” деген чечимге келишкен. Ошентип анын жеңиштери Кыргызстандын энчисине да жазылып, кыргызстандык жөө күлүк деп айтылып турган.

1979-жыл ал үчүн күтүлбөгөн ийгиликти тартуулады. СССР элдеринин VII спартакиадасында 400 метрге жарышта марага 49, 17 секунlда биринчи келип, дүйнөлүк рекордго жаңы чек койгон. Андан кийин СССРдин тандалма командасынын катарында 4х200 метрге эстафеталык жарышта дагы 1 мүнөт 30 секунда келишип, дүйнөлүк рекорд жаңыртышкан.

1979-жылы бир жылда Мария 52 ири мелдештерге катышып, күч-кубатын кетирип койгон. Дүйнөлүк жеңил атлетчилер өздөрүнүн табын билип, жылына эки-үч гана эл аралык мелдештерге катышат. Ал эми Мария бир жылда 52 ири мелдешке каты-шуусу болуп көрбөгөндөй энергияны, күч-кубатты алып койгон. Ошондуктан 1980-жылкы Москва олимпиадасына катышпай калган. Андан башка дагы бир себеби, ошол жылы 1976-жылкы Монреаль олимпиадасынын чемпиону Павел Пинигин менен таанышып, экөө баш кошуп, үй-бүлө түйшүгү да моюнга илинген.

Анан тун уулу Павлик төрөлүп, 1982-жылы гана кайрадан машыгууларын улантып, 1983-жылы  Хельсинки шаарында өткөн дүйнө чемпионатында эки коло медаль тагынып, Европа Кубогун утуп, Франциядагы  Европа чемпионатында алтын байгенин ээси болгон. Советтик спорт жетекчилердин саясый шылтоосу менен бойкот жарыялаганынан улам табында турган Мария 1984-жылкы Лос-Анжелес олимпиадалык оюндарына катыша албай арманда калган. Бирок, 1987-жылы Италиянын Рим шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 4х400 метр эстафеталык жарышта марага экинчи келип, күмүш медаль тагынган.

Карапайым кыргыздын кызы Мария Союзга гана таанылбастан, СССРдин курама командасынын катарында 1988-жылы Сеул олимпиадасында мөрөй талашып, олимпиадалык бийиктикти багындырып, алтын медалга арзып, олимпиада чемпиону болгону сыйлыкка бөлөйт. Түштүк Кореядагы советтик жөө күлүктөрдүн  эстафеталык жарыштагы олимпиадалык рекорду азыркы убакка чейин сакталып, жаңыртылбай турат.

Сеул олимпиадасында алтын медалды жеңип алгандан кийин Мария чоң спорттон кетип, «Спартак» коомунда машыктыруучу болуп жүрдү. Жаштарга насаатчы болуп, бай тажрыйбасын бөлүштү. Анан ишкерлик менен дагы алектенип көрдү.

Анын өмүрлүк жары Павел Пинигин да «СССР спортуна эмгек сиңирген чебер», дүйнөнүн, олимпиаданын чемпиону. Эркин күрөш боюнча Саха Республикасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенип келүүдө. Ошондой эле учурунда күрөштөн дүйнө, Азия чемпионаттарында, Азия оюндарында Кыргызстандын калысы болуп да кызмат өтөгөн.

Мария Кулчунова Кыргызстандын “Даңк” медалы, Якутиянын эң жогорку сыйлыгы “Полярная звезда” ордени менен сыйланган.

Атасы Жумабайдын түпкү теги – ат-башылык. Совет доору башталганда чоң атасы кулакка тартылып, Сибирге сүргүнгө айдалган. Кийин Кыргызстанга Ивановка айлына көчүп келишкен. Атасы жол мастери болуп иштеген.

Бир тууган иниси Алманбет Кулчунов да спорт ишмери, Кыргызстандын спорт чебери, топ хоккейи боюнча 2011-жылы Астана жана Алматы шаарында өткөн 7-Кышкы Азия оюндарынын коло байге ээси. Көп жыл Нарын шаарындагы балдар спорт мектебинде  футбол, хоккей боюнча машыктыруучу болуп иштеген. Учурда ардактуу эс алууда.

Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар