Суббота, 27 апреля, 2024
8.1 C
Бишкек

Баланы эмдетүү – ата-эненин милдети

2023-жылы кызамыкка кабылгандардын саны 7 миңден ашып, 9 бала чарчап калган. Ал эми жыл башынан бери өлкөдө кызамык менен ооруган 536 учур катталды. Оорунун кесепети, эмдөөнүн маанилүүлүгү жана ага диндин көз карашы тууралуу төмөнкү материалдан окуй аласыздар.

Педиатр-дарыгер Дилара ИСКАКОВА: “Кызамык мээни жабыркатып, өлүмгө алып келет”

– Кызамыкты подъезддик инфекция деп атайбыз, себеби көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатынан бир бала ооруса ошол кабаттагы бардык балдарга жугат. Башкача айтканда, өтө тез жуга турган вирустук инфекция.

Кызамыктын алгачкы белгилери сасык тумоонукуна окшош. Андан соң баланын дене табы 39-40ка чейин көтөрүлүп, 3-4 күнгө чейин түшпөйт. Шалдырап, көзүнөн жаш агат, жөтөлөт, 3-4-күндөрү денесине кызыл тактар чыга абаштайт. Кызамыктын башка инфекциялык оорулардан айырмасы – кызыл тактар этап-этап менен чыгат. Биринчи күнү бетине, экинчи күнү денесине жайылып, үчүнчү күнү бутуна түшөт. Тактар чыкканда деле баланын ахыбалы жеңилдебейт, бала абдан кыйналып, интоксикация (организмдин сырттан келген же организмде пайда болгон уудан жабыркашы) катуу жүрөт. Баланын тамакка табити тартпай, шалдырап, жанын коёрго жер таппай калат. Оору кичинекей балдарда кандай катуу өтсө, чоңураак балдарда деле ошондой өтөт.

Бул оорунун эң коркунучтуусу – баланын иммунитети түшүп кеткендиктен, организм пневмония, менингит, энцефалит (вирус, бактерия жана уулануудан улам мээнин сезгениши) өңдүү коркунучтуу ооруларды да кабылдашы мүмкүн. Кызамыктын эң жаман жери – бала жакшы болгон күндө да, 3-6 айга чейин балдарды өлүмгө алып келе турчу же майып кылуучу кооптуулугу бар. Себеби, бул оору мээни жана мээнин бөлүктөрүн жабыркатат.

Албетте, эмдөө кооптуу, коркунучтуу деген ооруларга жасалат. Кыргызстанда 13 ооруга каршы эмдөө жүргүзүлсө, алардын бири кызамык оорусу. Бул оорунун алдын алуу максатында 1 жашта анан 6 жашта кызамыкка каршы эмдөө жүргүзөбүз. Азыркы учурда жаңы төрөлгөн балдарда дагы кызамык катталып жатат, себеби, энелери эмдөө албагандыктан, аларда кызамыкка каршы иммунитет жок.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара ИШЕНАПЫСОВА: “Ата-эне да мыйзам чегинде жооп берет”

–  Саламаттык сактоо министрлигинин статистикасына таянсак, 2023-жылы өлкө боюнча кызамык менен ооруган 7046 учур катталып, 9 бала чарчап калган. Алардын ичинен 24%ы эмдөө алганга жашы жете элек болсо, 46%ы эмдөөдөн баш тарткандар жана эмдөөнүн экинчи дозасын ала электер арасында да катталды. Тилекке каршы, чарчап калган балдарыбыздын баары 1 жаштан 14 жашка чейинки эмдөөдөн баш тарткан балдар болуп чыкты. Сурамжылоолордон ал балдардын ата-энелери диний көз караштан улам баш тартканы белгилүү болду. Кызамык менен ооруганда балдардын өнөкөт оорулары да курчуп, өлүмгө алып келген.

Бир жыл бою ата-энелерге маалыматтарды берип, түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп келе жатабыз. Аны эмдөө пайызыбыз (95%) далилдеп турат. Буга албетте, Муфтият, казыяттардын да салымы чоң. Дин иштери боюнча улуттук комиссия 2019-жылы февраль айында фатва кабыл алган. Анын негизинде жарандарыбызга жума намаздарында мечиттерде маалымат таратып баштадык. Андан сырткары диний көз караш менен эмдөөдөн баш тартууну жоюу деген резолюция кабыл алып,  жергиликтүү бийликтер, маалымат каражаттары Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.

Эмдөөнүн баары акысыз. Эгер вакциналар кооптуу болсо Министрлер Кабинети жылына 125 млн.сом бөлүп бербейт эле. Биздин Салматтык сактоо министрлиги, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму GMP стандарт менен кепилдик берип, андан тышкары дары-дармек департаменти сертификациядан өткөрүп анан жарандарыбызга жетет. Ошондуктан, Министрлер Кабинети, Саламаттык сактоо министрлиги, Муфтият, коом айтып атканына карабай, ата-эне баланы эмдетпей өлүм учуруна алып келсе, мыйзам чегинде жооп берет.

Муфтияттын халал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы ТОКТОГАЗЫ уулу: “Динде эмдөөгө тыюу салынбайт”

– Динде эмдөөгө эч кандай тыюу салынбайт. Муну биз жарандарыбызга түшүндүрүп келе жатабыз. Менин баамымда, акыркы жылдары диний көз караштан улам балдарды эмдетүүдөн баш тарткандар азайып калды. Бирок, дагы эле кээ бир ата-энелерге эмнеге эмдетүүдөн баш тарттыңар десе, динди шылтоологондор бар. Албетте, биз элге туура түшүндүрмө бергенге аракет кылып жатабыз. Балдары ооруп калганда эмдөө алып койсок болмок экен деген ата-энелер да көбөйдү. Медициналык кызматкерлер да жарандарыбызга эмдөөнүн курамында эмнелер бар экенин, анын кооптуулугу жок экенин айтып, ынандыра тургандай түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.

Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”

Материалдын видео версиясын “Кыргыз Туусу” ютуб каналынан көрө аласыздар

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар